Үй бүлөлүк-дарыгер жана фельдшер, мед айымдардын маяналары жогорулады

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 26, 2018 10:19

Үй бүлөлүк-дарыгер жана фельдшер, мед айымдардын маяналары жогорулады

4  Чүй облустук Үй-бүлөө медициналык борборго караштуу дарыгерлер, фельдшер жана медайымдардын айлык акысы жогорулагандыгына байланыштуу мекеменин директору Б. Мамытовага бир нече суроолор менен кайрылдык.

Бактыгул Куштарбековна, сиз жетектеген Чүй облусундагы үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунда эмгектенген кызматкерлердин маянасы жогорулады деп уктук. Канчалык деңгээлде жогорулады?

Ооба, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрь айынан баштап, Саламаттыкты — сактоо уюмдарынын баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүп жатышкан үй-бүлөлүк врач-дарыгерлер менен жалпы практика-врачтарына ишти индикаторлордун негизинде баалоо жыйынтыктары боюнча алып аткан эмгек акысына кошумча айлык төлөө тартиби Кыргыз өкмөтүнүн 2018 жылдын 28-сентябрындагы №451 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Кызматкерлеринин эмгек акысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011 жылдын 26-майдагы №246 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Кыргыз өкмөтүнүн №246 токтомуна ылайык:

-Үй-бүлөлүк медайымдар жана ФАПта иштеген фельдшерлерге базалык айлык акысына кошумча 30% айлык төлөнөт.

-Үй-бүлөлүк дарыгерлер менен жалпы практика дарыгерлерине ишти баалоо жыйынтыгы боюнча кошумча төлөм жургүзүлөт, бул ишти жүргүзүү үчүн:

-Баштапкы саламаттыкты сактоо уюмдарына өзгөртүлгөн “Амбулатордук КИФ” маалымат базалары орнотулду. Ушул жылдын октябрында бизге ЖДБ-25 орнотулду.

-Медицина кызматкерлерине өзгөртүлгөн “Амбулатордук КИФ”ти толтурунун түшүндүрүү жол-жобосун үйрөтүү боюнча аймактардагы медициналык кызматкерлерге атайын семинар өткөрүлдү. Жумуш учурунда медициналык жардамга кайрылган жаран, медициналык кароодон өткөн, рецеп алганга келгендер жана мезгили жетишип көрүнүгө келген боюнда бар келиндерге, жаш балдарга, ар-бирине “Амбулатордук КИФ” толтурулат, жана ушул КИФ операторлор аркылуу күнүгө компьютердин маалымат-базасына киргизилет.

Ар-бир айдын жыйынтыгы менен “9” көрсөткүч аркылуу ар-бир дарыгердин аткарган ишинин жыйынтыгына балл (упай)-ыйгарылат. Иштин жыйынтыгын компьютер автоматтык түрдө ар бир айда УДТ, ЖДБнын деңгээлинде-балл түрүндө чыгарылып турат. Ар-бирдарыгерге эң көп бал 100. 100 балга-19800 сом кошумча төлөм болот. Ошондо өзүнүн айлык акысы –мисалы-10 миң сом болсо, кошумча 100 бал алса, айлык акысы 10000+19800=29,800 сомду түзөт. Эгерде 50 бал алса 10000 сом+9900=19,900 сомду тузөт.

-Сиз айтып жаткан КИФ бардык аймактарга орнотулганбы?

-Ооба, учурда кичине кыйынчылыктарды жаратып жаткан амбулатордук КИФтин акыркы өзгөртүлгөн варианты алынып келине элек. Заманбап техникалардын жардамы менен азыркы амбулатордук КИФке эки жерге кошумча кол менен өзгөртүү киргизилүүдө. Кечиктирилип жатканы дагы ошондон деп ойлойм.

-Ар-бир медициналык кызматкерлер персоналдык компьютердик техникалар менен камсыз болгонбу?

-КИФтерди борбордук бейтапканага алып келип МИОго (Медициналык маалымат бөлүмү) тапшырылат. Ал жерде операторлор “амбулатордук-КИФ”ти компьютердеги маалымат базасына киргизгенден кийин, компьютер жыйынтыгын бал менен берет, врач өзү эмес операторлор базага маалыматтарды туура эмес кээ бир мүчүлүштук менен толук кирбей калышы мүмкүн. Бул мүчүлүштуктөр убактылуу көрүнүш толугу менен бара-бара өз нугуна келет. Ошону менен ар-бир үй-бүлөлүк мед айым, дарыгерлер иш жыйынтыгы менен тийэшелүү маяна алууга толук мүмкүнчүлүк түзүлөт жана татыктуу маяна ала-алышат.

 Чүй облусунда канча үй-бүлөлүк дарыгерлер эмгектенет жана канча ФАПтар бар?

Чүй облусундагы калкты 8 Үй-бүлөө медициналык борбор тейлейт. Андан сырткары, беш жалпы практика-врачтары Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында, Кемин районундагы Орловка шаарында жана Аламүдүн районунун Арашан айылында, Панфилов районунда жайгашкан.

Ал эми, 92 Үй-бүлөө медициналык топ, анын ичинен Аламадүдун районунун Таш-Дөбө, Ленинское айылдарында жана Сокулук районунун Күн-Туу айылы, Москва районунун Александровка, Садовое айылдарында юридикалык өз алдынча үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору эмгектенишет.

Чүй облустунун  аймагында Үй-бүлөө медициналык кызматкерлерден сырткары

187 фельдшер-акушердик бөлүмдөр (ФАП) кызмат кылат.

ФАПта эсгектенген медкызматкерлердин маянасы буга чейин канча болгон?

Бүгүнкү күнгө чейин фельдшер-акушердик бөлүмдөрдө (ФАП) кызмат кылган кызматкерлер 8200 сом маяна алган болсо, эми 9460 сом эмгек акы алышат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 26, 2018 10:19

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина