К.Садыков: Кыргызстан тарых жолунда эркиндикти кандуу күрөш эмес, эволюциялык жол менен жетти

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 29, 2020 02:08

К.Садыков: Кыргызстан тарых жолунда эркиндикти кандуу күрөш эмес, эволюциялык жол менен жетти

1 — Канат Жалилович, пандемия маалында сиз жетектеген Улуттук Университеттин студенттерине билим берүү жагында кыйынчыктар болгон жокпу?

— Негизи биздин окуу жай акыркы жылдары компьютерлештирүү программаларын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү менен студенттерди аралыктан окутуу иштерин колго алган элек. Анан 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы, 2020-жыл Кыргызстанда «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деген жарлыкка Президентибиз Сооронбай Жээнбеков кол коюп, биз баштаган ишибизди алдыга жылдырууга чоң өбөлгө болду десем жаңылышпайм.

Биздин окуу жай 2018-жылдын май айларынан баштап эле 9 окуу имараттарын заманбап компьютердик техникалар менен жабдып, серверлерин күчөтүү  иштерин колго алганбыз. Пандемия маалында студенттерди онлайн окутууда кыйынчылыктар болгон жок. Биздин окумуштуулар кеңешинин чечими менен интернет-трафиктерди күчөтүү максатында каражаттарды көбөйтүп, программаларды киргизүү иштери менен алек болуп калдык. Онлайн окутуу системасына өтүп жатканда Билим берүү министрлиги санариптик билим берүүгө басым жасоо менен атайын билим берүү порталын иштеп чыгышты. Алар менен Улуттук Университеттин вебкызматкери кызматташып, АВN онлайн окутуу платформасын кеңейтүүдө окуу жай тарабынан даярдалган программаларын киргизип турдук.

Биринчи эле окуу жайдын техникалык серверлерин Билим берүү министрлиги тарабынан кабыл алынган (Zoom) программасы аркылуу окутуучулардын лекцияларын, практикалык сабактарды жайгаштырып, студенттерди окутуп баштадык.

Улуттук Университетте улуу муундагы окутуучулар бар экендигин билебиз. Алар заманбап технологияларды пайдаланууда кыйналышкан жокпу?

Мен жогоруда айтып кеткендей акыркы эки жылда студенттерди аралыктан окутуу боюнча атайын мугалимдерди даярдоо курстарынан өткөрүп келгенбиз. Ал эми пандемия учурунда улуу муунду кайрадан окутуп даярдоого туура келди. Албетте, кыйынчылыктар болгон жок деп айтуу кыйын. Кээ бир окутуучуларыбыз окуу жылы бүткөндөн кийин: “биз сырттан эле кеңеш берип  туралы, жаңы технологияны өздөштүрүүгө болбойт экен”-деп арыздарын жазып берип, ардактуу эс алууга чыгып кетишти. Ал эми кээ бири жаңы жолго түшүп, технологияны ийгиликтүү өздөштүрүп кетишти. Бул дагы болсо, ийгилик деп эсептейм. Аралыктан окутуу ыкмасын колдонуп жүргөн мугалимдер, кыйынчылыксыз эле ABN программасы менен иштеп кетишти.

ABNден сырткары дагы кандай программаларды мугалимдер колдоно алышат?

Чындыгында пандемия маалында мугалимдерге өтө керектүү болгон аралыктан окутуу прогораммасын жакшы өздөштүрүп алдык. Жогоруда айтылган ABN программасынан сырткары google klassuil программасын менен иштөөнү үйрөнүштү. Себеби, ал программада студенттерге баа коюлуучу журналдарды пайдалануу, студенттердин тапшырмасын текшерүү ж.б. өтө керектүү болгон усулдук ыкмаларды тапса болот.

Бул учурда интернет менен бекер пайдаланууга Мегоком менен келишимдин негизинде атайын студенттерди 1000 ден ашык карточка менен камсыз кылдык.

Факультеттин окутуучулары ар бир предметтен лекцияларды жаздырып, атайын программалардан сырткары ютуб каналдарына дагы жүктөп жатышты. Негизинен интернет айдыңында окуу сабактары боюнча өтө көп лекциялар пайда болду.

Канат Жалилович, Улуттук Университет өнүгүү жолунда баратканы талашсыз. Дегеним, медицина факультетин ачабыз деген аракетиңиздерден кандай жыйынтык чыгып жатат?

Ооба, бул тармакта материалдык камсыздоо, даярдыктар боюнча  айтаарлык жумуштар жасалды десем болот. Биздин № 4 окуу имаратынын корпусу студенттер жашаган профилактория эле. Ал имарат медицина багыты болгондуктан, учурда чакан студенттердин медициналык борбору бар. Ошол имарат жана анын жанында окуу жайдын мурдакы аскердик кафедрасынын гаражы азыр өтө кыйын абалда. Себеби, тегерек четинин барын жеке үй куруучулар көп кабаттуу үйлөрдү куруп, окуу жайдын мүлкүнө дагы көздөрүн кызарта башташты.

Биздин медицина жаатында өнүктүрүү үчүн иш-аракеттерди жасап жатабыз. Учурунда, пайдаланып калбасак, ошол гараждан дагы айрылып калуу коркунучунда турабыз. Бир жылдын ичинде өз мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жараша медициналык лаборатория уюштурууга жетиштик.

Ал эми биздин улуттук статусубуз болгон үчүн Медицина  факультетин ачуу максатында Индия мамлекетинин Бхопал провинциясындагы фармация жана химия тармагында өтө өнүккөн мамлекеттик медициналык окуу жай менен келишим түзгөнбүз.

Алардын талабы, инвестор катары бир имарат берсеңер толук реконструкция жасап, жанындагы жерге чет өлкөдөн келген студенттер үчүн жатакана жана жанына клиника курабыз дешкен. Эки жылдын ичинде жалпы долбоор 10 млн. $ түзмөк.

Биз бул ишти баштаганда эле мурдатан рынокту ээлеген компаниялар биз туралуу тескери маалыматтарды чыгара башташты. Мен түшүнөм бул – рыноктогу атаандаштык. Кыргызстандын Улуттук университети менен Индиядагы ири окуу жай биргелешип кызматташса, алардын мүмкүнчүлүгү көп болуп, рынокту ээлеп алуу коркунучу бар – деп чочулашса керек. Акырында Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары дагы аралашып, бут тосуп, кара пиар менен катуу иштешти.

Улуу орус элинде “деньги любят тишину”-деген сөз бар эмеспи, биздин бараткан багытыбыз кечеңдеп, созулуп кеткенинин себеби дагы ушул.

Ошол эле учурда, иш баштала электе окуу жайды текшерип 6 жолу комиссия келди. Окуу жайдын фундаменталдык факультеттер химия, биология лабораторияларынын иштеп турушу жана бийик деңгээлдеги аудиторияны, андан сырткары окуу процесстеринин жүрүшүн көрүп, 90-жылдык тарыхы бар окуу жайга  келген текшерүүчү комиссиялар кемчилик таба алышкан жок.

Жыйынтыгында, жазылган арыздар, ММКдагы туура эмес кеткен маалыматтардын негизинде текшерүүлөр көп болуп, тосколдуктарга дуушар болдук.

Ушундай текшерүүлөрдүн натыйжасында, түзүлгөн келишимдеги бөлүмчөлөр  аткарылбай калгандыктан, кайрадан түзүүгө тура келди. Учурда, инвесторлор түшүнүү менен кабыл алышып, кайрадан иштерибиз жандана баштады. Буюрса, жаңы жылдан кийин ишибизди баштайбыз деп турабыз.

Өткөн жылы М.В.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик Университет менен келишим түзүлдү эле, жыйынтыгы кандай болуп жатат?

Ооба, бул келишим өз жемишин бере баштады. Дегеним, орус тилин чет мамлекеттерге жайылтуу сертификатына ээ болдук. Бизге бул сертификат кандай мүмкүнчүлүк ачып жатат? Мисалы, Кыргызстанга келген Кытай, Азия мамлекеттеринин жарандары орус тилин жогору баалашат. КУУ менен ММУ биргелешкен сертификатын алган окуучуга билимин өркүндөтүү, илимий чөйрөлөргө  кошулууга жакшы мүмкүнчүлүк жаралат. Натыйжада, биз Кытайдын ири университеттеринен сунуштарды алдык. Мисалы, өткөн жылы Кытайдын Хинян шаарындагы эң ири университетине ошол эле провинциянын жетекчилиги жана Улуттук университеттин орус тили борборунун мугалимдери менен биргеликте барып орус тил борборун ачып келдик.  Ал эми биздин окуу жайдан орус, кытай тилдерин жакшы билген 20 студент Хинян шаарындагы окуу жайдан билимин улантып, ай сайын 1000 юань стипендиясын алышат.

Мындан сырткары, КУУти Россиянын ЖОЖдору менен тыгыз байланышта иштешкендиктен, Кытайдын Жогорку окуу жайлары дагы кызыгышып, илимий жактан кызматташууну колго алып жатышат. Учурда, Ванянь, Шанхай университеттери дагы 50дөн ашык илимий кызматкерлери КУУдан докторантурасын жакташына кызыкдар болуп турушат. Бүгүнкү күндө Саясат жана укук боюнча докторанттар келиши керек эле, пандемия илдетинин айынан токтоп калды.

Пандемия демекчи, жаңы окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуу кандай болду?

2020-2221- жаңы окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуу жалпыга маалым болгондой онлайн түрүндө болуп, Билим берүү министрлигинин атайын даярдарган сайты аркылуу каттоодон өтүп, жетиштүү бал алгандар бюджетке, контракка  өтүштү.

Август айында окууга өткөн абитуриенттердин электрондук, үйүнүн даректерин тактап, мобилдик телефондорун каттоодон өткөрүп, жаңы окуу жылына карата даярдыктарды көрүү менен алек болдук.

Биринчи курстун студенттери онлайн сабактарды кантип, кайсы программалардын негизинде даярданат-деген суроого, окуу жайдын китепканаларын, электрондук китепканаларды, башка китепканалар менен келишимдин негизинде атайын програмаларды даярдадык.

1-курстун студенттеринин эстеринен 1-сентябрь күнү эч качан кетпейт. Мен дагы ушул КУУнун 1-курсуна келгенде 1-сентябрь күнү окуу жайдын актовой залына чогулганбыз. Анын шып (потолок) жумуртка салган картон кагаздан кооздолгондугу бүгүнкү күнгө чейин эсимден кетпейт.

Ошондуктан, 1-сентябрда биринчи сабак окуу жай, факультеттердин өзгөчөлүгү, кесибинин артыкчылыгы, милдети туралуу тааныштыруудан башталат.

Канат Жалилович, саналуу күндөрдөн кийин Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк күнү келет. Сиздин каалоо-тилектериңиз?

Мен айтаар элем, Кыргызстандын жарандарынын чыныгы майрамдарынын бири мамлекеттин эгемендүүлүк күнү. Анткени, ар бир улуттун бактылуулугу анын эгемендүүлүгүнө жана эркиндигине байланыштуу. Себеби, өзүнүн жеринде, мамлекетинде, улуттук символикасы, каада –салты, маданияты, тарыхынын жоготпой сакталышы эгемендүүлүккө байланыштуу.

Кыргызстан тарых жолунда эркиндикке кандуу күрөш менен эмес, Эволюциялык жол менен жетти. Бирок, эгемендүүлүк тарыхыбызда өнүгүү жолуна таасир эткен эки жолу революция болуп өттү. Жетишкендигибиз мамлекет катары өзүбүздү сактап кала алдык. Учурда өнүгүү жолунда башка өнүккөн мамлекеттер менен катар турганыбыз кубандырат.

Ошондуктан, айтаар элем, мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө ар бир жаран болгон күч аракетибизди жасашыбыз керек. Көп улутту калкыбызга кааларым ынтымак, сабаттулук, саясий сабаттулук, ден соолук, ийгиликтерди каалайм.

Нурзада Акмат

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 29, 2020 02:08

Приемная кампания 2020

Элдик медицина