Көптөн бери күткөн «Оскар» сыйлыгын Леонардо ди Каприо алды

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 29, 2016 13:05

Көптөн бери  күткөн  «Оскар» сыйлыгын Леонардо ди Каприо  алды

big29 февраль, Бишкек. Леонардо Ди Каприо Америкалык киноакадемиянын эң башкы сыйлыгын «Эркектин мыкты ролу үчүн» алды. Учурда «Оскар» сыйлыгы Лос-Анджелес шаарында тапшырылды, аны ABC каналы түз алып көрсөттү.

Буга чейин ди Каприо бул сыйлыкка беш жолу талапкер катары көрсөтүлгөн. Бирок, ийгилик андан кыйгач өткөн. Ал «Титаник», «Саткындар» («Отступники»), «Башталыш» («Начало»), «Кандуу алмаз» («Кровавый алмаз»), «Уолл-стриттеги карышкыр» («Волк с Уолл-стрит») жана башка тасмаларда роль жараткан.

Леонардо Ди Каприо Америкалык киноакадемиянын эң башкы сыйлыгын «Эркектин мыкты ролу үчүн» алды.

Ди Каприо биринчи жолу 18 жашында «Гилберт Грейптин тынчын алган эмне» («Что гложет Гилберта Грейпа») тасмасында экинчи пландагы ролу үчүн көрсөтүлгөн.

Актер Леонардо ди Каприо менен тасманын режиссеру Алехандро Гонсалес Иньярритуго.

Былтыр анын талапкерлиги актер жана продюсер катары «Уолл-стриттеги карышкыр» тасмасы үчүн сунушталган. Бирок, сыйлыкты Мэтью Макконахи менен Алехандро Гонсалес Иньярриту алган. Ал эми 2016-жылы ал «Тирүү калган» тасмасында жараткан ролу үчүн кайтадан «Оскарга» көрсөтүлгөн. Буга чейин аталган тасмада жараткан ролу үчүн ди Каприо «Алтын глобус» сыйлыгын алган.

«Оскар» сыйлыгы 88 жолу тапшырылууда.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 29, 2016 13:05

Парламент

Элдик медицина