Көчмөндөр оюндарына чет элдик спортчуларды 25-августтан баштап кабыл алат

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 22, 2018 17:10

Көчмөндөр оюндарына чет элдик спортчуларды 25-августтан баштап кабыл алат

9 Чет элдик спортчулар 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 25-августтан тарта кабыл алына баштайт. Учурда мелдешке даярдыктар график боюнча жүрүп жатат. Оюндар ипподромдо, Кырчын жайлоосунда, дене-тарбия комплексинде жана «Номад» амфитеатрында өткөрүлөт.

Көчмөндөр оюндарынын жалпы байгеси 26 млн. сомду түзөт. Эң көп каражат көк бөрү оюнуна бөлүнүп, 1-орунга 3 млн. сом берилет.

Белгилей кетсек 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өткөрүлөт. Ага 53 өлкөдөн 1 миң 946 спортчу катышат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 22, 2018 17:10

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина