Иса Өмүркулов: “Партиянын аркасы менен келип, өзүнүн жаман иштерин жасагандардан тазаланышыбыз керек”

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 1, 2018 11:53

Иса Өмүркулов: “Партиянын аркасы менен келип, өзүнүн жаман иштерин жасагандардан тазаланышыбыз керек”

4 -Саламатсыздарбы, массалык маалымат каражаттардын өкүлдөрү. Кечээтен бери мага абдан көп телефон чалуулар болду. Ошондуктан бардык суроолорго жооп берүү үчүн маалымат жыйын өткөрүүнү чечтим.

«Мен партиянын идеаларын саткан эмесмин. Кыйын кезеңде дагы партияны таштаган жокмун. КСДП келечекте тазаланышы керек. Ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Партиянын аркасы менен келип, өзүнүн жаман иштерин жасагандардан тазаланышыбыз керек», — деди Өмүркулов.

Эл өкүлү партиянын мүчөсү болгонун жана бүгүн дагы партиянын мүчөсү экенин белгилеп өттү.

«Демилгечи топтун мүчөлөрүн кабыл алгам, бирок өз позициямды айтка эмесмин. Эмне себептен КСДПнын катарынан чыгарылганымды билбейм. Мен эч мыйзам бузган жокмун, партиянын программасын, уставын тутуп келем»- деди депутат.

Жыйынга келген журналисттердин бири Иса Өмүркуловдун «Атамбаевсиз КСДП» жыйынына катышкан-катышпаганын сурады.

«Мени партиядан чыгаргандар революцияда каза болгондордун үмүтүн актаган жок. Аларга каршы чыкты. Мени чыккынчы деген сөздөр айтылды, бирок андай эмес, мени партиядан чыгарууга добуш бергендер чыккынчы деп айтар элем. Мен партиянын лидери менен күзүндө эки үч жолу жолуккам. Кечээки чечимден кийин аны менен байланышкан жокмун. Ага муктаждык болгон жок.

Эл өкүлү Атамбаевсиз КСДПнын демилгечилери менен жолукканда өз позициясын билдирбегенин, эми позициясы кандай болорун убакыт көрсөтөрүн айтты. Атамбаевсиз КСДП демилгесин Асылбек Жээнбеков колдоп, анан мен аларды кабыл алдым деген сөз чындыкка жатпайт. Мен кеңештин жыйынынын протоколун көргөн жокмун. Кимдер добуш бергени да белгисиз. Ошондой эле мөөр басылган протокол менен да тааныша элекмин.

«Атамбаевге болгон мамилем жакшы. Ал эми ал кандай мамиледе экенини билбейм. КСДПга мен көчөдөн эле келген жокмун. Өзүмдүн ар намысымды коргойм. Кийинки кадамдарым кандай болорун эми убакыт көрсөтөт».

Эл өкүлү УКМКнын Илимияновдун президенттик шайлоо учурунда партияга түшкөн мыйзамсыз каражаттары боюнча көрсөтмөсү туурасында төмөнкүлөрдү айтты.

«Шайлоо штабында иштегем, ар кимдин өзүнүн функциясы болгон. Шайлоо менен түздөн-түз жолугуу багыты эле. Каражаттарга тиешем болгон эмес. Эмне болуп жаткандыгын тергөө көрөсөтөт. Мен шайлоочулар менен жолугуу жагын гана моюнга алгам», — деди Өмүркулов.

Ал ошондой эле эгер муктаждык болсо Атамбаев менен жолугууга даяр экенин кошумчалады.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 1, 2018 11:53

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина