Иши менен таанылган инженер-геолог

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 15, 2019 12:10

Иши менен таанылган инженер-геолог

2 “Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан” дегендей, Султанкул Исаев окууда да, өзү тандаган кесибин өркүндөтө билүүдө да айырмаланып, элдин кадырлоосуна ээ болгон. Анын басып өткөн өмүр жолу башкалар үчүн үлгү боло алат.
Ал 1936-жылы 15-сентябрда Чүй жергесинин Борду айылында төрөлгөн. 1953-жылы Он бир-Жылга орто мектебин күмүш медаль менен бүтүрүп, Фрунзе политехникалык институтуна өтүп, 1958-жылы тоо инженер-геологу кесибине ээ болгон.
Ошол жылы эмгек жолун Ош облусундагы Таш-Көмүр геологиялык-чалгындоо ишканасында ага-коллектор болуп баштаган. 1960-жылы Оштогу Кан геологиялык-чалгындоо ишканасына геолог болуп которулган. 1963-жылдан Өзбек ССРиндеги Самарканд геологиялык-чалгындоо экспедициясында, 1964-жылданКеминдеги Кыргыз тообайытуу комбинатынын Борду кенинде геолог болгон. 1966-жылдан Кыргыз тоо-металлургдук комбинатынын Ак-Түз кен башкармалыгында участкалык геолог, 1967-жылдан Күтөсай карьеринде ага геолог, 1983-жылдан Ак-Түз кен башкармалыгында башкы геолог болуп,бул кызматта 1996-жылга чейин иштеген. Ошол жылы ишкана “Ак-Түз” мамлекеттик акционердик коому болуп түзүлгөндө, кайрадан башкы геолог болуп калган.
1998-жылы Кеминдеги “Ак-Таш” акционердик коомуна ишке алынып, Карагайлуу-Булактагы пайдалуу текти иштетүү боюнча башкы тоо-адиси болгон. 2000-жылы “Ак-Түз” мамлекеттик акционердик коомуна караштуу “Голден жана Сильвер ЛТД” кен-иштетүү мекемесине башкы геологдук ишке чакырылган, Долпран, Кызыл-Байрак жана Куранды-Жайлоо кендерин чалгындоо жумуштарын жетектеп келген. 2004-жылдан тарта “Поиск” жоопкерчилиги чектелген коомдо жетектөөчү адис болуп иштеген.
Билим-тажрыйбасын өркүндөтүүгө көп көңүл бурган. 1969-жылы СССР түстүү металлургия министрлигинин Техникалык окутуу жана инженер-техникалык кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу Борбордук институтун, 1970-жылы Свердловскидеги пайдалуу кен байлыктары жайгашкан жерлерди иштетүү боюнча геологдордун кесиптик даярдыгын жогорулатуу курсун, 1979-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин марксизм-ленинизм университетин бүткөн. КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынган.
Эмгекте мыкты сапаттарын көрсөтүп, катардагы геологдон башкы геолог кызматына чейин көтөрүлгөн. Өзүнүн сүйгөн кесибинде үзгүлтүксүз 55 жылдан ашык иштеп, геология, минерология, пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштетүү жагынан мыкты ийгиликтерге жеткен. Анын аракет-демилгеси, инженер-геологдук иштеп чыгуулары менен тоо-кен ишканаларынын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү жакшырып, кендерди пайдалануу мөөнөттөрү бир канча жылдарга чейин узарган. Иште ар дайым жогорку кесипкөйлүгүн, жумушка берилгендигин, талап коюучулукту, өз алдынча туура чечим кабыл алуу жөндөмүн көрсөтө билген, мыкты насаатчы болгондугу менен да көрүнгөн. Токтоо мүнөзү, ачык-айрымдыгы, жөнөкөйлүгү, туурачылдыгы менен зор кадыр-баркка жеткен өрнөктүү инсан.
Жакшы иши жана көп жылдык ак ниеттүү эмгеги үчүн Кыргыз тоо-металлургиялык комбинатынын, Ак-Түз кен башкармалыгынын “Ардак тактасына” нечен ирет сүрөтү илинген. Көп жолу Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланган. 1985-жылы “Эмгек ардагери” медалына, 1988-жылы “Кыргыз тоо-металлургиялык комбинатынын ардактуу эмгек ардагери” наамына ээ болгон.
1996-жылдан Орловка шаарчасында жашап турушкан. 2013-жылы 28-мартта катуу оорудан 77 жаш курагында көз жумган. Сөөгү өзү туулуп-өскөн Борду айылына коюлган.
Жубайы – Гүлбайра Аденова, 1939-жылы 22-августта Кызыл-Суу айылында төрөлгөн. Орто мектепти бүткөндөн кийин Фрунзеден машинист-стенографист адистигине окуган. Тоо инженер-геолог Султанкул Исаевге турмушка чыкканы ал эмгектенген тоо-кен ишканаларында химик-аналитик, кызматчы болуп иштеп келген. Катуу кайгы тартуудан улам 2018-жылы 3-майда каза болгон.
Уул-кыздары: Искендер Исаев, 1959-жылы 6-январда Таш-Көмүр шаарында төрөлгөн. 1977-жылы Ак-Түз орто мектебин, Фрунзедеги финансы-экономика техникумун бүткөн, буга чейин мединституттун дарылоо факультетинен эки жыл окуган. Ак-Түз кен башкармалыгында, Быстровка электр тармактар ишканасында, Кыргыз бажысынын Торугарт чек ара бөлүмүндө эмгектенген. Уулу Улукбек мектепте окуйт.
Кызы Светлана Исаева, 1962-жылы 24-сентябрда Оштогу геологдордун Советское поселогунда төрөлгөн, борбордук жогорку окуу жайын – Одесса тамак-аш өнөр жайы технологиялык институтту бүткөн, алдыңкы, үлгүлүү инженер-технолог. Кичүү уулу – Таалайбек Исаев, 1974-жылы 19-февралда төрөлгөн, Ак-Түз орто мектебин күмүш медаль менен бүткөн. Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун дарылоо факультетин, ординатураны аяктаган. Врач болуп иштеген, ишкерчилик менен алектенген. 2000-жылдан бери Эл аралык “Манас” аэропортунда үзүрлүү эмгектенип келе жатат. “Аэропорттун алдыңкы кызматкери” наамына, сыйлыктарга татыктуу болду. Жубайы Асел Арабаев мамлекеттик университеттин чет тилдер факультетин кызыл диплом менен бүткөн. Экономист-финансист адистиги боюнча да жогорку билимге ээ. Мектепте мугалим, мекеме-компанияларда бухгалтер-финансист болуу менен өзүн көрсөткөн. Кызы Элайым 2-класста окуйт.
Эмгекчил, боорукер, ак көңүл, өз кесибинин эң мыкты устаты тоо инженер-геологу Султанкул Исаев менен аны тааныгандардын баары, геология тармагында эмгектенген адистер менен жумушчулар сыймыктанышат. Ал – алгачкы кыргыз геологдорунун бири, эмгеги, мыкты адамдык сапаттары менен таанылган өрнөктүү инсан. Мындай асыл адамдын эли үчүн жасаган эбегейсиз зор иштери эч унутулбайт…
Курманбек РАМАТОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 15, 2019 12:10

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина