Кант шаарынан ок атуучу курал сактап жүргөн жаран кармалды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 11:59

Кант шаарынан ок атуучу курал сактап жүргөн жаран кармалды

7 Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан В аттуу адам ок атуучу курал сактап, аны сатып жок кылууга аракеттенип жүрөт деген ыкчам маалымат алышкан.

Бул маалымат кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Сотко чейинки жүргүзүлгөн өндүрүш ишинин алкагында Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы көчөлөрдүн биринен 23 миң сомго жогорудагы ок атуучу куралды сатуу учурунда мурда бир нече жолу соттолгон 42 жаштагы Чүй облусунун жашоочусу М.В. кармалган. Алынган тапанчага зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран ал тапанчаны таап алганын билдирген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 11:59

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина