ИИМдин бир катар жетекчилери кызматтан алынды

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2018 12:29

ИИМдин бир катар жетекчилери кызматтан алынды

10 Ички иштер министрлигинин иликтөө башкармалыгынын жетекчиси Скандарбек Көчөрбаев, Кадр бөлүмүнүн башчысы Болот Имангазиев, Адистештирилген коргоо кызматынын жетекчисинин орун басары Ралиса Касанова кызматтарынан бошотулду.

Маалыматка ылайык, аталган жетекчилерге карата кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында Көчөрбаевдин башкармалыгы кызматкерлерден опузалап акча өндүргөнү, кызматкерлердин жана ардагерлердин укуктары бузулганы аныкталган. Мындан тышкары, Башкы прокуратура Көчөрбаевге карата «Кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал эми Болот Имангазиев кызматтык ишин натыйжалуу аркалай албагандыктан кызматтан алынды.

Ралиса Касанова болсо кызматтык тартипти бузганы жана опузалап акча өндүрүүгө катышканы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду. Мындан тышкары ага карата атасынын оор кылмышына байланыштуу соттолгонун жашырганы үчүн айып тагылды.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2018 12:29

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина