III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыздын 8 акыны казак акындары менен айтышат

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 22, 2018 17:11

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыздын 8 акыны казак акындары менен айтышат

16 III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында XII эл аралык «Айтыш-2018» төкмө акындардын сынагына тандоо туру жыйынтыкталып, 32 төкмө акындын ичинен 8 акын алдыга суурулуп чыкты. Айтышка калыстык кылган топтун айтымында тандалып алынган төкмө акындардын басымдуу бөлүгүн жаштар түздү.

Эми алар 4-5-сентябрда Кырчын жайлоосунда боордош эл казактардын төкмөлөрү менен айтышат.

Жаш төкмө акындардын катарын толуктап келе жаткан Кубат Тукешов III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган XII эл аралык «Айтыш-2018»ге катышат. Ал 15-августта өткөн тандоо турунда эң жогорку упай менен өттү.

Айтышта ар кандай боло берет. Ал анын маанайына, туш болгон акынга жараша болот. Маселен, бул ирет мага Асылбек Маратов туура келип, мен үчүн айтышууга ыңгайлуу болду. Тең туш болгондуктан тамашалашууга оңой, жакшы төгүлүп айта аласың. Эми көчмөндөр оюндарына да даярданып жатабыз.

Төкмөлөрдүн чечендик өнөрүнө, ырларынын уйкаштыгына, маанилүүлүгүнө куудул Күмөндөр Абылов, жазуучулар Кыялбек Урманбетов, Акбар Рыскулов, манасчы Рыспай Исаков баш болгон калыстар тобу сереп салып, өз бааларын беришти.

Алардын элегинен эленип, Асылбек Маратов -80 упай, Кубат Тукешов — 80 упай, Баян Акматов — 78 упай, Идирис Айтибаев — 77 упай, Жылдызбек Төрөканов — 77 упай, Амантай Кутманалиев — 76 упай, Азамат Болгонбаев — 76 упай, Изат Айдаркулова — 76 упай менен алдыңкы сегиздикте суурулуп чыгышты.

Калыстар тобунун баамында жогорку упай алгандардын көпчүлүгү жаш төкмөлөр. Манасчы Рыспай Исаков жаш төкмөлөрдүн арасында учурдагы көйгөйлөрдү таамай айтып, сындаганы кубандырат дейт.

-Айтыштын жалпы байге фонду 2 миллион сомду түзөт. Анын 1,5 млн сому мамлекет тарабынан бөлүнсө, “Айтыш” коомдук фонду тарабынан 500 миң сом каралат. “Айтыш” коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратовдун айтымында, Казакстандан келе турган акындардын тизмеси жакынкы аралыкта белгилүү болот. Ошондой эле мелдеште кош байге коюлат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 22, 2018 17:11

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина