Көрүнүктүү коомдук ишмер Жалгап Казакбаев 71 жашында дүйнө салды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 6, 2020 08:15

Көрүнүктүү коомдук ишмер Жалгап Казакбаев 71 жашында дүйнө салды

7Көрүнүктүү коомдук ишмер Жалгап Казакбаев узакка созулган оорудан улам 71 жашында дүйнө салды.

Жалгап Казакбаев 1949-жылы Панфилов районунун Тельман айылында туулган.

Ал Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана бекемделишине, өлкөнүн социалдык жана экономикалык, тоо-кен өнөр жай тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргызстандын тарыхында калат.

Жалгап Казакбаевдин жаркын элеси элибиздин эсинде сакталат, анын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, орун басарлары Элкинбек Аширбаев, Светлана Волкова. Гульнура Мамбетисаева, Турусбек Ногоев, Өмүр Ногоев, Нурлан Шаршеналиев, Каныбек Апбасов, Байыш Курманов, Марс Саккараев, Мелис Раимкулов, Асылбек Сатывалдиев.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 6, 2020 08:15

Приемная кампания 2020

Элдик медицина