Күйүүчү майдын баасы дагы кымбаттады

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2018 07:38

Күйүүчү майдын баасы дагы кымбаттады

12 Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы кымбаттады. Өткөн айга салыштырмалуу  2 пайызга жогорулады-деп билдирет Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы.

Күйүүчү-майлоочу майлардын баасы акыркы эки күндө эле 50 тыйынга кымбаттады.  Азыр Кыргызстандын рыногунда орточо АИ-92 бензини 43 сом 47 тыйындан сатылып жатат. Дизель отуну  44 сом 23 тыйынга чыкты. Ал эми суюлтулган газ 23 сомдон сатылып жатат. Ошону менен май айынан бери күйүүчү майдын наркы 12-13 пайызга чейин көтөрүлдү. Буга шаар тургундары нааразы.

— Албетте зыяны тийип жатат! Кичине эле кымбаттаса, жер-жемиштер анан башка азык түлүктөр дароо  кымбаттайт!

-Азыр элдин баары бай эмес. Элге кыйын болуп жатат. Албетте баа өкмөт тараптан көзөмөлдөнүшү керек.  Монополияны жөнгө салуу агенттиги кайда карап жатат?!  Билбейм! Бизге жакын эле  Георгиевкада күйүүчү май 6-8 сом арзан.

-Күйүүчү май  барган сайын эле кымбаттап баратат.  Мурун 39 сом болчу. Азыр 43 сомдун тегереги болуп жатат. 10 литр куйсаң эле 30 сом айырмасы бар, ал эми 20 литр куйганда  60 сом айырмасы чыгат. Ошентип билинбегени менен 1 доллар тегерегинде айланып калып жатат.

Күйүүчү майга болгон баалардын өсүшүнө дүйнөлүк рыноктогу баалардын жогорулашы себеп болуп жатканын Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов кабарлайт. Ошону менен июнь айында чекене баалар дагы 2-3 пайызга чейин жогорулайт.

— Биз мурда маалымдагандай азыркы баалардын кымбатташы бул тышкы фактордун таасиринен болуп жатат. Орусиядан алып келип жаткан нефти продукттар май айында кескин түрдө 10 пайызга жогорулап кеткен. Июнь айында дагы 3 пайызга көтөрүлдү. Ошондуктан Кыргызстанда чекене баалар кымбаттап кетти.

Мындай көрүнүш айдоочулардан кийин эле  дыйкандарга өзгөчө байкала түштү. Себеби жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жаткан мезгилде дыйкандын чөнтөгүнө зыяны гана тийип  жатат. Муну Токмокто 8 гектар жерге  эгинин сепкен Эмил Осмоналиев да тастыктады. Ал мындай көрүнүш быйыл гана эмес, жылда кайталанып жатканын айтып өкмөткө нааразычылыгын билдирди.

—Жыл сайын жаз-күз сезон маалында күйүүчү майды кымбаттатышат. Эмнеге билбейм… Ушуга түшүнбөйм. Бул бүгүн эле чыккан көйгөй эмес, бул көп жылдан бери келаткан маселе. Эски өкмөт деле, жаңы өкмөт деле эмнени карап отурушат билбейм.

Дыйкандарга күйүүчү майды жеткиликтүү жана арзан кылуу үчүн биринчи кезекте ортодогу айырма мамлекет тараптан төлөнүп берилиши керек. Бул  күйүүчү майды ташып келүүдөгү акциз салыгын азайтуу менен жөндөлүшү керектигин экономист Эркин Абдразаков айтат. Себеби дыйкандарга арзан насыя бердик деп майлардын баасын көзөмөлдөй албагандык,  мамлекеттин кызыкчылыгына жатпайт.

—Бүгүнкү күндө ресурстарды пайдалануу маселесине көңүл бурулбайт. Башка бирөөлөргө эле жүктөп, май ташыган чиновниктерди гана байытуунун жолу болуп калды. Мунайдын баасы кымбаттап кетсе, айыл чарбасына жеңилдеткен насыя берип аткандан кийин,  мамлекет өзү ошол айырманы төлөп берсе… Ал акциз салыгын азайтуу менен жөндөлүшү керек. Болбосо  бул көрүнүш  мамлекеттин кызыкчылыгына жатпайт!

Бүгүнкү күнү дыйкандарга күйүүчү майды жеткиликтүү кылуу үчүн өкмөт менен нефтетрейдерлер ассоциациясынын ортосунда келишимге кол коюлган.  Анда дыйкандар базардагы баадан төмөн алышмак.

Бирок келишимде ошол күнкү нарк менен көрсөтүлгөндүктөн кымбаттоо болуп жатканын дыйкандар белгилешет.

Эскертек кетсек, өткөн айда Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы жакынкы айларда күйүүчү майга болгон баалар 5-10 пайызга жогорулай турганын маалымдаган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2018 07:38

Парламент

Элдик медицина