Кайыңдыда 14 млн сомго оңдолгон стадиондун ачылышында футбол боюнча мелдеш өттү

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 15, 2019 11:47

Кайыңдыда 14 млн сомго оңдолгон стадиондун ачылышында футбол боюнча мелдеш өттү

17 Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарындагы оңдоп-түзөөдөн өткөн 520 орундуу стадиондун ачылышында мэрдин кубогу үчүн футбол боюнча мелдеш уюштурулду.

Кечээ, 14-ноябрда аталган стадиондун салтанаттуу ачылыш аземи өткөн. Анын алкагында райондогу 6 айыл өкмөттүн: Вознесеновка, Курама, Күрпүлдөк, Орто, Чалдыбар, Фрунзе жана шаардын футбол боюнча курама командалары күч сынашты. Кайыңды шаарынын атынан мелдешке 2 курама команда катышкан.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:

— 1-орун — Кайыңды шаары, кубок, 20 миң сом жана диплом менен сыйланды;

— 2-орун — Чалдыбар айыл өкмөтү, 15 миң сом жана диплом;

— 3-орун — Вознесеновка айыл өкмөтү, 10 миң сом жана диплом;

— 4-орун — Орто айыл өкмөтү, 5 миң сом менен сыйланды.

Стадион 13 млн 940 миң сомго толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Сарпталган каражат мэриянын бюджетинен каржыланды. Стадиондун узундугу 147 м, туурасы 90 метрди түзөт. Стадионго 520 отургуч, 19 түнкү жарыктандыргыч орнотулган. Кийинүүчү жана жуунучу жайлар курулган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 15, 2019 11:47

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина