Көздү жуумп алышканбы, Кеңседен чыкпай калышканбы?

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2019 11:37

Көздү жуумп алышканбы, Кеңседен чыкпай калышканбы?

 12  — О – пиий!  — деди, таң кала алыскы айылдан таанышын издеп келген келин. – Силердин мектепте бут коёрго жер жок го! Эшиктен кире албай, түртүшкөн эле окуучулар. Бул мектептен окугусу келгендер дегеле арбын го?

— Былтыр үч сменде окутчубуз. Быйыл төрткө чыктык…

— Өзгөчө мектеппи? Топураган балдар, ушул мектепти тандап-жактыргандан мында келгенби?

— Жо-ок! Эл көбөйдү, сырттан көчүп келгендер арбыды. Мектепке балдар батпай калды…

— Ой-бо-ой! Мындайды биринчи көрүшүм. Силер үчүн өтө эле оор экен… Бул ишке көз сала тургандар болчу эле го? Алар, эмне, көздөрүн жуумп алышканбы?..

Бул кезде болсо борбор калаанын нак ортосундагы Билим берүү жана илим министрлигинде жымжырттык өкүм сүрүп турган. Аткарган милдет-жүгү ар түрдүү кызматкерлер эч нерседен капарсыз, жайлуу кабинеттерде кофе-чайдан маал-маалы менен ичкенге көнүп алышкан. Жогоруда таң кала суроо узаткан, алыстан узак жол тартып келген келин жашаган жактарды кой, шаар четиндеги билим берүү мекемелерине баш баккандан эринишет өңдөнөт. Же, муну байкашпайт көрүнөт. Тиги келин көрөөрү менен “о-пиий!” деп, катуу чочуп жатса, министрликтин адамдары көрмөксөн-билмексен болушкандай…

Ушул маалда, эки курбу келиндин сөзүнө тажрыйбалуу мугалим аял аралашты.

— Бир топ жыл мурда бул мектепте билим алган окуучулардын саны 300-400дөн  ашчу эмес. Азыр 1400 окуучуга жетти. Окууну төрт сменде жүргүзгөнгө туура келип жатат.

— Абалдын мынчалык оор экенин билишпейби? – Мейман келин таң кала суроо узатты.

— Билишет, — деди, баягы мугалим эже. – Жаңы мектеп курулат дешип, биздин баарыбызды сүйүнтүшкөн. Убакыт өтүп эле жатат, өтүп эле жатат. Убададан эч нерсе жок. Мектебибиз деле Билим берүү жана илим министрлигинен алыс эмес, аралыгы 5 эле чакырым. Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнө чейин 8 чакырым болот. Шаар четиндеги айылдардын бирибиз. “Жаңы мектеп качан курулат болду экен?” деп күтүп келебиз.

— Силерде эле абал ушундайбы? Коңшу айылдарда абал жакшыбы?

— Жакшы болбой калсын! Биздегидей эле. Аларда деле окуу бир канча сменде жүрөт. Ал мектептерде нечен ирет болгонбуз. Семинар, конференцияларга катышып, ал-балдарын көргөнбүз. Бул бизге жаңылык деле болбой калган…

Ооба, мектеп туурасындагы сөздөр улана берди. Кулак сүйүнгүдөй, кубанарлыктай эч нерсе уга албадык.

Анан, ошол көңүлдү кирдеткен сөздөрдөн кийин, “миң уккандан бир көргөн артык” дегендей, коңшу айылдардагы абалга назар салып көргөнү жол тарттык. Өз көзүбүз менен көрүп ынангандай, борборго канатташ Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы көп мектептерде абал жогорудагыдай экен. Шаарга жакын дешип, республиканын ар аймагынан жер которуп келишкендер ушул айылдарга арбын отурукташкандыктан, балдардын көптүгүнөн мектептерде орун жетишсиз болуп, окуучулардын саны үч-төрт эсеге чейин ашыкча болуп жатыптыр. Мындай жагдай мугалимдерге да, окуучуларга да нечен оордуктарды алып келээри айтпаса да түшүнүктүү да?!

Ушундай шартка карабай, баарына чыдаган мугалимдердин мээнеткечтигине, өз кесибин сүйгөндүгүнө, окуучулардын билимдүү болууга умтулгандыгына абдан ыраазы болдук.

Абал ушундай болсо, ата-энелердин “мектеп жетишпейт” деп кыжалат болгону туура да? Алардын ачуу үнү биздин Билим берүү жана илим министрлигине жетпегени өкүнүчтүү. Мейли, башкалары буга маани бербесин, министр Гүлмира Кудайбердиеванын маанилүү маселеге жетиштүү көңүл бурбаганы ата-энелерди араң таң калтырат. Коомчулук койгон дооматтар да арбын:

— Бу министрликке элдин көңүлү толбоду, иши мыкты болбоду.

— Акчалар самандай сапырылат, жаңы китептер биринен сала бири чыгат, маани-маңызы талапка жооп бербегени көп айтылат.

-Кадыр-барктуу делген Кыргызстан — Россия ректорлорунун форуму, ката жазуучулар менен көзгө толумдуу.

-Алакандай  болгон аттестат, аны да катасыз чыгара алышпайт.

Ооба, эл араласаң, ушундай түркүн кептерди угасың. Бетке чиркөө болчу улам бир мүчүлүштүк оркоюп чыгып калып жатса, борборго жакын айыл жериндеги мектептердин жетишсиздигин чечүүгө чамалары кантип жетмек? Бишкектин жаңы конуштарында деле мектептердин жетишсиздиги көп жылдан берки көйгөй болуп келе жатат. Деги, билим берүү чөйрөсүн жетектегендер көздү жуумп алышканбы, толгон кемчиликтерди көргүлөрү келбей, кеңседен чыкпай калышканбы?

 

Курманбек РАМАТОВ

 

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2019 11:37

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина