Иши менен дүйнөсү кең, ар жанга тең

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2019 10:38

Иши менен дүйнөсү кең, ар жанга тең

2 Бир топ убакыт өтүп кетиптир өткөн кылымдын тээтиги жетимишинчи жылдарынан бери жакындан билген өлкөбүздүн мыкты атуулдарынын бири Геннадий Валерьевич Давиденко менен жолукпаганыма. Ооба, мына ушу тейдеги кечиккен жолугушуулар мурда да болчу, бирок ар бир жолкусунда ортодогу күнүгө чогуу жүргөндөгүдөй накта ага-инилик, жакын жолдоштук мамиледен, ачык сүйлөп, ачык-айкындыктан бир да кынтык кетчү эмес. Ошондоюнан жараткан айрытпасын аманчылыгын берип, ошондой эле болду. Бирок ушул өткөн убакыт ичинде бир топ окуялар болуптур, жаман-жакшысы аралаш, жакын кишиден айрылуусу да кошулуп… Не дейм, көңүлүн алагды кылуу үчүн тийиштүү сөздөрдөн,  баштан өткөн көптөгөн жакшы нерселерден айтып, эсине түшүрүп,  кээде таптакыр асмандап кетчү философиялык ойлордон алысыраак болуп…

Геннадий Давиденкону республиканын дээрлик бардык булуң-бурчтарында жашаган элдерге чейин жакшы билишет, сыйлашат. Анткени көп жерде иштеген, жупуну элди дээринен билип-кабылдаган, өзгөлүү киши. Айрыкча кыргыз аксакалдары менен сүйлөшкөндү, алардын кебин укканды жакшы көрөт. Бери жагын эле кыскача кеп кылсак, бу кишинин атасы, чоң атасынан бери  тээ илгертен кыргыз элин, Ала Тоону бел тутуп, тоо этектей жайгашкан айылдардын биринде жандуу тамырларын кенен жайгандардан… Геннадий туулуп-өскөн Букара айылы кыргыз жергесинин эң кооз жерлеринен — Кайынды капчыгайынын нак эле этек жагынан орун алган. Мында негизинен кыргыздар жашайт. Озуна айта кетсем, анын көчөлөрүнүн бири Геннадийдин чон атасы Иван Андреевич Давиденконун ысымын алып жүрөт. Карыялардын айтымында жараткан ага бойдон да, күч-кубаттан да, акыл-эстен да мол берген, кыргыз айыл-кыштактарын которүүгө жанын үрөп салымын кошкон нары эмгекчил, нары айкөл жан экен.

Атасы Валерий болсо алгачкы жылдары дүкөн башчысы болуп иштеп, тактыгы, эмгекчилдиги, иштегендерден жоопкерчиликти катуу талап кылгандыгы менен оозго алынып, ишкердик жөндөмдү да көрсөтүп, бир катар соода түйүндөрүн ачыптыр. Айылга жаңы дүкөндүн имаратын да өзү түздөн-түз аралашып чуркап жүрүп курдуртуптур.

Айыл балдары эрте жетилет эмеспи. Айрыкча тоолуктар. Гена да айылдагы башка тентуштарындай эле оор жумуштарга эрте аралашат кээде гана озүнө магниттей тартып, касиеттүү дабыш чыгаргансып турган  тоону көздөй чамынып жөнөп, оо, кечинде, мал келерге жакын чарчап, сарымсак, ышкын, согоон, тоо гүлдөрү жыттанып келгенин айтпаганда. Ал кезде тоого чыгуу айылдык балдар үчүн унутулгус майрамдардан эле. Сабак жок учурларда айыл жумуштарына аралашып, чоңдордун: “Кой, мертинип каласың” – дегендерине карабай оор жумуштардан каччу эмес. Качан болбосун Геннадий буларды көп эскерип, айыл аксакал-көксакалдарынын аттарынан бери айтып, Букара айылында өткөн балалык кезин жашоо-турмушунун  эн башкы мектеби катары эсептейт. Турмушундагы бардык нерселерге ошол айылдын, айылдыктардын касиет-нарктарын түшүнүп жана бийик алып жүрүү менен жетип, келечектүү, жакшы иштер үчүн аянбай иштеп жана ар дайым, колдон келип турганда, биринчи кезекте, муктажданган элди ойлоо керектигин айтканы айткан. Мындай кеп, албетте, ата-бабалардын жолун бийик туткандардан, атанын уулунан  чыгат эмеспи.

Бала кезинен Геннадий башка балдардай эле ой-кыялы асмандап, чоңойгондө учкуч, космонавт болсом деп энсеген. Бирок он жетиге толгондо  максатын бул максатын өзгөртүүгө туура келет — учкучтар окуу жайына ден соолугунун айынан “жараксыз” деп табылат. Медкомиссиядан мында кабарды укканда ага жер астын-үстүн болуп кеткендей сезилип эч кимдин сөзүн укпай, тамакка табити тартпай, башын да көтөрбөй нечен күн кайгырып жүрөт. “Убакыт баарын айыктырат” дегендей, ага башты өтөрүш керек болот, Ленинграддагы туугандарыныкына барып, ошол жактан окууга өтсөмбү деп да ойлойт. Каражат жагы кенен болчу, ата-энени кыйнагысы келбейт. Көп ойлонбой, экинчи жагынан аны техникага бала кезинен жакындыгы жетелеп,  Скрябин атындагы айыл чарба институтунун инженер-механикалык факультетине документтерин тапшырып, өтүп да кетет.

Студенттик турмуш башталат…Эң эле кыскача айтсак, так ушул мезгилде Геннадий Валерьевич бокс боюнча чон спортко аралашат. Ийгиликтер да болот. Республикалык, союздук мелдешерге чейин катышып, биринчи байгелерге да ээ боло баштайт. Бокс боюнча спорттун мастери наамына да жетет. Өзү айткандай, бокс анын жаратылышынан чечкиндүү жана өжөрлүгүн  бекемдеп гана тим болбой далай ишенимдүү досторду берет,  сөзгө жана убадага темирдей бекем турууга, адамдарга, алектенген ишке таза жана ачык мамиле жасоого үйрөтөт.

Жылдар өтүп, диплом да колго тиет. Ал учурда жакшы окугандарда женилдик бар болчу — кайсы жерде иштөөнү каалашса, ошол жакка жиберилчү — Геннадий Валерьевич Калинин районундагы “Сер и молот” совхозунда иштей баштайт. Мыкты инженер, биринчи кезекте, өзүнө, анан башкаларга да катуу талап кое билген мыкты адис катары таанылат. Мындайда бут тоскондор да болот эмеспи, ал өңдүү окуялардын далайы калды артта. Өзү айтса, юморлордон кошуп сонун айтат, угуп эле тургуң келет, бирок аларды жазсаң сөз өтө көбөйүп кетет. Көп өтпөй өзү каалап, аскердик кызматка кетет. Аны да жакшы өтөйт спорттун да “акесин таанытып”. Атүгүл командири: “Бөлүктө калгын, майор чинин беребиз” – деп абдан суранат. Болбойт, “мен буйрук берилсе эле ишти алды-артты карабай аткара бере турган киши эмесмин” — деп.

Анын жетекчи, дегеле адам катары калыптанышында  Калинин районундагы Чүй совхозунда директор болуп иштеп жүргөн жылдар чон мектеп болуп, ал өзүнүн эн мыкты сапаттарын, так айтканда ким экенин көрсөтө алды десек болот.Жаңы иш ыкмаларын киргизүүдөн коркпой, артта калган чарбаны көтөрөт. Эмгеги бааланып, “Ардак белгиси” орденине ээ болот. Андан соң жумуш тепкичтеринен утуру жогорулай берет — РАПОнун торагасы, Түп райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштейт. Атак-даңкы бүтүндөй  республикага угула баштайт, район бир нече жолу республика боюнча биринчиликти женип алат. Түп эли ошондо жетекчилик кылуу эми гана ишенимдүү колго тийди дегенин менин да уккан жайым бар.

Геннадий Валерьевичтин көптөгөн жакшы сапаттарынын дагы бири — кандай кырдаалдарда болбосун өз кызматкелерине тоодой караан болуп, райондукпу, республикалыкпы, айтор бардык деңгээлдердеги  жетекчилерге “тепкиге” алдыртпай калкалап калчу, бирок кемчилик кетиргендерди кийин чарба ичинде эсинен чыккыс кылып өзү “такалап” койчу. Кийин анын колунда иштеген далай кызматкерлер райондук, республикалык денгээлдердеги жетекчилик кызматтарда ийгиликтүү иштеп кетишкен жана ал муну сыймыктануу менен айтып калат.

Г. Давиденконун Калинин, андан соң Панфилов райондорун жетектеген жылдар  да көптөгөн ийгиликтери, алдыга арымдоолору менен далайлардын эсинде калып, алар жөнүндө азыр да эскерип кеп кылышат. Мен да көп нерсени эске алып, бир  жагдайды тереңден баамдагам: Геннадий Валерьевич кайсы ишке дайындалбасын тез эле анын иш билги сапаттары байкалып, ар качан айланасына мыкты адистер топтолчу, жыйынтыгында бүтүндөй  райондун иши алгалап турчу, бирок башталган жакшы иштерди аягына жеткирүүгө үлгүрбөй калчу дароо эле башка начар райондорду бутка тургузууга жиберилип. Маселен, Калинин районунун аты чыга баштаганда, аны Панфилов районуна которушат. Иш жакшы жүрбөгөн районго ошондо кадимкидей кан жүгүрүп, айыл чарбасы, башка да өндүрүштөр кыймылга келип, карыздар жоюлуп, эл айлык ала баштаган. Бир сөз менен айтканда ал кыска убакыт ичинде бир топ иштерди бүткөрүүгө, жаңыларын түптөөгө, маанилүү маселелердин бири — инвестицияны колго алууга үлгүрөт. Бирок аны айтылгандай жөн койбой, чабаал атыга баштаган Москва районуна которушат. Бул райондо жаңы жылыштар болуп, облустук мелдештерде алдыга озо баштаганда аны Ысык-Ата районуна которо салышат Кант районун кошуп. Геннадий Валерьевич буга эч качан таарынган эмес, таарынбайт “демек мен тигил жакка көбүрөөк керекмин” – деп, ал эми досторуна: “Панфиловкага батмай калдым, мага чонураак мейкиндик керек болду окшойт” деп күлүп тим болуп.

Эстесек: Москва районунда жаны акимди эл менен тааныштыруу аземи узакка созулган эмес,Г. Давиденконун өзү көп сүйлөп олтурбай кыскача гана: “ Билекти түрүп, биргелешип иштейли. Райондун иши жакшы болсо мага да жакшы болот”, — деп кыскача, философиялык мүнөздө гана айтып коет. Кимиси кандай түшүндү, ошону менен сөз бүтөт. Бирок иш жакшы жүрүп, биримдик күчөп, булл райондо бир катар келечектуу иштер башталат. Ошол күндөрү беловодскийликтердин өзүлөрү айтышкандай,Геннадий Давиденко бул райондо дагы бир аз иштеп калса, анда алардын алдыга койгон максаттарынын баары ишке ашып, кийин ар кайсы жерде шашылыш түзүлө калып жаткан  эмгек биржаларынын аты да угулмак эмес экен.

… Тагдыр аны бир топ сыноолордон өткөрдү. Өйдөңкү бийлик аны өйдөлөтпөй же жөн бир жерге калтырбай кайра Жайыл районуна жиберет. Кандай иштегенин баарыбыз жакшы билебиз. Далайлар мында дагы иштеп турса экен деп тилеп турушканда аны “башка чоң иш беребиз” деп бошотушат. Ырас, далай иштерди сунуш кылышат. Эч жагына барбайт кыскача гана алардан баш тартып. Азыркы тапта килейген  Континент фирмасында жетекчи кызматта иштейт, маанайы жарык, жүрөгү эл, иш деп согуп, мындагы жетекчи катары гана эмес, республиканын бокс боюнча федерациясынын вице-президенти катары да нечендеген элге керектүү иштерди жаратып, иш менен дүйнөсү кең, бар нерсенин баарына тең экенин күнүгө далилдеп…

Жумакан САРИЕВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2019 10:38

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина