Көптүн бири, жок-жок, өзгөчөлөр…

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 7, 2019 14:07

Көптүн бири, жок-жок, өзгөчөлөр…

7 Айылдын асыл айымдары

         … Кычыраган кышкысын ак кар, көк муз басып турганда улуулугу менен жылуулугун, албетте, анан да сулуулугун жандуу аттуунун баарына демейкиденкыйла көбүрөөк, даана арнайын, шамал-шумал, бороон-чапкындардан толугураак кымтылайын дейби, айтор, заңкайган  тоолор бир көз жүгүрткөндө да, телмире тигилгенде да абдан берилеп, сунулган кол жетээрлик эле жерге жакындап келип, анан быйыл, минтип эртелеп  камынган жазга үндөштүгүн билгизе, күн нуруна жараша жылтылдаган калың, апакай тонун ылдыйдан өйдөнү көздөй шашылбай, астейдил “чече” баштап, ошол калыбы менен кайра артка кетенчиктеп, өз ордун ээлеп ката түшкөндөй айланага бийиктен карап, шыбырын ободон бүркө, таза абага кененирээк жол ача.Ооба, бул тоо беттериндеги кар эрип, жаз келгендеги, айрым адамдарга гана даана байкалган табышмактуу көрүнүш: тоолор өз ордунда эле, алардын этегин түрө орун алып, касиет-күчүнөн улам жанданган кышы жылуу, жайы салкын Сары-Булак айылы да, демек, сарыбулактыктар да өз ордунда жаратылыш менен жарыша келечекке умтулуп.

Эки-үч сөз менен айтылган мындай толгонуу кокусунан чыкмакпы: качан, кайсы жерде болбосун сарыбулактыктар жөнүндө айтчу кеп чыгабы, аны тээ эбактан бери, ар качан, эки-үч сөз менен болсо да тоолор менен, айыл жана анын табышмактуу жаратылышы, мазарлуу жанбулактары менен ушинтип алыстан учурашуудан баштоо ошол айылдын ар бир ойлуужаранынын жүрөгүнөкоргошундай орногон ниет, не бир ойлорду камтыган бузулгус адат, эреже болуп калгандай. Албетте, бул – көбүнесе айылдын дарылык касиет-күчү арбын туптунук суусунун, күндүн нуру, таза аба кастарлай демдеген көмөч токочунун даам-касиеттерин даана сезгендерге тиешелүү. Бул эрежени улууларыбыз – Социалисттик Эмгектин баатыры Үсөнбек Макишев да, акындар Субайылда Абдыкадырова менен Турар Кожомбердиев да, классикалык күрөш боюнча кыргыздын туңгуч мастери Камчыбек Макишев да, жазуучулар Бекбай Алыкулов, Жылкычы Жапиев жана Талип Ибраимов да, белгилүү режиссер Медербек Назаралиев да, сүрөтчүлөр Турсунбек Койчиев менен Жоомарт Кадыралиев да, атактуу каскадер, айылдагы чоң иш чараларга вертолет менен келип кончу Үсөйүн Кудайбергенов да … сактап келишкен жана мындан ары да сактала бермекчи…

Ийи, баса, айылдын атактуу кулундарынын бири, эркин күрөш боюнча спорттун чебери, республикага эмгеги сиңген машыктыруучу Кармышаалы Акматов бир жолу минтет: “Биздин айылыбыздай айыл жок болсо керек. Эрте менен турганда, таза абасынан дем алгандан уялып кетем бетим тээтиги күн нурун биринчилерден болуп тосуп, манаттай кызарып чыккан тоо чокулары кейиптенип”.

Календардын “айтымы” менен гана эмес, жашоо-турмушубуздагы эң бир барктуу, жылуу, байчечекей жыттуу, жазга жарашык да 8-Март майрамы жергебизге баш багаар маалда ага куюп койгондой окшош, айылдын өткөн-кеткен, келечегине, ар бир көчө, булуң-бурчтарына, сарыбулактыктардын гана эмес, башка да далай жердегилердин жүрөктөрүнө эч унутулгус, сыздата-жылмайткан, сыймыктанта-ойлонткон жандуу эстеликтерди калтырган, азыркы тапта издеп таппай калган, “эже” аты эч өчпөгөн мугалим апалардын: Мувар эженин, Бурулча эженин, Бекбү эженин, Нуска эженин, Жумабү эженин … ж.б. элестери кантип армандуу сыймыктанууну кошултакөз алдыга тартылбасын… Кайран гана апалар, “эжелер”, бир мектептин, бир айылдын эле эмес, бүтүндөй жергебиздин көркү элеңер… Бактыбызга жараша азыркы тапта да даанышмандыгы, терең жана бекемдиги менен кийинки муундарга улуу өрнөк болуп, элдин бардык камкордуктары менен иштерине аралашып эсенчиликте жүргөн Зууратай эже менен Жаңыл эжеге кантип башты ийе алдына барып, узун өмүр, бакты таалай каалап, эң бир жылуу сөздөрдү айткың келбесин. Мен да айтамын талбай.

Тарыхы абдан терең, баягы мезгилдерде мектеп-интернаты болуп турганда республиканын мыкты педагог-илимпоздору, өйдөдө айтылгандай таланттуу эжелер жана агайлар иштеген Сары-Булак орто мектебинен окугандардын ичинен далай-далай мыктылар чыккан, чыга берет, анткени,башка айылдардагыдай эле мында да кийинки кездерде эң эле жупуну көрүнүп кеткен мугалимдик ишти, дегеле жашоо-турмушту ошол улуулар калыптап кеткен нукта төкпөй-чачпай улап, баркын бийиктетип, мезгилдин суроо-талаптарына жараша, башкаларга өрнөк болорлук иштегендерден, орусча айта келгенде, “Эже с большой буквы” дегендерден уучубуз куру эмес. Алардын бири — Нурипа Байташевна.

Ал мугалимдик кесипке кокусунан келгендерден эмес. Буга, албетте, ага билим берген мугалим эжелердин жана айрыкча бир нече мамлекеттик сыйлыктардын ээсиМувар эженин, анан, ооба, атасы, Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктери үчүн  орден жана медалдарменен сыйланган, билим берүүнүн отличниги, андан тарбия-таалим алып, чоң ийгиликтерге жеткен инсандар ар качан эскерип да, китеп-журналдарга жазып да турушкан, маркум Байташ агайдын таасирлери чоң: педагогикалык институтту бүтөрү менен, башка чакырууларга көңүл бурбай, өзү тырнактайынан улууларды ээрчип барып-көрүп жүргөн, кийин окуп-билим алган мектебине келип иштей баштайт. Мектеп жетекчилиги, мугалимдер, дегеле айылдыктардан бери анын жаштайынан аз жана салмактуу сүйлөгөн мүнөзүн, жүрүм-турум маданиятына айрыкча көңүл буруп, башкаларга да ушундай талап коюп келгенин жакшы билишет. Мындайда өсө турган кишини көрө албай, кыжаалаттангандар, бут тоскондор да болот эмеспи, бирок Нурипа Байташевна андайларга башынан көңүл бурчу эмес, бурбайт. Бул туурасында сөз да кылбайт. Бардык аракетин ишке жумшап, балдарды окутуп, кадыр-баркы, иш тажрыйбасы акырындап жогорулай берет.Анын жасап аткан кадамдарын, ар маселеге келгенде принциптүүлүгүн баалап, айрыкча кадыр-барктуу улуумугалимэжелери колдоого алышат бош боло калганда, көбүнчө танапис учурунда калоо-тилектерин, кеп-кеңештерин тынбай айтышып, кубанычтарын жашырышпай.

Ошентип мугалимдик иши жүрө берет, тажрыйбасы өсүп, бара-бара иш жагынан да өйдөлөөлөр болот. Анын мугалимдик гана эмес, жетекчилик жана уюштуруучулук сапаттарынын өтө жогору экени, маселени түз кое билип, келечектүү иш үчүн кыйынчылыктар менен бут тосмойлордон эч тартынбастыгы айрыкча ал мектеп директору болгондон тартып ого бетер ачык байкалат. Бардык жагдайлары эске алынган жаңы мектептин курулушунда анын эмгеги абдан чоң. Нурипа Байташевнанын так мына ушундай сапаттары, анан дагы: ишти “бу майда экен, мунусу чоң экен” деп бөлбөй, ар бирине ойлонуу менен маани берип, убакыт талабына жараша тегиз карап жана чечкен мүнөзү ал Сары-Булак айыл өкмөт башчысы болуп иштегендеого бетер көзгө көрүнөт. Так мына ошол учурларда, биз билгени, спорттук жана маданий иштерге жаңы бир дем кошулуп,  райондук мелдеш жана кароолордо сарыбулактыктар бир катар ийгиликтерге жетишкен.Дегеле жаштар болобу, дыйкан, фермер же жеке ишкер болобу, айылдыктардын дээрлик баардык ийгилик-жетишкендиктерине, камкордуктарынан бери ортоктош болуп, кандайдыр бир маселелер чыгып калса адилеттүүлүккө, мыйзамдуулукка чакырып, барар жерге өзү барып, кирер жерге өзү кирип, тартынчу да, аянчу да эмес ишти аягына чыгармайын.

Бу туурасында өзүнө окшоп түз жүрүп, түз сүйлөгөндөр анын жалпыга тиешелүү маселелерге келгенде абдан адилеттүүлүгүн, элдин суроо-талап жана муктаждыктарын айттырбай билгендигин, жаманга катуу каршы туруп, жакшыны дароо байкап жана колдой билгендигин ар качан сөз кылышат. Азыркы тапта, татыктуу эс алууда жүрсө да айылдагы көйгөйлүү маселелерге келгенде түздөн-түз аралашып, кеп-кеңешин айтып турат, мунсуз чыдабайт, ал эми үй-тирилиги болсо, элдикиндей: мал-салга каралашып, керек болгон учурда үлүштүк  жер менен да алектенет. Эң маанилүү милдеттеринин бири – уулу Адилеттин балдарын – неберелерин, айрыкча ойлогон оюн, айтканын бербеген кичинекей Патону карап жана тарбиялоо. Кыздары Гүлзат менен Нурзат да турмуштан өз ордуларын табышкан, бала-бакыралуу. Гүлзат неберелүү болгонун укканбыз, демек, ал бөбөктөр Нурипа менен жолдошу Кошулбектин чөбөрөлөрү.

… Бир нерсе эске түшө калды кылт этип: алардыкына келип калган тааныштардын бири ал экөөнүн кантип баш кошконун сурап калса,  Нурипа Байташевна тамаша кошуп атса да мостойгон калыбында  минтип жооп берип атпайбы  баарыбызды күлдүрүп: “ Биздин айылда келишимдүү жана тың балдар көп болчу, бирок эң тыңдарынан түзүлгөн үч мушкетердун Портосу – Кошулбек  кружоктордо орусча заңкылдап ырдап, анан морфлотто кызмат өтөп келгенде  формасы зыңкыйып, береткасы өзүнө куп жарашып турса эле аны укмуш деп ойлоптурмун…”.

Мындай маанилүү турмуш тандамында алар бири-бирин табышып,баш кошуп, адашышкан эмес: буга убакыттын өзү күбө, баарын көрүп-билип, экөөнү тең урматтап турушкан сарыбулактыктардын пикирлери күбө, элине чоң пайда келтирип, керек болгон учурларда айылдыктарга да жардам берип, өзүлөрү да тың оокат кылып атышкан уул-кыздары, неберелери күбө, Т.Кожомбердиев атындагы көчөнүн боюндагы бардык ыңгайлуулуктары бар бир чоң үйдө орун алган дайымкы ынтымак жана мында ар кыл маселелер, кээде жөн жай эле үзүлбөй келип-кетип турган айылдыктардын ачык маанайлары, айткан жагымдуу сөздөрү күбө. Алар дайыма бирге, анткени алар көптүн бири болушса да, экөөндө тең өзүлөрү демейде элес албаган, экөөнү бириктирген жана ушунча убактардан бери сактап келаткан өзүнчө чоң өзгөчөлүктөрү бар,  Кошулбектин кандай шофер, кандай жигит экенин айтсак сөз көбөйөт, аны азырынча айтпай ак коюп, ал эми айрыкча Нурипа Байташевнанын бу турмушта жетишкен ийгиликтеринин баары так мына ошол жаратылыш табыштаган сапаттарынын натыйжасыкөп учурларда өзүнө да байкалбай, күтүлбөгөн саам-ирмемдерде көрүнүп, түшүнбөстүктү артка итерип, жакшылыкка артылткан, өткөн-кеткенди, улуулардын баскан жолун, аткарган иштерин көкүрөгүндө бекем сактатып,  сыймыктанта таасирлентип, алдыга сүрөп турган…

Жумакан САРИЕВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 7, 2019 14:07

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина