Кайгуул милициясы жоюлуп, жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалык түзүлдү

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 16, 2017 17:25

Кайгуул милициясы жоюлуп, жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалык түзүлдү

Без названия (1)16 Ноябрь, Бишкек. Премьер-министр Сапар Исаков 13-ноябрда, жол коопсуздугу боюнча реформанын планы кандай аткарылып жатканына кызыкты. Анткени планда 103 пункт белгиленип, ал 6 негизги блоктон турат. Ошондой эле жол коопсуздугун сактоого багытталган 148 иш-чара камтылган.

Өкмөт башчы процесстерди автоматташтыруу, жаңы кызматкерлерди сынак жолу менен тандоо аракеттерине, «Акылдуу шаар» долбооруна жана маалыматтык иш-чараларга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Коомчулуктун эсине сала кетчү жагдай, өкмөт башчы Сапар Исаков Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлуп, жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгын түзүү тууралуу токтомго кол койгон. Бул жол жүрүү эрежелерин туура сактап, жол унаа кырсыктарынын алдын алуу, болтурбоого карата көрүлгөн күчтөтүлгөн чара экенин адистер белгилешет.

Ал эми айыл чарба категориясында дебитордук карыз 0,7 млн.сомго же 14,2 % өскөн.

Дебитордук карыздын төмөндөшү “Түндүк электр” ААК тейлеген бардык аймактарда байкалууда. Тактап айтсак, бишкектиктер керектелген электр энергияга болгон карыздарын 56 млн. сомго же 22 % га азайтышты;

Чүй облусунун керетөөчүлөрү энергетиктерге болгон карыздарын 103 млн. сомго же 26,7% га төмөндөтүштү;

ал эми Талас облусунда калктын дебитордук карызы 26,2 млн. сомго же 23,4 % төмөндөдү

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 16, 2017 17:25

Парламент

Элдик медицина