IT-адистерин даярдоону күчөтүү керек

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2019 11:47

IT-адистерин даярдоону күчөтүү керек

15 Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Санариптик Кыргызстан» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча боюнча кеңешмеде санариптештирүү өлкөнүн экономикалык саясатында бирден бир артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, «Түндүк» системасына кошулуу жеткиликтүү деңгээлде жүрбөй жатканын сындады.

Квалификациялуу IT-адистерин даярдоо ишин күчөтүү зарылдыгын айтып, маалыматтык технологиялар кылымында Кыргызстан маалымат, байланыш тармагында мүмкүнчүлүгү кенен өлкө болуусу керектигине токтолду.

Кеңешменин жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр «Түндүк» системасына кошулуу ишин күчөтүү үчүн бардык мамлекеттик мекемелерге, ар бир мамлекеттик орган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук түрүнө өтүү процедурасын тездетүүнү тапшырды. Тапшырманы өз убагында аткара албаган жетекчилер жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2019 11:47

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина