Изденүү жолундагы бийиктиктер

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 29, 2019 11:42

Изденүү жолундагы бийиктиктер

8 Театр жана өнөр адамы

Арабыз “алыс”эмеспи: театр каякта да, биз каяктабыз дегендей (тамаша), чыны, экөөбүз жылдап көрүшпөйбүз, бирок качан жолукпайлы, арадан өткөн ошол көп убакыттар артка чегинип, мага ар качан баягыдай эле күнүгө бирге басып  жүргөндөй туюлуп туруп алат, мындайдын себеби туурасында да өз оюм бар, аны айтпайын сөздү көбөйтпөй, анын үстүнө искусствонун бу улуу борборунун эшигин ачып, береги эле кийим илгичинин жанына  баруу үчүн кандайдыр бир өзгөчө даярдык, арзуу сыяктуу касиеттүү “чакырык”, таасир да керектигин билгенден болсо керек, акыркы жолу драмтеатрга качан келгеним эсимде жок. Чоке (Кыргыз Эл артисти Чоро Думанаев), суроолорду да бери жактан баштайын дейм: кайсы жагың эстебейин, ал эми сенин ырга шыгың бар болсо да, үнүң жок экенин билем. Кайсы ырды жакшы көрөсүң? Мен, мисалы, экөөбүз тең жакшы билген, сыйлаган Мукенин  (Кыргыз эл артисти Мукан Рыскулбековдун)  Геннадий Базаровдун “Көчө” фильмине арналып жазылган “Аппагым” деген ырын…

— Негизинен кыргызда эзелтен кан-жаныбызга сиңген ырларды жараткан, классиктер деп койсок да болот, мыкты композиторлор абдан эле көп болгон. Кийинки кездерде эле Шералиев, Атабаев, Рысбаев, Тагаев… өңдүү мыктылар чыкпадыбы. Мына ошолорго удаалаш Мукан Рыскулбеков да мына ошолордун катарында. Булар өзүнчө доор-доор болуп, башкача айтканда, муун-муун болуп, кийинкилерге сабак да, сыймык да болорлук чыгармаларын калтырып  келишкен. Азыркылардын жараткандарын негедир түшүнө албай калам…

- Чоке, мен бул суроону бекер жерден берип атканым жок. Сен тууралуу укканда же теледен көргөндө, биринчи кезекте негедир “Көчө” фильми көз алдыма тартылып, музыкасы кулагыма угула түшөт…

— Ооба, бул өзгөчө фильмдердин бири экенин убакыттын өзү ырастап атпайбы. Классикалык чыгарма десек да туура болор. Андагы ролдорду аткаргандардын дээрлик баардыгы не деген залкарлар эле: М. Рыскулов, Б.Кыдыкеева, С.Жумадылов ж.б. Бул кинорежиссер Геннадий Базаровдун да залкарлыгын айгинелейт. Мен абдан бактылуу экенмин мына ушундай улуулар менен иштеген. Анда ойногон актерлордун көбү өтүп кетти, бизге түбөлүк эстеликтерди калтырып. “Аппагым” деген ыр да укмуш эмеспи азыркы тапта да укканды толкунданткан, киного көрк да, сулуулук да берип, бар нерсеге жараша жеңилдик берип турган.

- Кийинчерээк кайсы бир фильмдерде ойноп калып жүрөсүң, көбүнчө кийинки пландагы, эпизоддук ролдордо, бирок, менин айтайын дегеним, кичине нерсени калдайтып көрсөтүшүңдө, фильмдин ошол жерин байытыппы же көркүн ачып жиберишиңде. Кээ бир актерлорду билебиз го турмушта эч бир нерсеси менен айырмаланбаганы менен, сахнага чыкканда, ага батпай калдая далдайган.

— Мындай кичине ролдорду да чоңойто көрсөткөн актерлор аз эмес. Бул жакшы көрүнүш. Бирок кичине актерлор, арийне жок эмес. Образга мүнөз бере албасаң, кичинеби же чоңбу, ойнобой эле коюш керек. Мында, албетте, улуулардын сабагы эң алдыңкы орунда турушу керек.

- Эми маегибизди багытын бир аз өзгөртөлү. Жашоо-турмуш кандай?

- Жашоо-турмуш маданият, билим берүү… тармактарында  иштегендердин баарыныкына эле окшош. Аны өзүн деле билесиң. Айтып олтурбайлы. Мына таланттуу жаштарыбыз жетилип келатат, алардын дээрлик бардыгы тең тээтиги Кызыл-Аскердеги хоздвордогу бөлмөлөрдө жашашат бала-чакасы менен. Биз деле менчик үйлөрдө жашап келдик го, жаш кезде. Бирок анда атайын маданият кызматкерлерине квартира курулуп, мейманкана тибиндеги жатаканалар да берилчү кийинчерээк “расширение” дегени болуп. Азыр баары  сатылыппы, приватташтырылыппы, аларда таптакыр чоочундар жашайт. Айтылгандай, маданиятты ар качан сыйлаш керек маданияттуу өлкө болуп, театрды мамлекеттин күзгүсү катары көрсөтүп…

- Ооба, маданият кызматкерлери аздан болсо да кандайдыр бир камкордукту даана сезип турган убак эмес беле чакан болсо  өзүнчө бөлмөлүү болуп. Азыркы мезгил, Чоке, арыз-муңду айтып, кайгырып, аракетсиз олтура берчү да убакыт эмес го…

— Кантип аракеттенбейли, биз оптимист эмеспизби. Мурдагыдай эле качан болбосун, кайгың ашып-ташысын мейли, эч нерсеге карабай эл үчүн кызмат кылып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн ачып, күлдүртүүгө кымындай болсо да шарт-ыңгай түзүүгө далалаттанабыз…

- Менимче, репертуарданбы, актерлордун касиет-сапаттарынанбы, кийинчерээк театрдын баркы ылдыйлап, спектаклдерге дээрлик киши келбей калгандай сезилет…

— Келе баштады көрүүчүлөр.

- Кайсыл, кандай спектаклдерге жана кандай категориядагы көрүүчүлөр?

- Чиновниктерди айтпайын, жергиликтүү жаштар көбүрөөк келе баштагандыгы кубандырат келечекке үмүт арттырып. Театрдын өзү эле чоң касиет, унутулгус жана өзүнө тартып, алдыга умтулууга себепкер болчу улуу сабак эмеспи. Мындан көп нерсени  үйрөнүүгө болот. Мурда беш тармак-багыт боюнча иш жүргүзүлчү дүйнөлүк классика да эске алынып. Азыр деле жакшы спектаклдер бар, бир топ жылдардан бери сахнадан түшпөй, көрүүчүлөр көп келген. Алардын баарын санап олтурбайлы. Мисалы,  “Манастын уулу Семетейди” актерлордун бешинчи мууну ойноп жатат.

-  Театрдагы кийинки жаңылыктардан да сөз кыла кетсең…

—  Театрдын улуу ишмерлерине арналган фестивалдар өткөрүлөт. Быйылкы фестиваль – Даркүл Күйүкова апабызга арналды. Бүт республикадагы театрлар өз өнөрлөрүн көрсөтөт улуу актрисанын урматына. Былтыр Муратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиева апабызга арналып өткөрүлгөн. Мына бүгүн Таттыбү Турсунбаеванын эстелигине гүл коюу аземи өтүп, андан соң бул эскерүү иш чарасы Ала-Арча көрүстөнүндө улантылат.  Улуттук театр  өткөрүп аткан мындан башка да иш чаралар арбын.

- Эл артисти наамын абдан кеч алдың окшойт…

— Он жылча болуп калды го…

- Келечек тууралуу да айта кетсек…

Окуу жайлар азыр өзүбүздө мурда Москва, Ташкент деп келсек. Жакшы “школа” өзүбүздө да тамырын жаюуда, айтылгандай, муундардан муундарга өтүп турган. Улуу театр болгондон кийин мында таланттуулар гана иштеши керек.

- Театр сен үчүн эмне? Улуу театр ишмерлеринин айтып кеткендерине кайрылбай, жөнөкөй тил менен айтканда?

— Айтылгандай, театр чынында эле экинчи үйүбүз, чарчап –чаалыгып  же капаланып турсаң,  келгенде кадимки үйдөгүдөй кабылдап, дем-күч берген, жакшы бир иштер жүрүп атканда башканын баарын унуткарткан, качан болбосун чың ден-соолукту, сергектикти талап кылган, бар нерсеге көз карандылыгыбызды саамга эстен чыгарган, күнүгө, ар бир спектакль сайын өзүңдү жаңылантып, өөрчүтүп  жана жашартып турган, он жашыман короосунда чоңоюп, тарбиясын ала баштаган, залкарлардын жанында болдурткан, сөздөрүн, кеп-кеңештерин угузган, эч качан алган багыттан тандырбаган.

- Көп иштер аткарылды, нечен фильмдерге тартылып, эл ичинде жогорку кадыр-барк, даражаларга ээ болдуң. Кандайдыр бир нерсеге алымсынбоо дегени болобу?

— Бул жагынан дээрлик кемтик жок. Көптөгөн жакшы ролдордо ойнодум, азыр деле ошондой. Жакында эле Кайрат Иманалиевдин “Боромбай бий” спектаклинде Ажыбек датканын ролун аткардым. Буйруса, классикалык спектаклдердин биринен болот.  Табылды Актановдун “Тагай бийи” боюнча, анан, мындан башка да иштер башталганы турат. Кыскасы, алымсынбоого убакыт калбай калат болушу керек жакындарды жоготуу дегени  жүрөктү тилип кетип турганын айтпаганда, демек, бардыгы эмгек, акыбет-далалатка жараша астейдил эле  жүрүп келди окшойт, кудай кубат, дем-күч жана жол берсе, ушундай эле болсун дейм…

… Жарым саатча убакыт ичинде күлкү-кайгы аралаш кимдерди гана эстебедик, эмне жөнүндө гана сүйлөшпөдүк (алардын жарымы эле кирди бу бетке). Сөз бүтпөй улуу актрисанын айкелине гүл коюу аземине катышуу үчүн шашылып сыртка чыктык…

Жумакан  САРИЕВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 29, 2019 11:42

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина