Идеалдуу президенттин портрети: Сооронбай Жээнбековдун алты артыкчылыгы

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 29, 2017 11:07

Идеалдуу президенттин портрети: Сооронбай Жээнбековдун алты артыкчылыгы

I28A8423 29 сентябрь, Бишкек. Кайсыл өлкө болсо да президенттик шайлоолор алдында маркетологдор менен саясый технологдор шайлоочуларды сурамжылоонун негизинде болочоктогу улуттук лидердин портретин түзүшөт. Улам кийинки шайлоо болоор алдында жаңы шартка ылайык, электорат мамлекеттин башчылыгына талапкерден жаңы сапаттарды талап кылары шексиз.

Эми шайлана турган, эл каалап турган адам кандай касиеттерге жана сапаттарга ээ болушу кажет? Тажрыйба катары биз КСДП партиясынан талапкер Сооронбай Жээнбековдун мисалында Кыргызстандын болочок президентинин портретин тартууга аракет жасап көрөлү.

Биринчиден, президент жогорку билимдүү, дипломдуу болушу шарт. Сооронбай Жээнбеков К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун зооинженер адистиги боюнча 1983-жылы аяктаган. Туп-туура 20 жылдан кийин Кыргыз агрардык университетинин экономикалык факультетинде экинчи жогорку билимге  бухгалтерлик дипломго ээ болгон. Алгачкы кесибинин аркасы менен ал калктын үчтөн экиси эмгектенген тиешелүү тармакты кантип өнүктүрүүгө болорун беш колундай билет. Ал эми экинчи экономикалык билими – финансы, акча-кредиттик саясатты, мамлекеттик менеджерлер үчүн абдан маанилүү сырларын билүү да Сооронбай Жээнбековго чоң жардамын тийгизүүдө. Мына ушундай эки жогорку билими бар Сооронбай Жээнбеков көп тармактын ишине көзү жетет. Президент катары ал алдыдагы алты жылда республиканын баса турган негизги багыттарын так аныктай алат.

Президенттин  адистиги ылайык келген тармактын накта кесипкөйү катары, аны өнүктүрүү боюнча өз көз карашы болушу керек. Сооронбай Жээнбеков бул сапатын парламентте агрардык маселелер боюнча комитетти, айыл чарба министрлигин жана өлкөбүздүн өкмөтүн жетектеп турганда далилдей алды. Ал ар убак элеттик эмгекчилердин кызыкчылыгын коргоп, көтөргөн бардык демилгелери аларды колдоого багыталган. Кайра иштетүү тармагы үчүн 6 пайыздык үстөгү менен жеңилдетилген кредиттерди берүү жөнүндө Жээнбеков жетектеген өкмөттүн чечими, бул адам элдин муктаждыгын айттырбай туярын далилдеп турат. Айылдарды өнүктүрүү бүтүндөй өлкөнү өргө тартат деген анын жеке ынанымы элет турмушун шаарлардын деңгээлине жеткирүү, жумушсуздук жана ички миграция көйгөйлөрүн чечүүнү максат кылган аймактарды өнүктүрүү Концепциясын түзүүгө түрткү болду. Жээнбековдун дагы бир саамалыгы  Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жол картасы деп эсептелген “Стратегия-2040” концепциясына киргизилген ирригацияны өнүктүрүү жана айыл чарба жерлеринин асылдуулугун арттыруу боюнча мамлекеттик программа. Сооронбай Жээнбековдун айылдар менен аймактарга карай кийинки кадамы элет элин жумуш менен камсыздоо программасын иштеп чыгууну көздөйт. Шайлоочулар менен жолугушууда бул максаты сөзсүз аткарыларын убада кылса, эксперттер да калктын 30%ын иш менен камсыздоого болорун ишенимдүү айтышууда. Жээнбеков сунуштаган мамлекеттик программалар ооздун жели гана корогон курулай убадалар эмес, алар абдан дыкат ойлонулган ишке ашуучу пландар.

Жогоруда айтылгандардын баарысы Сооронбай Жээнбеков накта кесипкөй катары өз ишмердигине тиешелүү тармактын ийне-жибин иликтөөгө тажрыйбасы жетиштүү экендигин далилдеп турат.

Болочок президенттин дагы бир маанилүү артыкчылыктарынын бири – мурда башталган иштерди уланта билгендиги болору шексиз. Биздин жарандар кайра-кайра эле ойду-келди, аягына чыкпаган реформалардан эбак тажаган. Ал эми Сооронбай Жээнбеков өлкөдө өз нугуна салынган саясый жана экономикалык багытты, ошондой эле акыркы алты жылда жетишилген ийгиликтерди сактап калууну жактайт. Жээнбеков премьер-министр кезинде командасы менен биргеликте кыска убакытта экономиканын өнүгүшүн 7%га, өнөр-жайдын өсүшүн 31,6%га, экспорт көлөмүн 30%га жеткире алды. Кыргызстанды Евразиялык Экономикалык Биримдигинде эркин чабак урдуруу үчүн ал болгон аракетин жумшады.

Өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгын чыңдай алды. Быйыл Токтогул ГЭСин модернизациялоо башталды. Бул ГЭСтин кубаттуулугун  240 МВтка жогорулатылат жана өлкөбүз жакынкы 35-40 жылга электр энергиясы менен кең-кесири камсыз болот. Кыргызстанда өндүрүлгөн электр кубатын Афганистан менен Пакистанга экспорттоого мүмкүндүк берүүчү CASA-1000 эл аралык долбоорун ишке киргизүүгө катышуу менен Сооронбай Жээнбеков энергетикалык тармактагы эл аралык кызматташууга негиз салды.

Кыргызстандын эң башкы ресурсу  анын билимдүү жарандары экендигин жана билимдин баркын башкаларга караганда Сооронбай Жээнбеков жакшы түшүнөт. Ал “Мектеп мугалими ар убак көңүлдүн борборунда болот” деп кайталап айтуудан тажабай келет.

“Жалпылап айтканда Кыргызстандын билим берүү системасы алдыга карай чоң секирик жасады”  деген Президент Алмазбек Атамбаев бул багытта Жээнбековдун өкмөтү аткарган иштерге жогору баа берген. Айтсак билим берүүгө бөлүнгөн 2010-жылдагы 10 млрд сомдук каражаттын көлөмү 2017-жылы 28 млрд. сомго жеткирилди. Бул сумманын 240 миллион сому мектепке чейинки билим берүүгө жумшалууда. Мамлекеттик инвестициялар   Кыргызстанды билим берүүгө акча аябаган алдыңкы он өлкөнүн катарына кошту.

Коррупцияга каршы аракеттеги мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев баштаган келишпес күрөштү Сооронбай Жээнбеков мындан ары да улантууга ниеттенүүдө. Жээнбеков коррупциялык жаңжалдарга эч качан аралашпаган жогорку даражадагы саналуу чиновниктердин бири. Эгер мамлекеттик кызматкерлердин арасында жеп ичкичтер аз болсо мамлекеттин казынасы өзүнөн-өзү толот деп эсептейт биздин талапкер. Салык жыйноо сыяктуу салттык ыкма менен Жээнбеков жана анын кабинети казынага 11 миллиард сомду ашыкча толтура алды.

Демек, Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча Президент Атамбаев баштаган багытты сактоо аракетин Сооронбай Жээнбеков жайдак жерден баштабайт. Ал өлкө президенти болгондо таянар пайдубалын түптөп койду.

Мынчалык сөз узарган соң Сооронбай Жээнбековдун дагы бир жакшы сапатын баса белгилей кеткенибиз адилеттик болор. Сооронбай Жээнбеков улуттук оюндардын, ошондой эле учурдагы салттуу спорттун күйөрманы. Жигит курагында көк бөрүнүн көк буусун чыгарып, далай улак тартканы, волейболду да катыра ойногону көпчүлүккө маалым. Спортко болгон шыгы аны чечкиндүүлүккө, токтоосуз чечим кабыл ала билүүгө жана ар дайым чыйрак формада жүрүүгө тарбиялады. Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр болуп турганда кадыр-барктуу эл аралык мелдештерден олжолуу кайткан оюнчуларыбызды көп ирет жылуу тосуп алып, колдорун кыскан, урмат көрсөтүп сыйлыктарын арнаган. Аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууларда Сооронбай Жээнбеков массалык спортту жайылтуунун маанисине да кеңири токтолуп, ар бир айылда жана шаарлардагы үй короолорунда спорт аянтчаларын курууну убада кылууда.

Болочок президенттин адекваттуу жана бийик деңгээлдеги интеллигент болуусу абзел. Сооронбай Шарипович токтоо жана сабырдуу адам болгондуктан, айтылган ар кандай сындарга куйкасы куурушпастан, аларды тыянак чыгаруу чакырыгы катары кабылдайт. Эгер өзү кызуу кандуулукка алдырып жиберген учурлары болсо, кийин абдан санааркайт. Жээнбеков кайсыл бир жыйында шалаакы чиновникти “Чык эшикке!” деп айтаарын айтып алып, кийин абдан өкүнүп калгандыгын 5-каналга берген маегинде эске салды. Негизи ал табиятынан эле интеллигент, ак сөөктүк касиети бар, аткарган ишин эч качан колко кылбайт. Антүүгө тарбиясы да жол бербейт.

Биздин оюбузча Сооронбай Жээнбековдун бейнесинен көчүрүлгөн идеалдуу президенттин портрети мына ушундай болушу керек.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 29, 2017 11:07

Парламент

Элдик медицина