Ирандын президенти Хасан Рухани: “АКШ менен Израиль бирди көрөт!”

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 24, 2018 21:44

Ирандын президенти Хасан Рухани: “АКШ менен Израиль бирди көрөт!”

4 “Ахваз шаарындагы теракттын артында АКШ менен Израиль турат. Биз бул үчүн албетте күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз. Биздин өч алуу кандай болоорун силер жакшы билесиңер. Кыйратуучу жоопту күтө бергиле. Албетте, кылган ишиңер үчүн катуу өкүнөсүңөр!”. Мындай билдирүүнү Ирандын президенти Хасан Рухани жарыялады.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрда Ирандын Ахваз шаарында өтүп жаткан аскердик парад учурунда элге ок атылган. 29 киши ошол жерде жан берсе, ар кандай даражадагы жарааттарды алгандар 60тан ашат. Трибунанын артынан аскердик униформадагы 4 адам 10 мүнөт бою ок жаадырып турушкан. Октон каза болгондордун арасында аялдар жана жаш балдар дагы бар. Террористтердин экөө жеринде жок кылынып, калган экөө кармалган.

Терракттын артында “Азваздагы мекенчил араб демократиялык кыймылы” тураарын интернет булактар жарыялашкан. Бирок, Иран бийлиги оюндун артында АКШ менен Израилдин турганын ишенимдүү айтууда.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 24, 2018 21:44

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина