Гунн Кыргыз ханы – Аттила же бабалар дабышы жакындан угулат

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 5, 2019 11:42

Гунн Кыргыз ханы – Аттила же бабалар дабышы жакындан угулат

           19  Эбаккы өткөнүбүздү өзүбүзгө жакындата, анан түшүнүктү жетигирээк кылуу максатында жалпылата айта келсек:  алгачкы мамлекети түзүлгөндөн бери 2200 жылдан ашык айкын тарых-таржымалы бар сабырдуу жана күжүрмөн кыргыз элибиздин басып өткөн жолу дүйнөлүк мухит өңдүү бөксөрбөс, ой-кыял чендеп чекесине жете алгыс бийик да, терең да тура. Байыркы мезгилдеги аттуу-баштуу факты, илимий булактарга, төгөрөктүн дээрлик төрт бурчунан бери орун алып жана ушу кезге чейин сакталган эзелки эстеликтерге (артефактыларга) таянып жана илгери үмүт арта чет жакасын эле чойгулай баштасак, дегеле тээ атамзамандан бери Борбор Азиянын учу-кыйырына көз жеткис кең талаалары менен бийик тоо этектерин жердеп, бирдиктүү жашоо-турмуш курган түпкү элибиз (гунн кыргыздар) ар кыл тарыхый, саясый да, кийинчерээк жаратылыш да… шарттарынан улам бөлүндү-жарынды болот, бирок мүңкүрөп, тагдырга баш ийип олтуруп калбай эрдене, арымдаш жана таламдаш башка уруу, элдерге берген убада, анттарына бекемдене ат арытып, доорлор карытып дүйнөгө дүң салып: IIк. Алтайдан (Алты-Тоодон) чыгып,  уруулардын улуу көчмөн бирлигинин (шериктештигинин) жетекчилиги алдында “кыргыз”, “кыпчак”, “сабирлер” деген сыймыктуу наамды бийик тутуу менен Европаны карай беш кылымга – IIк. VIIк. чейин Улуу жүрүшкө чыгып, элдердин Улуу көчүн (жер которуусун) пайда кылып, кул ээлөөчүлүгү ашынган Рим империясынын таш-талканын чыгарып, элин калтыратып-титиретип, колдон кылыч-калканын түшүрбөй от кечип, Волга менен Дон, Днепр менен Днестр, Дунай менен Рейн, Луар менен Роне, Тибр менен По, ошондой эле Ефрат менен Тигр аркылуу – Европа менен Азиянын ар кыл тараптарына өтүп кетишет, баатыр мүнөз уруулардын айрымдары Батыш тараптан кайрылып кайта келишпей, ошол калайык-калкы аларга бел бүккөн жерлерде отурукташып, негизги бөлүгү (кара кыргыздар) VIIк. кайра тарыхый жергеси болгон Ала-Тоосуна кайтып келип, ата-бабалары ээлик кылган жерлерди —  Ата-Журтун калыбына келтирип, бабалардан мурасталган “кыргыз” деген ыйык жана улук наамды көздүн карегиндей сактап, өз эне тилине аяр, ошол эле учурда тестиер мамиле жасоо менен андан ары өнүктүрүшкөн (айтылгандай гунндардын ордосу – борбору Паннониянын (азыркы Венгрия) пуштасынан орун алгандыгы, ал эми “пушта” деген сөзү:  эркин, бош жер деген маанини билдиргендиги эле не сырларды кылтыйтпайт; кыргыздар арасында “бош” (свободный) жана орусчасы – “пустошь”).

Ошол Улуу жүрүштө байыркы кыргыздар башка, “гунндар” деген аталышка эгедер болуп атышпайбы, ал эми “кыргыз” деген этноним ошол байыркы учурларда, б.з.ч. III – IIкк. Кытайдын батыш тарабындагы монголдук талааларда отурукташып, бир иероглифтүү “хунну” (хуни – хони – Орхон; б.а., Орхон дарыясын жээктеген адамдар) деген ысымды алган бүтүндөй элдин өзүнө татык-тиешелүү наамы болуп саналат.  Ошондой эле булар эки иероглифтүү “гянь-гунь” деген ысым менен да белгилүү болуп келишкен. “Гянь-гунь” элинин географиясын айтсак, бул: Гянь – “Кем” – Енисей, Гунь – Орхон болуп чыгат. Демек, бул  Енисей-орхон эли, ал ээлик кылган жерлер түндүк деңиздерге чейин созулуп кетет” (К. Байбосунов “Жаңы доордогу кыргыздардын улуттук генези”. – Бишкек: “Турар”. 2012-ж. -55-б.).

Ошентип “хунну” этноними европалык айтылыш менен алгандагы “гунн” дегенди туюнтуп, бул, ачыгын айтканда, башка элдер, учурунда кытай-каньдыктар тарабынан берилген наам. “гунндар” деген аталыш байыркы кыргыздарга гана эмес, ошондой эле “гянь-гуньдар”, тактап айтканда, кыргыздар тарабынан шериктештик бирлигине кошулган башка да бардык элдер менен урууларга тиешелүү наам. Учурунда мындай уруулар менен элдердин саны жыйырмага жетип турган – албетте, мындан башкача кантип болсун, алар күн уясына жашынчу тарапты көздөй өтө узакка созулган жортуулга бет алганда, аларды ар тарабынан ишенимдүү жана таламдаш уруулар коштоп жана коргоп жүрүшү керек болчу, дагы бир мандеми – көпчүлүктүн ичинен не деген кеп-окуялар, тамаша сөздөр айтылып, көптөгөн маселелер ошол жеринде чечилип, ал эми бул болсо,  кезегинде, жол арытуу үчүн да ыңгай түзүп олтурбайбы.

Гунндардын уруулар бирлигинин катарында гянь-гундардан – кыргыздардан тышкары, айтылгандай, дагы эки чоң уруу: кыпчактар менен сабирлер да атактуу Улуу жүрүштө алдыңкы орундарды ээлеп, өз катарларынан он миң жоокерден турган бир түмөндөн чыгаруу мүмкүндүгүнө ээ болуп турушкан.

Илимий жактан далилденген таңкалаарлыктай тактыкка токтолсок: тарыхтын баян этилген учурундагы жалаң кыргыздар, атап айтканда, байыркы кыргыздар гана эмес, ошондой эле ал таптагы хунндар-гунндар да кийин түрк же байыркы түрк тилинде сүйлөп келишкен, кийин ал түрктөрдүн жалпы тили болуп калган. Немецтик белгилүү гуннолог Г,Шрейбер талаа-түздөрдөн келгендердин тили накта түрк тили болуп саналат деп эсептейт. Албетте, эзелки түрк тилдеринин: кыргыз-гунн, кыргыз-сабир жана кыргыз-динлин, буга дагы угор тил элементин кошсок, кыргыз тили, атап айта келсек, ошол замандагы Улуу чөл менен Гунн империясынын өз ара баарлашуу тили гана болуп калбастан, ошондой эле ортолук кыргыз тили катары Махмуд аль Кашгари тарабынан 11к. иликтелген, ал эми учурдагы кыргыз тили катарында азыркы тапта да сак-саламатта колдонулуп келет. Мына ошондуктан да тил илимин изилдөөчүлөр учурдагы кыргыздардын тили “гунн-кыргыз” же “хунн-кыргыз” тилдеринен келип чыккандыгын айтышат. “Кыргыз, кыпчак… бир эле түрдөгү таза түрк тилинде сүйлөшөт… Урум өлкөсүнүн жанындагы сувардын тилдери болсо сөздөрүнүн аягы ыкчам келгендиктен, өзүнчө түркий тил десек болот” (М. Аль Кашгари. “Түрк тилдеринин сөздүгү”. –Дивану Лугати – Түрк. – Бишкек: Улуттук илимдер академиясы, 2001. -89-б.).

Гунндардын бардык он эки ханы бирдей ошол кездеги тарыхый кырдаал-шарттардын эрк-шарданы менен байыркы кыргыз падышаларынын урпактарынан болушкандыгы таасын, албетте, алардын ичинен эң атактуусу Аттилахан (Атанын уулу) болуптур: көптөгөн түрк (кыргыз), германдык (готт-немецтик) жана славяндык (орус тилдүү) жазма эстеликтерде Аттила (же Аттилахан, Адилхан, Адил, Эдил, Аттли, Этцель…) деген ысым менен дүйнө жүзүндө ооздон түшпөй айтылып келген, мындан ары да муундардан муундарга өтүп туруучу сыймыктуу туубуз катары кеп кылына берчү, алиги эле чыркыраган чындык өңүтүнөн ала келгенде – “Гунн хандыгынын баардык бөлүктөрүн өз бийлиги астына чогултуп бириктирип, Дунайдын оң жээгин толугу менен баш ийдирген… Аттила (434-453-жж.) аттуу инсандын кубаттуу кыймылын токтотууга чама-чаркы жетпеген Чыгыш Рим империясынын императору Феодосий II (408-450-жж.)… гунн хандыгына көз каранды экендигин мойнуна алып, жыл сайын 700 фунт өлчөмүндө алтын түрүндө салык төлөп турууга убадасын берип, ээлеген аймактын бир бөлүгүнөн кол үзгөн” (Байыркы Рим тарыхы (Жалпы тарых китепканасы). – Санкт-Петербург: Полигон – Аст. 1998. – 858-б.). Бул жана көптөгөн башка маселелер туурасында В.Бартольд, А.Н.Бернштам, Л.Н.Гумилев, Г.Шрейбер, Н.Woltram, М.Гухман өңдүү ж.б. окумуштуу-тарыхчылар, өзүбүздүн эле бир катар илимпоз, дастанчы жердештерибиз токтолгон, муну ар кыл сүрөттөр менен көркөмдөлүп жасалгаланып, 400 беттен турган “Attia und die Hunnen” (Аттила жана гунндар) деп аталган таарыхый маалымат китеби да ачык-айкын ырастап турат.

“Кыргыз” термини пайда болгондогу дагы бир пикир бар, так мына ошону түрк элдеринин тарыхын мыкты изилдөөчүлөрдүн бири, жазуучу Мурат Ажы ар дайым бийик тутуп келет. Ал кыргыздарды “…табышмактуу эл катары атайт. Качандыр бир кездерде Анасу (Енисей) түрк дүйнөсүнүн жан түркүгү болгондугу белгилүү. Байыртадан мына ушул өңүт сакталып келген, башкача кантип болсун – Эне-суусу Адам Атабыз менен Обо Энебиздин касиеттеринен жаралган ыйыктыгыбыз эмеспи. Касиеттүү Теңир-Ата тууралуу адамдар алгач ирет мына ушул жерден биле башташкан. Анын жардамчысы жана уулу, түрк дүйнөсүнүн олуясы Гессер ушул жерге келген.

Или – көгүш кан (Көк Асмандын өңүндөй) адамдар эл башкаруучулукка келген мезгилди мына ошол кудайдын уулу баштаган. Падышалар… Эң эле байыркы түрк тукумдары. Ал эми падыша тукумуна тиешелүүлөргө “кыргыз” деп кайрылып турушкан, бул: “Улуу урматтуум”.., дегендей таазим эткендик сыяктуу эмеспи. Ошол салт Кир падышасынан бери сакталып келе жатат” (М.Аджи. “Түрктөрдүн тарыхы”. М.: АСТ, 2015. -69-б.).

Айтмакчы, калың кыргыз калкынын генетикалык эс-тутумунда Аттиланын ысым-элеси “Акылы тунук Аттилахан жана анын эр жүрөк аскер башчысы Таймас жөнүндөгү уламыш”, “Шүдүңкүт”, “Аттилахан” өңдүү жана башка бир катар фольклордук музыкалык чыгармаларда эл ичинде ооздон-оозго өтүп айтылып келаткан санжыра, дастан уламыштарда… негизинен анчалык кемитилип-кертилбей сакталып калган. (Маселен, Үсөйүн ажынын санжырасында кыргыздын түпкүлүгү тээ тереңде жаткандыгы айтылса, Сапарбек Закировдун “Кыргыз санжырасы” деген эмгегинде : “…Аты чуулуу Атылакан туулду… Ат үстүндө жүрүп, Ирандан баштап, Европаны багындырды… Согушчан болгону менен, Аттила акылман эле. Анын көп сөзү элге лакап болуп тарады. Өлүм алдында жатып төлгөчү кара Төлөгүнө” “Баатыры миң болсо, бийи бир болсо – эл болот. Бийи миң болсо, баатыры бир болсо – эл бузулат, муну унутпа” —  деген осуятын айтканы, атактуу төкмө акын, дастанчы Нурак Абдракмановдун дастан, башка да даректүү чыгармалары көңүлдү өзүнө бурбай койбойт…

Залкар жазуучу жана улуу ойчул агабыз Чыңгыз Айтматов да улуттук тарыхый ренессансы туурасында ой жүгүртүү менен: “Аттила… биздин тарыхый жекече ой-санаабыздын ренессансы менен кайра жаралат… Эдил (Аттила) бабабызды төл тарыхыбызга киргизип, адабиятта кайталангыс орошон образын жаратып, эли-журту менен кайрадан жүздөштүрүшүбүз керек” – деп бекеринен эли-журтуна кайрылбагандыр.

