Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы шайланды
Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы болуп Байсариев Арсен Русланович шайланды. Мындай чечим 17-декабрда кабыл алынды. Буга чейинки төрага Алмаз Аалыев кызматтан мөөнөтүнөн мурда кеткендигине байланыштуу шайлоо өттү. Жергиликтүү кеңештин төрагасы кызматына эки депутат ат салышты. Алар: Рыскулбек уулу Нурмат (КСДП) жана Байсариев (КСДП).
Шайлоонун жыйынтыгында Байсариев 16 добуш, Рыскулбек уулу 11 добуш алды. Ал эми үч депутат баарына каршы добуш беришти.