КАМ САНАБА, АТА ЖУРТ!

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 24, 2019 11:03

КАМ САНАБА, АТА ЖУРТ!

8 Чүйдүн мыкты инсандары

ФСБ нын (КГБ) полковниги, СССР спортунун мастер-ардагери, учурунда нечен жылдар бою өлкөбүздүн волейбол боюнча курама командасынын алмаштыргыс капитаны катары (ал кезде спорттун бул түрү боюнча кыргыз жигиттеринин ичинен чыккан спортчу жалаң орус волейболчуларынан турган курама команданын башчысы болмок тургай, ага алынгандары жокко эсе болчу) бүткүл союзга кеңири таанылган, бир аз  болсо да колу бошой калганда же бир ыңгай чыгып, же ички дүйнөсүнүн жан түртүмү менен колуна комузун алып кол ойнотуп чертип, ага куп жараша улам бийиктей обологон, укканды тамшандыра өзүнө бүт багынтып алчу кадимки баритон үндүү, жүрөгүндө ысык да, муздак да жалыны бар, колдору “таптаза”, ошондой эле деңгээлде кичипейилдиги менен кеңпейилдүүлүгү тышына чыгып, бу касиеттердин бардыгы келишимдүү жүз-келбетинен эле байкалып турган Асаналы Курманбеков аттуу инсан тууралуу, ооба, айтсак, сөз бүтпөй, жазсак, кагаз түтпөй тургандай туюлат жана ал жөнүндө барандуу, далайларга  сабак да, таалим да болорлук, Ата-Журтубуздун табият, нарк-зыйнат жана таламдарына үндөшүп турганкызыктуу баян али алдыда турат негизинен даярдалып. Бирок, ошондой болсо да, азырынча бул кесипкөй чекисттин, атактуу спортсмендин, бир нече көркөм өнөрлөрдүн ээсинин татаал, бирок жаркын жактары арбын турмушунун кичинекей үзүмдөрүнө чындап арзуу менентоктолокетсек…

… Улуу болсо да, караан-элеси убак өткөн сайын үлдүрөп көрүнүп-көрүнбөй бараткан тээ жаш кездерден бери  мага, байкамымда, ооба,  мындай инсандар көптөгөн башкаларга деле ушинтет, жакын жолдошундай, чыны,инисиндей мамиле жасаган, мен да анын жанында ачылып-чачылып, бир тууган агамдай көрүп жүргөн Асакеникине бараттым дайымкы шашмалык бар болсо да а күнү бир аз кечигип, албетте, күттүрүп. Экөөбүздүн сүйлөшө, кеңеше турганыбыз дайым көп, ар жолу убакыттын тардыгынан сөзүбүз бүтпөй, жолуга да албай калган учурлар болуп.

Бийик үйдүн лифти менен сегизинчи кабатка көтөрүлүп, коридорунун полуна бутум тийип-тийбей жатып тык токтодум демди ичке ала, кимди-эмнениби, ошондо  кулагым менен көрчүдөй башты кыйшайтып, ооба, бир нерсени издеп – анткени ушу маалда катуу болбосо да бир укмуштуудай ыр кадимкидей жаңырып атты, мени,  жанымда башка кишилер жок болчу, толугу менен өзүнө ыктата, табышмактуу да, улуу да арманды кымтылай, “мына, мен айтып атам, баарың уккун…” – дегендей кейиптенип.Бат эле түшүндүм, мындай күчтүү да, жагымдуу да да баритон кимге тиешелүү экенин. Далай жолу уккам, бирок бу ыр башкаларына эч бир жагынан окшош эмес болчу. Карасам, квартиранын эшиги ачык экен, мени күткөнү го, анан, босогого башым кирип-кирбей радиону шак өчүрүп салган тейде ыр токтоп, заматта мени утурлап Асаналы агам көрүндү. Ылдамдыгын билчүмүн, “сак да экен”, – деп койдум ичимен.

Бу терең да, бийик да, муңдуу да, созулганда башыңан бутуңа чейин ысытып-муздата таасир эткенырдын сыры, кимге арналып жазылганы, ким үчүн ырдалып атканы мага белгилүү. Бу тууралуу азырынча сөз кылынбайт, буйруса, убагы келгенде,ырды Асакенин өзү чоң ареналарда аткарып, аркы-беркисинен бери баян этип берет.

х  х  х

… Асаналы Курманбеков бала кезинде чыйрактыгы менен айырмаланып, “менин атам мындай, укмуш эрдиктерди көрсөткөн…”, деп башка балдар мактана баштаганда, согушка кеткен улууларды билбей калган ал алгач унчукпай, анан беркилердин сөзүн жирей: “Мен чоңойгондо, чоң сүрөтчү болом! Балким, артист же атактуу спортсмен болом!” – деп катуу айтып жиберчү. Минткенде чуулдак тык токточу, анткени баары анын ырдан да, спорттон да, сүрөт тартуу жагынан да кыйын экенин жакшы билишчү. Бою узун болчу сороюп. Кызыгы: ошо кезде улуу байкелери Сопубек Бегалиев, Намырбек менен Сүйөркул Чокморовдор, Солто, Анвар жана башкалар үйлөтүлгөн, бети-башка тийсе оңдурбаган кирзи топ менен волейбол ойноп, оюн караңгы киргиче созулчу. Асаналы бирин-экин курбалдаштары менен кетпей, аянтчадан сыртка чыккан топко баарынан мурда жетип илип алып, оюнчуларды көздөй ыргытып турчу. Бу да ошо кезде анын баркын көтөрчү.

Жаратылышынан ар нерсеге шыктуу келген Асаке колуна кыл калем алып сүрөт тартууда көп нерселерди үйрөнгөн, өзү айткандай, “бир көйнөк жыртарлык” улуу, сүрөтчүлүк гана эмес, өтө мыкты спортчу катары да көрүнө баштаган Сүймөнкул Чокморов менен ынак болчу,  бирок ал убактысынын көбүн сүрөт тартуу менен өткөрүп, дээрлик күнүгө тоо-ташты аралап кетип калчу. Асаке колу бош учурларда ага кошулуп бирге олтуруп, сүрөт тарткан учурлары көп болуптур. Волейбол боюнча мыкты чабуулчукатары таанылып калган Сүймөнкул ага кийин, Репин атындагы сүрөт академиясында окуй баштаганда волейболду таштабайт, бирок көп өтпөй “бу убакытты алып коет экен” – деп чоң спортту токтотуптур. Ал эми Асаналы Курманбековдун спортто жетишкен ийгиликтерин толук баян этип берүү дегеле мүмкүн эмес, антсе да анын спорттук турмушундагы маанилүү учурдан болгон 1960-жылдарга бир аз токтоло кетсек: волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Москва, Ленинград, Харьков шаарларынын, Украина жана Прибалтика  командалары менен толук теңтайлашып, атүгүл артыкчылыктуу да ойноп калган.Баарынан эсте калаарлыгы: Асаналы Курманбеков курама команданын капитаны болуп шайланат Мындай нерсе ал учурда таңкалаарлыктай көрүнүш болгон. Анын үстүнө волейбол, баскетбол, жеңил атлетика өңдүү спорт түрлөрүндө көбүнесе славян улутундагы спортчулар айырмаланып, ал эми команданын башчысы ар дайым ошолордун ичинен шайланып келген, анткени капитан деген жөн эле мыкты ойногону үчүн коюлбай, команданын жан-тиреги болушу керек ал кандай ойносо, кандай жүрсө, бүтүндөй команда үлгү алып.

— Команданын капитаны болуунун мааниси терең экен көп нерсеге башкача, тереңинен каратып. Сонун убак эмес беле… Бизди, спортсмендерди ошондо көпчүлүк билчү, ардактап турушчу. Бир жолу эс алып,опера жана балет театрынын жанынан өтүп баратканбыз. Бир маалда  оюн учурунда башка толгон күйөрмандар менен мен ар бир утуштуу “туш” чапкан сайын: “Бали, бали, менин Манасым!” – деп кыйкырып калчу белгилүү артист Асек Жумабаев алдыман чыгып:

— Омээй, сен абдан бойлуу турбайсыңбы орустардын арасында жүргөндө кичинекей көрүнгөнүң менен. Тиги орустар анда абдан узун турбайбы, — дептир бою 180см.  спортсменди күлдүрүп.

х   х  х

…Асаналы Курманбеков Ысык-Көл облусунун Пржевальскидеги башкармалыгынын биринчи чалгындоо бөлүмүнүн ага опери болуп иштеп аткан кези. Бул кызматка көбүнесе “майор” чининдегилер дайындалчу. “Мыкты спортсмен болуп, элге мурдатан таанылып калганы үчүн эле аны көтөрмөлөп жатышат, биз андан кем иштеп жатыптырбызбы…” – дегендер да чыгат. Асакең буга “чым” этип койбойт, кээде гана: “Аларды ким кой дептир мыкты спортсмен болууга” – дегени болбосо.

Тартип катуу. Көрүнбөс майданда андан бетер. Чекисттердин берки “секреттерине” тиешеси жок бир гана окуяга токтолуп кетсек:Чекисттерге “Пикертык” ашуусуна чыгыш керек болот. Башчылык А.Курманбековго жүктөлөт. Бу топко Россиядан келген Семенов деген капитан кошулат. Өйдөлөп баратканда ал эч кимге сөз бербей бакылдап баратты аттын кулагы менен тең ойногонуна чейин айтып. Башкалары  эч нерсе дебей күлүп коюшат, ага командир баш болуп мактап, абдан кашаң, мурду  доңуздукуна түспөлдөшүп кетчү,  жанына барсаң тиштеп, же тээп да жиберчү “Мотор” деген атты мингизип коюшкан. Ал минилчү эмес. Эми гана бул атка тигилер атайын тамашалап мингизип коюшканын түшүнгөн капитан сөзүн токтотуп, чекарачыларга эмес, негедир бечара атка жинденип камчы үстүнө камчы уруп сабап кирет.

Өйдөлөгөн сайын бороон-чапкын күчөй берди. Бир маалда топтун командири А.Курманбеков: “Барар жерге жетпей калдык. Ашуунун этегинде түнөй албайбыз. Суук катуу. Артка кетели десек, издерибизди кар басып, жол табыш кыйын”, – деп солдаттарга суроолуу кайрылды.

Тажрыйбалуу оперлердин бири: “Аттардын чылбырларын эрдин кашына байлап, ылдый кое берип көрөлү”,- деди.

Мындан башка айла жок эле, бирок аттардын кейпи ушу маалда бир башкача эле: муз баскан аскалардын сүрүбү, калтырап-титиреп, ордуларынан жылбайт тунарган көздөрүн жалдыратып. Ушу маалда алиги кайран “Мотор” башын чулгуй кишенеп алып, мурдун карга тийгизген бойдон  ылдый салды. Башкалары да козголуп, артынан түштү. Ошентип, отряд таң атаарга жакын гана жетээр жерге жетишет.

х  х  х

Бу жарыктыктан эрте кеткен, элеси ар дайым жүрөгүнүн тереңинен орун алган, убактысын, ырын арнаган сүйүктүү жары Бактыгүл эже экөөнүн ата-энелик милдеттери өзүнчө: беш баланын – Айгүл, Айнура, Чолпон, Айгерим, Жаңыл деген татынакай кыздардын, Бакытбек аттуу уулдун атасы менен энеси. Баары жогорку билимдүү, чет өлкөлөрдө жашап жана иштегендери бар.

… Ошентип, бу жолу да Асаке агамдын“жанында болуп”, кайда барса “кошо жүрүүгө” аракеттендим муңдуу ырларды муңдана  угуп, кубанса өмүр агымынын апакай нурлуу күн жагына көбүрөөк ыктай “бирге”кубанып, ички сырларын жакшынакай белек катары кабылдап, анан, эң башкысы — Ата-Журт алдындагы парзды, жоопкерчиликти ушул кишидей сезген, кабылдаган, анын таасир-таалими тийип, чекисттик иште “тазалыкты”, атуулдукту… эң  алдыңкы катарга койгондорда бар экенине ишенимим артып…

Жумакан САРИЕВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 24, 2019 11:03

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина