Кара- Суу районунун мугалимдери А. Алтыбаевага армандарын айтышты

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 16, 2015 08:46

Кара- Суу районунун мугалимдери А. Алтыбаевага армандарын айтышты

7 16 июнь, Бишкек. Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагындагы №88 орто мектептин мугалимдери менен жолугушту.

Жолугушууда мугалимдер билим берүү жаатында орун алган бир катар көйгөйлөрдү көтөрүп, айрыкча башкапкы класстардын ашыкча толушу билим берүү сапатына терс таасирин тийгизе турганын айтышты.

«Бир класста 40 окуучу болсо, алардын ар бири менен иштешүү кыйын», — дешип, алар баштапкы класстын окуучулары мугалимдер менен жекече иштешүүгө муктаж экенин айтышты.

Андан сырткары, мугалимдерди окуучулардын тетрадын текшерүү төлөмүнүн аздыгы да тынчсыздандыра турганы, ал үчүн маянасына 22 сом гана кошулары белгилүү болду. Ошондой эле, алардын мектептерге көчмө медициналык комиссия уюштурулса деген тилеги бар. Алар медициналык комиссиядан өтүү үчүн райондун борборуна барууга аргасыз. Мугалимдер акы төлөөсүз көчмө тестирлөөнү уюштуруп берүү өтүнүчү менен кайрылып жатканын айтышты.

Депутат А.Алтыбаева айтылган маселелерди тиешелүү министрликтерге жеткирерин билдирди.

 

Салтанат Жакыпова, “Азияпресс”

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 16, 2015 08:46

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина