К. Иманалиев: «XXI кылымда парламенттик башкаруу таризиндеги өлкөлөр көбөйүп барат»

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 12, 2015 08:32

К. Иманалиев: «XXI кылымда парламенттик башкаруу таризиндеги өлкөлөр көбөйүп барат»

6 12 июнь, Бишкек. Кечээ, 11-июнунда өтүп жаткан “Парламенттик демократияны өнүктүрүү: алынган сабактар жана анын келечеги” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев азыркы парламент элге кыйла жакын болгонун белгиледи. «Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин өлкө аймактарында өздөрүнүн көчмө жыйындарын өткөрүп, республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди чечип жатышы мунун айкын далили», — деди ал.

Депутат К.Иманалиев Жогорку Кеңеш өз милдеттерин татыктуу аткарганын айтты. «2010-жылдагы Кыргызстан менен 2015-жылдагы Кыргызстан – эки башка өлкө. 2010-жылы лигитимдүү бийлик жок болгондуктан, миңдеген митигдер өттү. Эң башкысы – Жогорку Кеңеш өлкөдөгү саясий туруктуулукту сактай алгандыктан, азыркы 2015-жылы бизде баардык бийлик бутактары бар», — деп айтты эл өкүлү.

Ал XXI кылым – парламентаризмди өнүктүрүү доору экенин, ошондон улам парламенттик башкаруу таризиндеги өлкөлөр көбөйүп баратканын кошумчалады. «Дүйнөдө президенти жок өлкөлөр бар, бирок алар парламенттик мамлекет болгондуктан, демократия бар. Ошондой эле, президенти бар, бирок парламенти жок жана демократиясы бар өлкөлөр кездешпейт», — деп белгиледи К.Иманалиев.

Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда “Парламенттик демократияны өнүктүрүү: алынган сабактар жана анын келечеги” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

 

Дина Кожогелдина, “Азияпресс”

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 12, 2015 08:32

Приемная кампания 2020

Элдик медицина