Кайдыгерликтен Кыргызстанда кырсыктар көп…

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:08

Кайдыгерликтен Кыргызстанда кырсыктар көп…

11 Өткөн жуманын аягында Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Биринчи Май айылына Бишкек шаарынан эс алууга барган үй-бүлөнүн 2016-жылы туулган уулу дайынсыз жоголгон.  Эс алуучуларбул өрөөнгө түнү келип сууга өтө жакын жайгашып отурукташкан. Эртеси ата-энеси бир нерсеге алаксып калган маалда кичине баласы“көздөн кайым болгондугун” байкабай калышкан. Уулун издеп таппай каалган ата-эне жергиликтүү тургундаргажана нөөмөттүк күзөт бөлүмүнө кайрылышкан. Бул кичине баланын дайынсыз жоголушу жада калса социалдык тармактарга да жарыяланып, элди убайга салды.Жаш баланы издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин кызматкерлери жана ыктыярчылар тартылышты.

Суусамыр өрөөнүн бойлойаккан чоң суулар Көкөмерен дарыясына куят. Бул дарыя канчалаган адамдардын өмүрүн алгандыгын жергиликтүү тургундар жакшы билишет. Балык уулоого жана ошондой эле сууга түшүүгө барган же козу карын терип, мал айдап өтүү үчүн узун жолду кыскартуу максатында чоң сууну кечип өткөн адамдардын өмүрүнө коркунуч туудура тургандыгы чындык.

Туристтик сезон башталганда Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Ой айылынын тургундары туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүп өз кызматтарын көргөзүп келишет. Бул айылдын четинен Көкөмерен дарыясы агып өтөт. Кызыл-Ой айылынын жашоочулары дарыядан суу ташып ичишет. Былтыр жай айында эки кичинекей кыз суу жээгинде ойноп жүрүп агып кетишкен экен. Андан мурун да бир топ адам жоготуулар менен коштолгон кырсыктар болуп келген. Өрөөн боюнча эң кооптуу делген жер дарыянын жээги. Эс алууга келген коноктор бул аймактын сырын жакшы билишпегендиктен бир топ кырсыктарга кабылышары талашсыз. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кырсыктарды алдын алууну ойлонушат болду бекен деген ой кетет. Кооптуу жерлерге “сууга түшүүгө болбойт” же “жээкке жакын жайгашууга болбойт” деген сыяктуу белгилер болбогондугу өкүнүчтүү. Жергиликтүү тургундар менен баарлашканыбызда күнүмдүк турмуш менен алышып жүрө берип көп нерсеге маани бербей күн кечирип келе жаткандарын мойундарына алышты. Себеби дегенде бул аймактын эли өз күчтөрү менен жер айдап, мал багып өз оокаттарын тың кылып келишет. Көбүнчөсү мал багуу менен алектенишет. Жайкысын жайлоого чыгып бээ байлашса, кээ бирлери айылда жашоосун улантып келишет.  Суусамыр өрөөнүнүн жашоочулары менен телефон аркылуу байланышканыбызда берген суроолорубузга төмөндөгүдөй  жооп алдык.

Абылгазиев Нурбек, Суусамыр өрөөнүнүн жашоочусу:

  • Суунун агымына карабай малды кечирип өткөндөр бар экен, сиздер жашаган аймакта кырсыктарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштер болуп турабы?
  • Бизге кырсыкты алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери болору тууралуу чынында маалыматым жок. Мен жокто эле мындай иштер болуп жатпаса, айылдан сырткары жайытта жүргөн малдарыбызды көзөмөлдөөгө кетип турам. Биз мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен, аркы өйүзгө малдарды айдаганда айыл четиндеги чоң сууну кечип өтө беребиз. Суу шар агат, биз атка таянып бардыгына кайыл болуп кете беребиз. Бирок бул сууга агып бир топ кишилер каза болгон. Каза болгондору табыш өтө кыйын болуп калат.

Аты-жөнүн айткысы келбеген Биринчи Май айылынын келини:

  • Шар аккан суунун жанына өтө жакын жашайт экенсиздер, балдарыңар ойноп жүрүп сууга түшүп кетпешине көз саласыздарбы?
  • Жолдошум экөөбүз ушул айылдын четинде үч балабыз менен турабыз. Мал кармайбыз, көбүнчө жолдошума жардамдашып күн өтөт. Балдарыбыз үйдүн тегерегинде ойноп жүрө беришет. Аларга сууга жакын жолобосун күндө айтып, көзөмөлдөп турабыз. Бала деген бала да, ишениш жок. Суу негизи адам канчалык жакындаган сайын адамды өзүнө тартып турат. Билем балдарыбыз үчүн өтө коркунучтуу экенин, бирок айла жок, Кудай сактасын.

ӨКМдин кызматкерлери менен байланышып шар аккан суулардын, дарыя-каналдардын жээктерине же болбосо жакын жайгашкан жерлерге белгилерди кимдер коюшу керектигин тактап сурадык. ӨКМдин  кызматкеринин айтымында, ар бир аймакта кандай гана адам өмүрүнө коркунуч туудурган жерлерге жергиликтүү бийлик тарабынан атайын тактайчаларга белгилер жазылып илиниши керек деп билдиришти.

Суусамыр өрөөнүн маалымат менен камсыз кылып турган “Суумасыр FM”радиосунун аткаруучу директору Айзада Калканбекова менен байланышып, бир катарсурообузду узаттык:

  • Айзада айым, өткөн жумадасууга түшүп кеткен кичине бала тууралуу маалымат бере аласызбы?
  • Учурда баланы издөө иштери жүрүп жатат. Бул үй-бүлө козу карын тергени келип шар аккан суунун жээгинде отурушкан. Ал жак чындап эле өтө коркунучтуу жер болгондуктан жаш бала менен ал жерге баруу өтө коркунучтуу. Албетте бул кырсык, ошентсе да жакшылап балага көз болуш керек жана көзөмөл катуу болбосо жыйынтыгында кырсык болуп кетерин баардыгы эле билип туюп турат да.
  • Суусамыр айыл аймагына келген коноктор, туристтерге чоң суунун жээгине жайгашууга болбойт деген сыяктуу белгилер барбы?
  • Мен айта кетсем, Каракол суусунун жанында жайгашкан көпүрөнүн жанында сууга түшүүгө болбойт деген белгилер бар. Азыр Суусамырда козу карындын учуру болгондуктан орустар, корейлер жана башкалар козу карын терүүгө көп келип жатышат. Бирок алар өздөрү билемдик кылып коркунучтуу жерлерге машиналары менен барып жайгашып алышат. Токойдун арасында, суунун шар агып өткөн жактарына олтуруп эс алып, козу карын терип кетишет. Бирок менин билишимче кооптуу жерлерде сак болууга чакырган белгилер жок.
  • Сууга жакын жайгашкан аймак болгондуктан суудан сак болууга чакырган түшүндүрүү иштери болуп турабы?
  • Менин билишимче боло элек. Адамдар сууга агып кетет да, ӨКМден келип издөө иштерин жүргүзүшөт. Көбүнчө биздин аймакта башка жактан келгендер сууга агып кеткен учурлар көп кездешет.
  • Сиздер бүт Суусамыр аймагын маалымат менен камсыз кылып турасыздар, радиодон кандай маалыматтарды берип турасыздар?
  • Жергиликтүү бийликтин кулактандырууларын калкка жеткирип турабыз. Мисалы айта кетсем, бизде жергиликтүү тургундарга суунун деңгээли көтөрүлдү, сак болуңуздар деген сыяктуу кулактандыруулар болот. Бирок келген туристтер үчүн атайы маалыматтар берилген учурлар болгон эмес.
  • Сырттан келген туристтерКөкөмерен суусунун жээгине көп отурукташат, жээктин кандай абалда экендигин көзөмөлдөп рейддер жүрүп турабы?
  • Чынында бул боюнча менин маалыматым жок, жергиликтүү бийлик өз алдынча иштерди алып барса керек. Чет элдиктер үчүн атайын тактайчаларга жазылган белгилер жокко эсе десем болот. Негизи түшүндүрүү иштери жүрүш керек экен. ӨКМдин өкүлдөрү менен биргеликте толук кандуу иш алып барыш керек. Дагы айта кетчү нерсе, туристтер өздөрү жайгашкан жерди өз көздөрү менен көрүп-билип туруп ар кандай иштерди кылышат. Сууга агып кеткен баланын ата-энеси да сууга аябай жакын отурушуптур.Жаш бала менен андай жерге баруу коркунучтуу экенин капарына алышкан эмес. Биз дагы эми сиздердин сунушуңуздар менен ушул маселелер боюнча атайын уктурууларды алып барабыз го деп турам.

“Суумасыр FM” радиосунун аткаруучу директору менен байланышып бир топ суроолорубузга жооп алганыбыз менен аларга да бир топ идеяларды пайда кылдык окшойт. Бул айыл аймакта бир топ көйгөйлүү маселелер болгондугу менен жок дегенде кырсыктарды алдын алууга салымыбызды кошсок чоң иш кылгандай болобузду деген ой менен Суусамыр айыл аймагынын башчысы Оторбаев Урмат Шалообекович менен да байланышып көрдүк.

- Күндүн жылышы менен суунун деңгээли көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу кырсыктын алдын алуу максатында кандай иштерди жасап жатасыздар?

— Бизде  ар бир жыйналыштарда ушул маселе боюнча сөз козголуп турат. Кырсык деген күтүүсүздөн болот экен. Эч ким кырсыкка кабылып калам деп эч качан ойлобойт.Суу кырсыгынын алдын алууда  жаш балдарга жакшылап көзөмөл кылуу керектигин  айылдарда жашагандарга түшүндүрүп келебиз. Бала деген бала да, ойноп кетип калат, ал жакта кырсык болуп кетерин билбейт, ал гана эмес чоң кишилер билип туруп кырсыкка бет маңдай чыгып жатышпайбы. Бул жерде айта кетчү нерсе, ата-энелердин шалаакылыгы. Биздин аймакта жыл сайын 2-3 адам сууга агып каза болот. Негизи сууну кечип өтүүгө тыюу салынат.  Көкөмерен дарыясынын агымы шар, кечип өтүү, жээгине отуруу коркунучтуу. Биз канчалык түшүндүрүү иштерин жасаганыбыз менен майнап чыкпай келет. Бир эле учурда Суумасыр аймагын толук көзөмөлдөп жетишпейбиз.

- Суусамырда сууга аккан адамдар жыл сайын болуп турат, сырттан эс алуучулар келет, адамдардын коопсуздугун сактоо үчүн чоң суулардын жээгине тактайчаларды орнотууну ойлонгон жоксуздарбы?

— Биздин өрөөнгө өзгөчө дем алыш күндөрү эс алуучулар жүздөп келишет. Атайын гиддердин жардамы менен келген да туристтер бар, аларды Кызыл-Ой айылында тосуп алып, кайсы тарапка барууга болбойт деген сыяктуу иштерди түшүндүрүп беришет. Жапайы туристтер деп коёбуз, өздөрү билип эч кимге кайрылбай эс алгандар болот.  Булар балык кармап, козу карын терип эс алышат жана түнкүсүн келип эртеси кечке эс алып кетишет. Булар сууга жакын жайгашат жана токойлорго кирип алышат. Булардын коопсуздугуна жооп бере албайбыз. Анткени алардын ушул тарапта экенинен кабарыбыз жок.  Кандай гана тактайчаларга белгилерди илбейли, мындай адамдар ага карабай ал кадамга бара беришет. Деги эле коопсуздук чараларын колдонууга бизде мүмкүнчүлүк жок, баардыгы келип бюджетке такалат эмеспи.

Кырсыкты кайсы бетинен караба баарына өзүбүз күнөөлүү болот экенбиз. Өз коопсуздугубузду өзүбүз камсыз кылбасак жергиликтүү бийлик да жардам бере алчудай эмес экен. Иш алып барууга каражат керек албетте, бирок күчүбүз жетпейт деп жылуу кабинетте олтуруп сүйлөп койбостон элдин жоопкерчилигин да ойлошсо деп кетебиз. Сөзүмдүн аягында  ар бирибизкырсыкты алдын алууга жоопкерчиликтүү болуп, ар бир кылган ишибизди так аткарсак балким кырсык да аз болоор.

 

 

Билим Жусупова

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:08

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина