Кант кызылчасын кабыл алуу иши башталды

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 5, 2020 11:57

Кант кызылчасын кабыл алуу иши башталды

10 29- сентябрда  ОАО «Кайыңды — Кант» Токмоктук  кант кызылчасын кабыл алуу пункту ишин баштады. Учурда аталган  ишканада  46 кызматкер эмгектенет.  Буга чейин  ишкананын  жабдуулары   оңдоо иштеринен өтүп, кант кызылчасын кабыл алуу иштерине даярдыктар жүргүзүлүп келди.  Быйыл  Чүй районунда кант кызылчасы  1100 га жер аянтына себилген, былтыркы жылга караганда 2 эсе  аз жер аянтына  себилди.
         Ага  кумшекердин арзан баасы,  натыйжада дыйкандардын эмгеги акталбагандыгы жана  быйыл алардын көбү чыгымдары аз, кирешеси көп   жүгөрү азыгын себүүгө ниеттенүүсү  себеп болду.
ОАО «Кайыңды Кант» Токмоктук  кант кызылчасын кабыл алуу пунктунун мүдүрү  Бактыбек  Зайырбекович  Абдыкалыковдун айтымында, быйыл кант кызылчасы  былтыркы баанын деңгээлинде эле  килограммы  3 сом 20 тыйындан кабыл алынат. Башкача айтканда,  1 тонна кант кызылчасына 77 килограмм кумшекер берилет. Кант кызылчасын кабыл алууда бардык агротехникалык  шарттарды сактоо менен  анын тазалыгына  өзгөчө көңүл бурулмакчы.  Келишим боюнча  үрөндүн себүү бирдиги  100  миң  даана үрөндү  түзөт,  ал  1 гектар жер аятына эсептелген.  Быйыл дыйкандарга   1100 даана үрөн сатылды.  Учурда кант кызылчасын кабыл алуу пунктунда мурдагыдай узун кезекте турган унаалар байкалган жок.  Кабыл алуу  иштери таңкы саат 8.00 ден кечки  саат 20.00 ге чейин жүргүзүлөт. Бактыбек Зайырбекович  Абдыкалыков билдиргендей,  ишкана күнүнө 2300 тоннага чейин кант кызылчасын кабыл  алууга жетишип,  ишин декабрь айына чейин улантмакчы.

Б.Байдылдаева

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 5, 2020 11:57

Приемная кампания 2020

Элдик медицина