Иммунитетти көтөрүп гриппти кубалоочу каражат

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 17, 2017 11:06

Иммунитетти көтөрүп гриппти кубалоочу каражат

Kak-povysit-immunitet-organizma 17 февраль, Бишкек. Кыш-жаз айларында адамдын иммунитети төмөндөп ооруга туруштук бере албай калат. Өзгөчө бул мезгилдерде грипп оорусу тумандай каптап, кээде грипптин айынан төшөккө жатып калгандар жок эмес. Андыктан иммунитетти көтөрүү менен грипптен тез арылуунун сырын бөлүшмөкчүбүз.

— Бир литрлик банкага 100-150 грамм майда тууралган пиязды салып, үстүнө 100 гр бал жана жүзүм виносун куюп аралаштырасыз. Даяр болгон каражаттын оозун жаап, эки жума тыныктырасыз. Колдоноордо чыпкалап күнүгө 3-4 аш кашыктан ичип турсаңыз иммунитетти көтөрүү менен бирге ар кандай инфекциялардан сактайт.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 17, 2017 11:06

Парламент

Элдик медицина