Кадыры бийик Камчыбек

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 13:48

Кадыры бийик Камчыбек

2 Мезгил жана инсан

 Белгилүү экономист-финансист Камчыбек Шакиров жаш кезинен терең билим алууга умтулуп,  адистик өнөрүн күн санап арттырып, элине кызмат өтөп, эки заманда – совет доорунда жана эгемендик мезгилде өлкөбүздү курууга кыйла кол кабыш жасаган.Учурунда Кыргыз Республикасынын өкмөт мүчөсү — финансы министри кызматын аткарган мамлекеттик ишмертуурасында айтып берүүсүн өтүнүп  өмүрлүк жары Ырыс Дилдешовна БАЙЗАКОВАга кайрылган элек. Төмөндө ошол эскерүү…

–Дайыма көз алдымда… баягысындай эле жылмайып, жарк эте күлүп, күрүчтөй аппак тиштери көрүнүп, калың, кайраттуу кара чачтары нурлуу жүзүнө ого бетер көрк кошуп, алыстап кетпегендей, жанымда жүргөндөй сезем, — деп баштады сөзүн Ырыс Дилдешовна. – Жакшы адам менен өмүр сүргөнүң  турмуштан тапкан чоң бактың болот экен. Үй-бүлөсүнө, айланасындагыларга, аткарган ишине жасаган мамилеси өзгөчө болчу. Жан-дүйнөсү таза, адамкерчиликтүү, намыскөй адам эле.

- Өмүр башаты – таттуу кыял балалык кез болот эмеспи. Түгөйлөшүңүздүн бала чагына токтоло кетсеңиз?

— Жети бир туугандын улуусу эле. Атабыз (кайнатасы Шакир аксакал жөнүндө сөз болуп жатат) айылдын кадырлуу адамы болгон. Туура кырк жашка келгенинде уулду болуп, Камчыбек төрөлгөн экен. Сүйүнүшкөн. Абдан сүйүнүшкөн! Апабыз (сөз кайненеси Жамалкан туурасында болууда) мугалим экен, кичинекей Камчыбек бат эле жазганды, окуганды, санаганды билип алат да, алты жашында мектепке барат. 4-классты жалаң “5” менен бүтөт. Айылдагы мектеп болгону төрт класс эле. Анан кайда барып окууну Камчыбек өзү чечет. Буга Кара-Балта шаарындагы Макаренко атындагы мектеп-интернаттан окуган айылдаш бала себепкер болот. Андан бул мектеп жөнүндө сурап-билет да, ошол жактан окууну самайт. Жашы бир топко келип калганда көргөн сүймөнчүлүктүү уулун атасы башка жакка жибергиси келбейт. Бирок ал көшөрүп жатып, окуусун улантуу үчүн Кара-Балтага кетет… Кыргыз классында окуса да орусча окуган балдардан калышпай орус тилин мыкты өздөштүрөт. Мектепти жалаң “5” деген баалар менен бүтүрөт. “Биздин бактыбызды ушул мектеп ачты” деп ал кийин көп айтып калар эле.

– Анан кайсы окуу жайын, кандай кесипти тандаптыр?

Өзүнө ишенип, өтүүнү каалагандар көп болгон Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине документин тапшырыптыр. Экзаменде эки “5”, эки “4” алыптыр. Баасын төмөндөтүп койгон экзамен алуучуга жини келген. Окууга өтпөй калуу коркунучу пайда болот. Анын бактысына, ошол жылы университетте жаңы ачылган финансы-кредит адистигине бүтүрүүчүлөр аз тапшырып, ошол жакка өткөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Камчы салдырбай окуп, жогорулатылган стипендия алат. Университетти 1969-жылы артыкчылык дипломун алуу менен аяктайт.

– Университетте окуунун алдыңкысы болуп, лидерлик сапаты менен көрүнсө, эмгек жолу деле шыр кетсе керек…

–Ошондой эле болду. Мамлекеттик экзамендер бүтөрү менен финансы министри Алиаскар Токтоналиев өзү университетке келип, ал кезде кыргыз кадрлары өтө аз болгондуктан ишке көбүрөөк тартуу максатында окууну эң жакшы бүтүргөндөрдүн ичинен алты жигитти жана эки кызды тандап, министрликке ишке алат. Ошолордун бири  Камчыбек эле.

Бул жерде экономист, улуу экономист болуп төрт жылдан ашык иштеди. Анан Свердлов райондук финансы бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматына жиберилди. КПССтин катарына кабыл алынды. Андан соң Октябрь районуна ушундай эле ишке которушту. Иши, аракети дурус болду. Партиялык уюмдун катчысы болуп да шайланды. 1976-жылы кайтадан министрликке ишке алынды. Бюджет башкармалыгында начальниктин орун басары, кийин начальник болуп иштеди. 1988-жылы министрдин орун басары кызматына дайындалды. 1989-жылдан тарта мамлекеттик пландоо комитетинде төраганын орун басары, баалар комитетинин төрагасы, экономика жана финансы министринин орун басары, министр кызматтарын аткарды. Ошондо эки министрликти бириктиргенден пайда чыкпагандыгын, зыяны көп болгондугун республика жетекчилигине айтып, нечен жолу түшүндүрүп жатып финансы министрлиги кайта калыбына келтирилген. Бул 1993-жылдын аяк чени эле. Финансы министрлиги өзүнчө болуп түзүлгөн кезде министр кызматында беш айдай гана иштеди.

– Анан эмне болду? Кетириштиби же башка ишке которуштубу?..

– Өзү унчукпады, аркы-терки сөз айтпады. Министрликтен кеткендигинин себебин кийин билдим. Аны менен чогуу иштешкендердин айтуусунда, ал кызмат бирөөгө керек болуп калыптыр. Ал кезде көптөгөн фонддорачыла баштабады беле, ал жакка бюджеттен каражат бөлүүгө каршы болгон. “Мугалимдердин, врачтардын айлыгын төлөө, пенсия берүү кечеңдеп жатса мен кантип андайга барам” дечү. Тазалыгы, жаман ишке аралашкысы келбегени үчүн кызматтан четтетилди, жөндөн-жөн ур-токмокко алынды, суралды.

Иш издеп деле кыйналган жок. “Сендей адам көчөдө калбайт, табылбайт” деп жаңы түзүлгөн жогорку окуу жайынын ректору Мамбеткалиев Султан агай чакырган экен, бир жума да бошжүрбөстөн ошол жерде доценттин милдетин аткарып, ректордун кеңешчиси да болду. Бир жылдан соң Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул кызматта да өтө изденүү менен иштеп, шаар бюджетин көбөйтүү, чыгымдарды азайтуу боюнча көп алгылыктуу иштерди жасады. Шаар башчысынын кымбат баадагы машине алуу жана ушул сыяктуу башка иштерин колдогон жок. Ушундан ишинде татаалдыктар пайда боло баштады.

Жаңы кызматка аны Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынын төрагасы Абдыганы Эркебаевич чакырган. Анын жакшы сапаты – ишке канык адискөй адамдарды дайым колдоп жүрчү экен. Парламенттин ишин жакшыртуу үчүн көп аракет көрүптүр. Бул жерде өзүнө жакшы тааныш бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча сектор башчысы, эксперттик топтун жетекчиси, Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынын аппаратынын жетекчиси болуп иштеди. Иши жакшы жүрүп жатты. 1998-жылы өкмөттөн чакыруу болгондо бир топ барктуу бул жетекчи кызматтан кетүү канчалык ал үчүн оор болсо да баары бир өзүнө жакын болуп калган иш аны тартып туруп алды. Ошентип өкмөттүн финансы жана экономикалык өнүгүү департаментинин башчысы кызматына алынды.Бул учурда премьер-министр болуп Кубанычбек Жумалиев, Жумабек Ибраимов, Амангелди Муралиев иштеди. Абдан кызыгуу менен иштеп, орчундуу нечен маселелердин чечилишине эмгегин арнады. Бир жылча гана иштеп калды…

Ушул маалда Ырыс Дилдешованын сөзү үзүлүп, бир аз жашый түштү. Өзүн карманып, көз жашын билгизбөөгө аракет жасады. Бул ар дайым анын жүрөгүн эзген кайгы…

– Ошол. Күтүүсүздөн келген оору менен алакетке түшүп калдык. Өзү анчалык болуп кетерин сезген жок. Кокусунан катуу жыгылгандан башта анча чоң эмес томпокчо пайда болуп, операция жасоонун зарылдыгы келип чыкты. Көп эле жаштарга устат болуп өстүрдү эле, алар келген сайын, “чет өлкөдө мыкты адистер бар, ошолорго кайрылалы, колдон келген жардамыбызды аябайбыз” деп көп эле айтышты. Бирок эмнегедир тезинен операция жасоого шашылган биздин аттуу-баштуу профессорлордун айтканынан чыга албады. Операциядан кийин болгону он сегиз күн өткөн… Капилеттен кете берди…

– Эми  көп эле кайгыра бергенде болбойт. Элине ак кызмат өтөгөнүн угуп жүрөбүз. “Жакшынын аты өчпөйт” дегендей, дагы айтылып, эмгеги унутулбайт. Эл оозунда “өчпөс өмүр” деп айтылганы ошол да.

– Көңүлдөгү кемтикти толтурган да ушу. Артында  “эң жакшы адам эле” деген сөз калды. Аны жакшы билгендер “кайран жигит, иши менен сөзү төп келишип турчу” деп көп эскеришет. Кадыр-парасаты бийиктеген кезде, 51 жаш курагында бизди томсортуп кетти… Кудайга шүгүр, элге ыраазыбыз. Айылдагы эски мектептин абалына катуу капа болчу эле, демилге-аракети менен эки кабаттуу жаңы имарат 1977-жылы курулуп бүткөн. Эмгеги эске алынып ошол Сын-Таш орто мектебине ысымы ыйгарылды. Айылдын бир көчөсүнө жана Бишкек шаарындагы көчөгө аты берилди.

– Өмүрлөшүңүз менен биринчи таанышкан күн али эсте чыгаар…

– Оо, ал күн кантип көңүлдөн чыксын. 1966-жылы  университеттин Турусбеков көчөсүндөгү №5 жатаканасында алгачкы ирет жашап жатканбыз. Бир күнү эле Камчыбек кокусунан алдымдан чыгып, мени сөзгө тартты. Көрсө ал 2-курста окуйт экен. Алдыңкы студенттердин бири экен. Ошондон кийин көрүшүп калганда саламдашканыбыз болбосо, жолугушкан, сүйлөшкөн жокпуз. Анан эле студенттер түштүккө пахта тергенге бармакчы болуп, поезд менен жөнөп калганда курсташ Сулайманов Үрүстөн аттуу досу менен мени издеп келиптир. Ошондо жанымдагы кыздар менен бирге бир аз сүйлөшүп отурдук. Болгону мен 3-курстан окугандан баштап гана бир аз сүйлөшө калып жүрдүк. Киного ээрчишип барганыбыз болгон жок. Окууну көздөп көп алаксыгым келбеди. 1969-жылы ал университетти эң жакшы аяктап, иштеп калды.

Бир жолу мени издеп жатаканага келиптир. Ошондо гана ачык сырын айтты. “Үйдөгүлөр үйлөн деп жатышат, эмне дейсиң?” деп тике суроо берсе болобу. Ошондон көп өтпөй баш коштук. Үйгө барганымда сөзмөр, ачык-айрым атабыздын сүйүнгөнүн айтпа. “Биринчи келиним, биринчи жакшылыгыбыз” деп туугандарын, айылдаштарын чакырып атайын арнап камдап жүргөн жылкыга бата кылып, той берди. Мугалим апабыздын кубанганы андан бетер…

Шаарда квартиралап жүрдүк. Ини-карындаштардын окуусуна, ата-энелерибизге жардам берчүбүз.Турмушта көп эле оордуктар болду. Канча мезгил өттү, ал эмгегибиздин акталганынаэкөөбүз абдан сүйүнчү элек.

– Үй-бүлөсүнө, ата-энесине, жолдошторуна жасаган мамилеси кандай эле?

– Тун уул деп ата-энеси канчалык сүйүнүшсө, каштарында бир мүнөт болгонуна кубанышса, ал да ата-энесин өтө урматтоочу. Шаардан тез-тез каттап, экөөбүз тең болгон жумуштарын бүткөрүп кеткенге аракет жасачубуз. Атабызды айылдын барктуу адамы деп элдин баары сыйлачу. Атасы – чоң атабыз Ниязалы арабча окуган сабаттуу киши болгон экен. Молдолугу, биринчилерден болуп бала окуткандыгы, ыр жазып, кыргыз элинин санжыра-тарыхын жакшы билгендиги менен элге таанымал болуп, журтуна кызматы өткөн. Уулунун, атабыздын окуп, жазганды билип калганы, колхоз түзүүгө катышып, жетекчи болушу ушуга байланыштуу экен. Согушка алгачкылардан болуп аттанып, душманды Берлинге чейин куугандардын ичинде болгон. Орден, медалдар менен сыйланган. Өз жерине жеңиш менен келип, айылында башкарма, ферма башчысы болгон. Пенсияга чыкканы, айылдын сыйлуу молдосу болуп нечен жыл иштеп берген. Согушта саздак жерлерде көп болуп, нечен оор салгылаштарды өткөргөндүктөн суук тийгендин азабын кийин көп тартты. Ошондон 1982-жылы 72 жаш курагында көзү өтүп кетти.

Мугалимдик иши, элди сыйлай билгендиги менен көрүнгөн Жамалкан апабыз да мыкты адамдын кызы болуптур. Сын-Ташка жакын Эпкин айылында жашаган Молдокул тайатабыздыкөрүп калдык, сымбаттуу, акылдуу киши эле. Самар тайэнебизди да көпчүлүк кадырлап сыйлачу. Агасы Айдаркан Молдокулов көрүнүктүү илимпоз-экономист болгон. Жубайы Шайкүл Исыкеева алдыңкы педагог. Экөө тең сонун-сонун ырларды жазышкан. Уулдары Сабыр, Канат, кызы Гүлмира ата-энесинин асыл сапаттарын улантып, жакшы иштери менен нечен көрүнүштү.

Ал эми үй-бүлөдө болсо, ар дайым жогорку маданияттуулугун көрсөтүп, түз сөзүн айтып, балдарынын билимдүү, тарбиялуу болушу үчүн камордук көрүп, жакшы үлгү калтырып кетти. Өзгөчө бир касиети – тамшакөйлүгү, орундуу сүйлөй билгендиги менен адамды өзүнө тартып турчу.

– Эмнеге кызыкчу эле, эмнени жактырчу эле?

– Баарынан да китеп окуганды, жакшы китептерди сатып алганды, өздүк китепкананы толуктап турганды, анан балык кармаганды жакшы көрчү. Китепке кызыгуусу Кара-Балтадагы мектеп-интернатта окуган чагында башталыптыр. Кыргыздын мыкты жазуучуларынын китептерин көп окуптур. Тилди мыкты өздөштүрүү үчүн орус тилиндеги китептерди өтө кызыгуу менен окучу экен.

Ар дайым билимин өркүндөтүүгө умтулуп келди. Кийин Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрдү.

Жайкысын Көлгө минфиндин пансионатына бир аз күн барчу элек. Таң эрте кайырмак көтөрүпкөл бойлоп кетчү. Эң негизгиси   балык кармоо эмес, күндөлүк ызы-чуу кызматтан чарчаган денени жаза дем алганды жакшы көрчү.

Үйгө туугандарды, жоро-жолдошторду чакырып, ачык көңүл, күлкү-тамаша менен сый көрсөткөндү жактырчу.

Көркүнө чыгара ырдагандарды баалоочу. Башта ырда десе качып турчу. Көкүрөгүндө катылган шык-жөндөм бар экен, кийин мейман күтүү отуруштарында коңур үн созо уккулуктуу ырдап да жүрдү.

– Эмнени жактырчу эмес эле? Кандай адат-жоруктар ал үчүн жат эле?

– Адам эмнеге умтулса ошого жетише алат дечү. Жактырбаганы — изденбегендик, аракеттин жоктугу, жалкоолук, эринчээктик, калп айтуу, таза иштөөнүн ордуна ар кандай алабармандыкка баруу. Мындай адат-көрүнүштөрдүн болуп жатышы, башынан, убагында токтото албагандык – ата-эненин, улуулардын, коом-чөйрөнүн жоопкерсиздиги деп түшүнчү. Андайларга акыл-кебин айтып да жүрдү.

– Көмөктөш-жардамдаш болгондор, өзү баалаган адамдар жөнүндө айтчу беле?

–Акыл-эсинин жетиктигинен, ак-караны, адамдын жакшы-жаманын бат баамдаган сапаты бар эле. Турмуш жолунда көмөктөшкөн жакшы адамдар көп эле болуптур. Жүкөш Мамбеталиев, жакын тууганы болот. Шаарга окууга өткөнү келгендер да окуп жүргөндөр да, ар кандай жумуш менен борборго келип калгандар да, ал агайыныкына кайрылбай конуп-түнөбөй кетишчү эмес. Баары жактырган Жүкөш агай медициналык окуу жайында бир канча жыл директор болгон. Кабак-кашым дебей баарын тосуп-сыйлаган жубайына да ар ким ыраазы болчу экен. Атабыздын агасынын уулу, университеттин тарых факультетинде иштеген илимдин кандидаты Бапа Өмөров агай да, ошондой эле элге радио диктору катары кеңири белгилүү Абилезим Ниязов да жаштарга, жердештерине көп жардам берип, жаштардын сезимин козгоорлук не бир акыл-насаат сөздөрүн айтышчу экен.

Элибиздин ичиндеги Алиаскар Токтоналиев, Акматбек Сүйүмбаев, Султан Ибраимовсыяктуу касиеттүүлөр менен иштешип калганына абдан сүйүнчү.

Ал эми элибизге эгемендик келген мезгилде өлкө үчүн өтө маанилүү көптөгөн маселелердин чечилишине катышып калды. Булар: улуттук акча каражатын – сомду башка өлкөлөрдөн озуп киргизүү, баалардын өсүшүн жөнгө салган баалар комитетин түзүү, жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуу иштери. Финансы министри кезинде, анын сунушу, жетекчилиги менен бюджетти бекем көзөмөлдөө үчүн жаңы түзүм – Борбордук казыначылык түзүлгөн. Анын биринчи жетекчиси болуп жаш кадр Болот Курманбеков дайындалган.

– Эми айылдаштарына, жердештерине жасаган мамилиеси туурасында айта кетсеңиз?

– Айылга барган сайын тууган-тааныштар менен кездешип сүйлөшкөндү жакшы көрчү. Жаштарды билимдүү болууга үндөөчү. Өтө зарыл болгондорго, конракт төлөөдө кыйналган студент туугандарыбызга акчалай жардам да берип турчубуз. Кийин көп жерде салтка айлангандай, бизде да “Сын-Таш” коому түзүлүп, аны белгилүү географ Жумалиев Сатар агай жетектеди,Шайлоо Мырзалиев да көп көмөк көрсөттү. Көбүбүз бири-бирибизди билчү эмес элек. Улуу-кичүүнүн ынтымагын бекемдөөдө, жакшылыктарды кубана бирге белгилөөдө, айылдыктарга жардам көрсөтүүдө көп жакшы иштер жасалды. Мындай жакшы жөрөлгөлөргөКамчыбек да катышып жүрдү. Азыр бул коомдун ишин Болот Макиев, жетекчиси, Бактыбек Кудайбергенов, Зайнидин Жумалиев, Нурлан Эшкожоев, Эсен Жамангараев, Адыл Эсеналиев, Болот Дүйшөналиев, Дурус Молдокматов жана башка өрнөктүү адамдар алдыга жылдырып, бир катар жумуштар жасалды.

– Бош убактысын кандай пайдаланчу эле?

– Ага баарынан иш маанилүү болчу. Бүтпөгөн жумуштарын, толгон кагаз – документтерди ала келип үйдө түндүн бир оокумуна чейин иштөөчү. Атүгүл ооруканага жатса да жазганын, ишине байланыштуу жумуштарды бүткөрүүнүн үстүндө болчу. Кийинки кезге чейин эски үч бөлмөлүү квартирада турдук. Иш кабинет үчүн бөлмө болбогондуктан тар ашканада кагаздарын жазып отурар эле.

Чындыгында анда бош убакыт деле боло берчү эмес. Эс алууга, меймандап жүрүүгө убактысы өтө аз болду. Жакын турган өзүбүздүн Ысык-Атанын жайлоолорун деле билчү эмес. Кийин-кийин, өмүрүнүн акыркы жылдары бир-эки жолу ганабарды.

– Сыйлыктары бар беле?

– Өзү жөнүндө көп ойлочу эмес. Сыйлык алам, кызматка көтөрүлөм деп деле умтулган жок. Совет мезгилинде иштеген кезинде Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасын, “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалын алган. Кийин “Финансы кызматынын отличниги” наамы берилди. Биздин ыраазы болгонубуз – кошо иштешкен улуу-кичүүдөн ар дайым көңүл көтөрөрлүк жылуу сөздөрдү укканыбыз, абийирин, атын таза сактаганы болду.

– Бир туугандары, балдары – Камчыбек Шакировдун, сиздердин уул-кыздарыңыздар жөнүндө маалымат бере кетсеңиз?

– Өзүнөн кийинки иниси – Каныбек. Сын-Таш колхозунда экономист, башкы экономист болуп иштеди. Гүлнара келинибиз экөөнүн алты кызы бар. Кийинкиси-Медетбек, кичинесинен Молдокул тайата багып алган, чарба иштеринде, беш баласы бар. Андан кичүүсү – Анаркүл, финансы кызматкери. Жолдошу – Сабырбек Кебекбаев, милициянын майору. Алардын үч баласы бар. Кийинки иниси – Болотбек, экономист, колхоздо өз кесиби боюнча иштеп келген. Келинибиз – Жаңыл Рапбаева, чарбада башкы бухгалтер болуп иштеген, үч баласы бар. Ал эми Чынаркүл болсо, университетти бүтүргөн, мамлекеттик архивде көп жыл иштеди. Күйөө балабыз – Кайрат Молдошев, география илимдеринин кандидаты, университеттин кафедра башчысы. Үч балалуу болушкан. Эң кенжеси – Жеңишбек. Атабыз өзү майданда болуп, жеңиш менен элине келгендиктен, Жеңиштин 25 жылдыгына карата ушул ысымды ыйгарган. Салык кызматкери. Келинибиз – Жылдыз. Экөө төрт балалуу болушкан.

Өзүбүздүн кызыбыз жана эки уулубуз бар. Балдардын улуусу – Чолпон, врач-медик. Күйөө балабыз – Талант Медеров, аскер кызматынын полковниги.

 

 

Ортончусу – Нурдин, финансы-кредит адистигин алган. Чет өлкөдөн да окуп келген. Мамлекеттик кызматта, эл аралык уюмда иштеген. Келинибиз – Жылдыз, англис тили боюнча адис. Эң кенжебиз – Тилек, экономист. Келинибиз – Назгүл, Орто Азияда Америка университетин бүтүргөн. Долбоордо иштейт.

Неберелерибиз: Акинай, чет тил адистиги боюнча жогорку окуу жайын бүтүргөн, Дарика, Айдар, Нияз, Бектур, Арстан, Аима – мектепте окушат. Балдарыбыз, неберелерибиз эл үчүн көп эмгек жасаган атасынын, чоң атасынын ысымын бийик алып жүрүшөрүнө ишенем.

– Кең-кесири маегиңиз үчүн ыракмат. Бирге жашаган өмүрлөшүңүз, аталар, улуу адамдар жөнүндө бир топ баяндап бердиңиз. Ак тилектер, жакшы максаттар ишке аша берсин. Элибизде кадыры бийик Камчыбектей таза, эмгекчил, билимдүү, маданияттуу жаштар, касиеттүү инсандар көп болсун. Жараткандан ушуну тилейли!

 

Маектеш жөнүндө бир аз маалымат: Ысык-Көлдүн Темир айылынан. Айылдык мектепти жана 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механикалык-математика факультетин бүтүргөн. Кийин дагы окуп, банктык иш адистигине ээ болгон. 1970-жылдан жеңил өнөр жай министрлигинде, андан кийин өнөр жай министрлигинин эсептөө борборунда инженер, бөлүм башчы болуп иштеген. 1993-жылдан тарта банктын филиалында башкы бухгалтер болгон. Жакшы иштери үчүн Ардак грамота, төш белги, ыраазычылык баракчалары менен сыйланган.

 

Курманбек РАМАТОВ,

Кыргыз Республикасынын

маданиятына эмгек сиңирген ишмер,журналист

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 13:48

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина