К.А.Джунушалиев: Элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу эң башкы максаттарымдын бири

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 27, 2018 14:35

К.А.Джунушалиев: Элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу эң башкы максаттарымдын бири

6 К.А.Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору: Элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу эң башкы максаттарымдын бири

7 Бүгүнкү күндө кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти камсыз кылууда Кыргыз милициясынын аткарып жаткан иштери абдан көп. Ошондон улам Кыргыз Республикасынын Ички иштер органында болуп жаткан реформалар, кадрлар менен иш алып баруу, кесиптик жөндөмдүгүн өркүндөтүү, милиция менен элдин ортосундагы  ишенимди бекемдөө туурасында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору  К.А.Джунушалиев ой бөлүшкөн.

-Кашкар Астаканович, биз биринчи суроону Сиз жетектеген ИИМде болуп жаткан реформа боюнча баштасак, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңешинде ИИМди коррупциялык схема өнүккөн министрликтердин катарында айткан жайы бар. Учурда  министрликте жүрүп жаткан реформа тууралуу айтып берсеңиз.

— Мен Ички иштер министри болуп дайындалгандан кийин Коргоо Кеңешинин чечимдеринин аткарылышын жеке көзөмөлгө алдым, атайын ыкчам кеңешме өткөрүп, комплекстүү багыттардын ар бирин өз мөөнөттө аткарылышын кызматкерлерден талап кылдым жана чечимде көрсөтүлгөн бардык талаптарды аткаруу багытында үзгүлтүксүз иш-чаралар жүрүп турат.

Жакында ички иштер министрлигинин ыкчам кеңешмесин өткөрүп, учурдагы кылмыштуулуктун ал-абалына анализ жасап, кыска мөөнөттө жана узак мөөнөттө аткарыла турган иш мерчемдерди бекиттик. Анда  коомчулук тарабынан кызуу талкуу жаралган кылмыштардын бетинин ачылышы, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кызматтык тартип боюнча көрүлүп жаткан чаралар, милиция тутумундагы коррупцияны алдын алуу багыттары белгиленди.
Ошондой эле өткөн жылдардагы кылмыштарды иликтөө жана анын бетин ачууга, кылмышкерлерди издөөгө жана кармоого байланышкан иш-чараларды уюштурууга, кылмыш иштерин калыс жана сапаттуу иликтөөгө, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүү менен ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүгө багытталган ыкчам-тергөө иштерин күчөтүү боюнча тапшырма берилди. Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана кырсыктарды алдын алууда ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу керектигин баса белгиледим. Андан сырткары  жол коопсуздугун камсыз кылуу менен жол-транспорттук кырсыктарын алдын алууга багытталган тиешелүү чараларды ишке ашыруу максаттарын көздөп жатабыз.

-Кол алдыңызда иштеген кадрларга болгон талабыңыз, карманган принциптериңиз кандай?

-Кызматкерлеримдин алдына мен кыска мөөнөттөгү тез арада аткарыла турган тапшырмаларды койдум.
Биринчи, коомчулуктун жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, криминалдык коркунучтарга каршы күрөшүү, укук бузууларды алдын алуу үчүн мамлекеттик тутумду жакшыртуу, көчөлөрдөгү жана коомдук жайлардагы криминалдык абалды көзөмөлдөө жана өздүк курамдын кызматтык деңгээлин жогорулатуу.
Экинчи,элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу. Эгерде эл милицияга ишене баштаса ошондо милиция иштей баштайт. ИИМде элдин ишенимин арттыруу боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Анткени ички иштер органдарына болгон элдин ишенимин жогорулатуу эң башкы максаттардын бири. Милиция кызматкерлери элдин алдында кесипкөйлүүлүк жана адамкерчилик жактан жогорку критерийлерге ээ болушу керек.
Үчүнчү, ички иштер органдарынын катарындагы абийирсиз кызматкерлерди тазалоо боюнча талаптарды күчөтүү керектигин тапшырдым. Милициянын формасын жамынып алып жоопкерчиликке тартыла турган коррупциялык иштер жана баңгизат кылмыштуулугу менен алектенген фактылар дагы жок эмес. Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматтарында кызматтык тартипти бекемдөө менен кесиптик жана күжүрмөн даярдыктан өткөрүү керек. Ушундай комплекстүү кадамдар милиция кызматкерлеринин профессионалдуу деңгээлин жогорулатып, учурдагы кылмыштуулук менен татыктуу күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Төртүнчү, ички иштер органдарын реформалоону өнүктүрүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү. Биз коопсуздуктун учурдагы талаптарын эске алуу менен Кыргыз милициясынын тарыхында сакталып калган мыкты тажрыйбаларды колдонушубуз керек. Муну бизден мамлекет башчысы жана премьер-министр дагы талап кылууда. Реформалоону өнүктүрүүдө эң башкысы коомчулуктун ишенимине ээ болуу үчүн коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоочу тутумду түзүү керек. Ал үчүн бийликтин ар бир бутагы менен кызматташуу, жарандык институттар менен бирге башталган реформаны, белгиленген программаларды жана долбоорлорду иш жүзүнө ашырууга жана элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берет.

Бүгүнкү күндө милициянын кадыр-баркын көтөрүүгө жана мага ишенип берилген коомдук тартипти сактоодогу бардык тапшырмаларды так жана акыйкат аткарууга практикалык тажрыйбам, кызматтык принциптерим жана тутунган багытым да жетиштүү десем жаңылышпайм.

-Акыркы мезгилдерде жер-жерлерди кыдырып жатасыз. Анын негизги себебине кыскача токтоло кетсеңиз…

-Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы”деп жарыялаган Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасынын талаптарын аткаруу максатында, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы жана Ош шаарындагы милициянын бардык бөлүмдөрүн кыдырып чыктым. Жер-жерлерде жарандар менен кезигип, жолугушуулардыөткөрдүм. Жергиликтүү бийлик органдары менен жер-жерлерде чечиле турган маселелерди сүйлөшүп, аны иш жүзүнө ашыруунун механизмдерин да аныктадык. Ошондой эле барган аймактардагы милициянын ардагерлери менен жолугуп келдим.
“Миң уккандан бир көргөн” дегендей, көйгөйлөрдү жеринен көрүп, чек арага жакын аймактардын элдин арыз-сунуштарын  жүрөгүм менен сезип, туюп, аймактардагы ыкчам абал менен жеринен таанышып келдим. Быйыл өзүңүздөр билгендей региондорду өнүктүрүүдөбиздин да ролубуз  жогору.Анткени коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүнүн сапаттык деңгээлин көтөрүү, милиция кызматкерлеринин жана ардагерлеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүү дагы региондорду өнүктүрүүгө кошкон салымыбыз деп эсептейм.

 

-Сиз кызматка дайындалганы ИИМдин башкармалыктарындагы көп жетекчилер кызматтардан кол жуушту. Ал кызматкерлер эмне себептен алынышты? Аларды кандай жазалар күтүп жатат? Же кызматты өткөрүп берүү менен баардык жоопкерчиликтен бошотулабы? 

-Өткөн жылдардагы кылмыштарды иликтөө жана анын бетин ачууга, кылмышкерлерди издөөгө жана кармоого байланышкан тиешелүү иш-чараларды уюштурууга,  кылмыш иштерин калыс жана сапаттуу иликтөөгө,  кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүү менен  ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүгө багытталган ыкчам-тергөө иштерин күчөтүү боюнча тапшырма бергем.

Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана кырсыктарды алдын алууда ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу керектигин белгиледи.  Андан сырткары,  жол коопсуздугун камсыз кылуу менен жол-транспорттук кырсыктарын алдын алууга багытталган тиешелүү чараларды кабыл алуу керектигин билдиргем.

Алты айдын жыйынтыгы боюнча областтарда, башкы башкармалыктарда атайын ыкчам кеңешмелер өткөрүлгөн, анын жыйынтыгы менен ИИМдин коллегиясы ички иштер органдарынын алты ай ичинде аткарган ишмердүүлүгүн кеңири талкууга алды жана жетекчилер тарабынан кетирилген кемчиликтери боюнча жалпы чечим кабыл алып, анын негизинде 92 жетекчи тартиптик жазага кириптер болду, анын ичинен 15 жетекчи ээлеген кызмат  ордунан бошотулуп, 77 жетекчиге  тартиптик жаза  жарыяланып, 2 жетекчиге  ээлеген кызмат ордунан тез арада  ротациялоо  маселеси чечилди.

Ошондой эле бир катар жетекчилерге тогуз айдын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү жетекчилик ишмердүүлүгүнө кайрадан кайрылып, ар бирине баа бериле тургандыгы эскертилди.

 -Сиз Сары-Өзөн Чүйдүн уулусуз, өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз…

-Жашоодо балалык күндөр ар түрдүү болот эмеспи. Ар бир жердин табигатына жараша да болот, биздин жеке жашоо шартыбызга  карата бааласам балалык күндөрүм эл катары өттү. Жетиштүү ата тарбиясын көрдүм. Мен Аламүдүн районундагы жогорку Арчалы орто мектебинде окудум. Мектепте жакшы окудум. Эми бала кезде жаным тынбаган шок болчумун. Бардыгына жетишчүмүн, окуганга да, үй оокатына да, өзүм сыяктуу тең балдар  менен шоктук кылып ойногонго да.

Ал эми үй-бүлөм тууралуу айтсам, эки уул, эки кызым бар. Балдарым-кыздарым эбак жетилип өздөрүнчө түтүн булатып, үй-бүлөлүү. Бир уулум ата жолун улап милиция кызматкери.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 27, 2018 14:35

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина