Көпкөн кыргыз мырзалары үчүн жалпы мигранттар азап чегүүдө

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 22, 2019 11:28

Көпкөн кыргыз мырзалары үчүн жалпы мигранттар азап чегүүдө

12 Якутск шаарынын тургунун зордуктаган деп үч кыргызстандык кармалды. Бул окуя жергиликтүү элдин нааразылыгын жаратып, эки ирет митинг өттү. Шаарда мигранттарга каршы маанай күчөп, атургай чет элдиктерди коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат деген маалыматты Орусия мамлекетинде иштеген мигрант Калыс мырза билдирди.

Якутия боюнча тергөө комитетинин маалыматында 17-марттын түнүндө 23 жаштагы кыргызстандык жаран жергиликтүү аялды күчтөп унаага отургузуп, зордуктаган. Кийин жабырлануучуну тааныш балдарына – унаа оңдоочу жайга алып барып таштайт да, өзү үйүнө кетет. Аялмындагыэкиэркекуктагандакачыпчыгып, укуккоргоооргандарынаарызданат. Шектүүлөрдароо эле колготүштү. Бирөөсүнө “адамдыуурдоо” жана “зордуктоо” беренелеримененайыптагылды, ал күнөөсүнмойнунаалган. Беркиэкөө “адамдыэркинекаршыкармаптурууга” шектелүүдө. Башындабулардынулутутууралуурасмиймаалыматайтылганэмес, бирок аларборборазиялыктарэкенибоюнчасоцтармактасөздөртарайт. УшунданкийинЯкутиянынбашчысыАйсен Николаев шектүүлөрКыргызстандынжарандарыэкенинырастады.

Жергиликтүү аял зордукталганы боюнча маалыматтан улам нааразы эл митингге чыкты. Биринчи акция 17-марттын кечиндеөтүп, 200дөй адамчогулганыбелгилүүболду. Якутия өкмөтүнүнбашчысы Федор Борисов нааразыболгондордутаратып, 18-мартта бийликөкүлдөрү да катыша турчумакулдашылганжыйынгачакырат.

18-мартта “Триумф” спорт комплексинде Якутск эле эмес, кошуна райондордон үч миң адамдын катышуусунда экинчи акция өттү. Жергиликтүү бийлик, күч түзүм өкүлдөрү жыйынга келди. Алар элди тынчтанууга үндөп, зордуктагандар мыйзам чегинде катуу жазасын аларын айтышты.ЖыйындаЯкутия башчысы мигранттарды массалык текшерүү күтөрүн билдирди.

“Алар мыйзам чегинде иштеп, тартипти сактап, салыкты төлөшү керек. Биз, жергиликтүү эл кээде жаңылабыз. Алардан арзан мөмө сатып алабыз, таксисине түшөбүз. Эмне үчүн алардан каттооң барбы, салык төлөп атасыңбы деп сурабайбыз? Себеби, алар аз айлыкка иштеген үчүн жумушка алабыз” деди башчы.

Ошентип чет элдиктердин каттоосу, анан айдоочу-мигранттардын уруксат кагаздары өзгөчө текшерилмей болду.

Мындан улам түзүлгөн кырдаалды чечүү жана анын курчушун алдын алуу максатында Якутиядагы кыргыз диаспорасынын суранычы менен жакынкы күндөрү Якутск шаарына КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын, КРнын РФдагы Элчилигинин жана КРнын ИИМдин РФдагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери барганы жатышат.

Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги биздин мекендештерди кайсы өлкөгө барышпасын ошол өлкөнүн мыйзамын сыйлоого жана аткарууга, коомдук жайларда жүрүм-турумдун этикалык нормаларын сактоого чакырды.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 22, 2019 11:28

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина