Икрамжан Илмияновдун тарапташтары сот имаратынын алдына чогулду

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 1, 2018 11:57

Икрамжан Илмияновдун тарапташтары сот имаратынын алдына чогулду

8 Кечээ, 31-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун 50дөн ашык тарапташтары Бишкек шаардык сотунун алдына чогулду. Белгилей кетсек, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту Илмияновду кармоо боюнча сыртынан өкүм чыгарылган. Ал эми 20-октябрда ал Россиядан кармалып, Бишкекке алып келингени маалым болгон. Ошол эле күнү райондук сот анын баш коргоо чарасын карап, 28-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайында камакта калтырган. Жактоочусу Сергей Слесаревдин билдиришинче, ал Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси «Алдамчылык» боюнча айыпталууда.

Ал эми УКМКнын берген маалыматы боюнча Илмиянов 30-октябрда бир кишилик камерага которулган.

Икрамжан Илмиянов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев оппозицияда жүргөндө айдоочусу, кийин ал президент болгондо 2012-жылдан 2015-жылга чейин президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басарлыгын аркалаган. Андан соң президенттин кеңешчиси болгон.

Жыйынтыгында, сот Илмияновдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 1, 2018 11:57

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина