Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттешиндеги кызыктар

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 8, 2018 15:24

Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттешиндеги кызыктар

10 Абсолюттук күрөш чемпионатынын көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан кезектеги турнири (UFC 229) Американын Невада штатынын Лас-Вегас шаарында 7-октябрь күнү өттү. Анын алкагында 12 беттеш уюштурулуп, алардын ичинен жеңил салмак боюнча чемпион Хабиб Нурмагомедов менен мурунку чемпион Конор Макгрегордун ортосундагы беттеш маанилүү болуп, чуу менен коштолду.

Бул беттешти миллиондогон көрөрмандар, күйөрмандар күткөнү талашсыз. Ар кандай жоромолдор да айтылып келген эле.

Россиялык Хабиб Нурмагомедовдун салмагы 70,3 кг, колунун узундугу 177 см болсо, боюнун узундугу 177,8 см. Ал эми ирландиялык Макгрегордун салмагы 70,08 кг чыкса, колунун узундугу 188 см, боюнун узундугу 172 см. Экөө тең 30 жашта.

Ал эми мелдеш 4 раундга созулуп, анын жүрүшүндө үстөмдүк кылып келген Х.Нурмагомедов 4-раундда муунтуу ыкмасы менен атаандашынан алдыга чыкты.

Атаандашын колунан бошоткондон кийин Хабиб дароо октагондон секирип түшүп, Макгрегордун командасынын мүчөсүнө кол салды. Кийинчерээк ал Дилан Дэвис экени маалым болду. Ага удаа Макгрегор менен Хабибдин аталаш тууганы Абубакир Нурмагомедов октагондон секирүүгө аракет кылышып, ошол учурда Конор Абубакарге сокку узатууга жетишкен. Мындан кийин Макгрегорго Нурмагомедовдун командасынан бир нече адам муштум узатты.

Залдагы жана октагондогу баш аламандык полиция кызматкерлери менен күзөтчүлөрдүн кийлигишүүсү менен токтотулуп, октагондон алгач Макгрегор өзүнүн командасынын коштоосунда чыгарылды. Мындан кийин залдагы Нурмагомедов октагонго кирип, андан ары командасынын коштоосу менен залдан чыгарылды. Экөө тең узатылгандан кийин мелдештин алып баруучусу Хабиб Нурмагомедов бул беттеште жеңүүчү болгонун расмий жарыялап, бирок чемпиондук кур тапшырылган жок.

Абсолюттук күрөш чемпионаты уюмунун башчысы Дейн Уайт комментарий берип жатып, эми Хабиб Нурмагомедовду чемпиондук титулдан ажыратпоого кепилдик берилбей турганын айтты. Анын айтымында, гонорар да бериле элек.

«Хабибден чемпиондук курду алып коюшпайт деп 100% кепилдик бере албайм. Биз Невада комиссиясына карайбыз, алар катуу жазага тартат деп ишенем», — деди ал.

 

Анын айтымында, эки тараптан тең баш аламандыктарга катышкандарга чоң суммадагы айып салынышы мүмкүн болгондуктан азырынча гонорар которула элек. Анын маалыматы менен белгилүү болгондой, беттештен кийинки чырга байланыштуу топтолгон материалдар тиешелүү комиссияга жөнөтүлүп, анын чечими күтүлөт.

Россиялык мушкер профессионалдык деңгээлде 26 беттеш өткөрүп, анын баарында жеңүүчү болгон. Ал эми Конор Макгрегор 24 жолу беттешсе, 21 жолу жеңүүчү болуп, 3 ирет утулган. UFC алкагында эки мушкер тең 10 жолу беттешке чыккан. Нурмагомедов баарында жеңүүчү болсо, Макгрегор 9 жолу жеңип, 1 жолу утулган.

Хабиб Нурмагомедов мелдештен кийин: «Албетте атам мени мындайга үйрөткөн эмес, бирок бул ар-намыска байланыштуу болчу. Жеңиш биз тарапта, кур бизде», — деп жазды.

Ал маалымат жыйында кылган иши үчүн кечирим сурап, атасы да нааразы болгонун айтты.

Ал эми Конор Макгрегордун комментарийиндеги сөзүнө караганда жеңилгенин мойнуна алып, бирок чемпиондук курду кайтарып ала турганын белгилеген.

«Бул татаал оюн болчу, мен жеңилдим. Бирок мен жеңилгенден кийин дайыма жеңип келгем. Чемпиондук курду сөзсүз кайтарып алам», — деди Конор Макгрегор.

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 8, 2018 15:24

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина