Камкордукка алынган үлгүлүү балдар үйү

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 3, 2017 12:00

Камкордукка алынган үлгүлүү балдар үйү

 DSC00646 3 июль, Бишкек. Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагында жайгашкан балдар үйү, ал жакта тарбияланып жаткан балдардын жашоо-шарты жана жайкы эс алуусу тууралуу балдар үйүнүн директору Масылов Аскар Саражидиновичти кепке тарттык.

-  Аскар Саражидинович, балдар үйү жөнүндө кыскача токтоло кетсеңиз.

— 2016-2017-окуу жылында баардыгы болуп 120 бала тарбияланууда, анын ичинен 66сы тоголок жетим балдар. Калгандары социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлѳдѳн, толук эмес үй-бүлѳдѳн келген жана ушул сыяктуу себептер менен тапшырылгандар.  Азыр 5 баланы кайрадан  ата-энеси үйүнѳ алып кеткендигине байланыштуу  учурда 115 бала тарбияланып жатат. Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча социалдык жактан ѳнүгүү башкармалыгы балдарды 6 айга чейин убактылуу бере алат, 6 айдан кийин соттун чечими менен балдар ата-энесине же балдар үйүнѳ кайтарылып берилет. Бул жерде социалдык кызматкерлердин иштегенине жараша болот. Эгерде ата-эне кайрадан жакшы жашоого кайтып, баланы толук камсыз кылып ала турган болсо анда ата-энеге берилиши толук мүмкүн, бирок 6 айдын аралыгында ата-эне балдарга тиешелүү шартты түзүп бере албагандактан балдар кайрадан бизге кайтарылышы толук ыктымал дегеним, бул практика жүзүндѳ болуп жаткан кѳрүнүш.  Ошондуктан 14 бала азыр бизде убактылуу тарбияланып жатат.

- Билим берүү жагы кандай каралган?

— Билим берүү жагынан алып карасак, биздин окуу программабыз кадимки мектеп программасы менен жүргүзүлѳт. Балдар 1-класстан 9-класска чейин окуп тарбияланышат. Дагы белгилеп кетүүчү жагдай, биздин артыкчылык — бул бизде окуп жаткан балдар 8-9-класста кесиптик багытта окуп, сертификаттарды алышат. Улан-кыздар үчүн атайын ѳнѳрканабыз бар, ал жактан балдар бир нече кесипке окуп үйрѳнүү үчүн шарттарды түзгѳнбүз. Кыздар үчүн ашпозчулукка, тикмечиликке, чач тарач жана узчулук ѳнѳрлѳрүнѳ даярдайбыз. Бизден тарбияланып чыккан балдар келечекте ѳз ордуларын таап, уядан учканда мындан аркы жашоосун улап кете алат деген ойдобуз.

- Балдардын жайкы эс алуусун кандай пландап жатасыздар?

— Жыл сайын биз Кыргыз Республикасынын профсоюздар  федерациясына  балдарды эс алдыруу максатында лагерлерге жолдомо берүүсү үчүн каттарды жѳнѳтүп турабыз. Бизде баардыгы 120 бала болгондуктан толук болбосо да 60-70 балага жолдомо берип турушат. Мындан сырткары, шаардык фонддор менен иштешип атабыз. 9-класстын окуучуларын Соң-Кѳлгѳ эс алдырып келишти жана Балдар үйү аралык спартакияда болуп турат. Азыр 12 балабыз катышып жүрүшѳт.

- Сиздерге  жардам берген демѳѳрчүлѳр тууралуу дагы айта кетсеңиз…

— «Тика» түрк компаниясы демѳѳрчүлүк кылып, спорттук жабдыктарды коюп беришти, жана дагы «Элим, барсыңбы?» аттуу долбоордун жардамы менен 1,5 сотых  жерге күнѳскана куруп алдык. Жакында эле Япон элчилигине долбоор жаздык эле, алар дагы келип кѳрүп кетишти (мебелдерди алмаштырып берүү үчүн), эми ошол долбоор ѳтүп кетүүсүн күтүп жатабыз. Мындан 3 жыл мурун Герман элчилиги менен биргеликте долбоор жазып мектебибиздин эшик-терезелерин жаңыртып алдык. Бул долбоор 700-800 миң сомдук долбоор болчу. Учурдан пайдаланып демѳѳрчүлѳргѳ ыраазычылыгыбызды билдире кетмекчимин.

Айнура ЖАНЫШОВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 3, 2017 12:00

Парламент

Элдик медицина