Ооба, жазуучу жана окумуштуу Аммиан фон Бектин төрт томдон турган “Гунндар” трилогиясынын, башка да илимий-популярдуу, тарыхый чыгармаларынын жарык көрүшү да эл ичинде маанилүү окуя катары кабыл алынган. Автор бул чыгармаларындаАттилахан бабабыз менен ошол доордо жашаган элибиздин тарыхын баяндоо менен эгемендүү мамлекетин куруп, көз карандысыздыгын бекемдеп жаткан элибиздин намысын ойготуп, даңктуу бабаларыбыздын улуу тарыхынан сабак алуусуна жардам берет деп ишенебиз. Демек, эл ичинде айтыла баштагандай, батыштын да, чыгыштын да маданият-тарыхын терең билип, дүйнөлүк масштабда кенен ой жүгүрткөн Чыңгыз Айтматовдун ой-тилеги ишке ашырыла баштады.

Албетте, башка улуу бабаларыбыздай эле Эдил (Аттила) өңдүү адамдын элес-образын түзүү жазуучу үчүн өтө татаал иш. Автор башкалардай эле Аттиланын замандашы, римдик дипломат, тарыхчы  Приск Паннийскийдин бир катар эскерме-жазылмаларына кайрылып турган.  Алардын ичинен бир үзүмчөсүн келтире кетсек болот: “… Тынчтык сүйлөшүүлөр аяктаары менен Аттила качкындардын толугу менен жөнөтүлүшүн талап кылып, Чыгыш Румга өз элчилерин жиберет…

…Ромейликтер бардык жагынан Аттилага толук баш ийип, анын талаптарын өзүлөрүнүн башчысынын буйруктарындай кабылдап турушкан. …Мына ошондуктан да Аттиланын ачуусун келтирип албайлы деп коюлган талаптардын барын аткарып турушкан”. “… Борбор калаа, эл, сенат, папа – бардыгы эстерин жоготуп, баш-аламанга түшүп калышкан. Багынып берүүдөн башка аргалары калган эмес. Мына ошондо Аттиланын алдына апостолдук наместниктин чокунган кезде кийинүүчү бардык кийим-кечелерин кийип алып, Римдин бүтүндөй духовенствосунун жана император Валентиниандын элчилигинин коштоосу менен жана бүткүл христианствонун атынан Рим империасынын бүткүл маданий баалуулуктары: укмуштуудай архитектуралык эстеликтер, байыркы убактардан берки китептер, башка да жазылмалар коюлган китеп сактоочу жайлар топтолгон шаарга тийбегин деп жалынып-жалбарып Рим папасы Леон чыгат. Аттила анын минтип жалбарган өтүнүчүн кунт коюп угуп, шаарга катылбоону чечет. Аттила контрибуцияны – алтынды гана алат. Дүйнөлүк маданияттын эң чоң борбору ошентип толугу менен сакталып калат” (Р.М. Безертинов. “Татарлар, түрктөр – ааламды титиреткендер. (Улуу империялардын тарыхы”). Новосибирск: ЦЭРИС, 2001).

Гунн мамлекети тарап кеткен маалда кыргыздарды, кыпчактар менен сабирлерди (суварларды) ар башкача тагдыр күткөн. Кыргыздардын басымдуу бөлүгү улуу Ала-Тоосуна өтүп, Ата-Журтун калыбына келтире баштаган да, ХIХкылымга чейин, так айтканда, Орусия империясынын курамына кирген мезгилге дейре  эгемендигин сактап турган. Кыргыздардын азыраак бөлүгү өзүлөрүнүн эзелки отурукташкан жери болгон Алтайга ооп, алтайлыктарга (алтай-кижи), тувалыктар менен хакастарга аралашып жашап калышат. Кыргыздардын “карагастар” деп аталган дагы бир уруусу Алтай тоолорунун түндүк тарабын этектей орун алышат. Ошондой эле кыргыз тукумдарынан чыккандар тили жана менталитети жагынан жакын болгон кавказ элдери: балкарлар, карачайлар жана кумыктар менен аралашып кетишет. “Кыргыз” деген этнонимди алып жүргөн элдер азыркы тапта татарлардын да, башкырттар менен ногойлордун да ичинде бар. Молдавия менен Украинада жашаган “гагауз” деген ат менен белгилүү элдин “кыргыз” деген этноним менен фонетикалык жактан окшоштугу жок деп ким айта алат?

Байыркы кыргыз этносунун өнүгүүсүнүн тарыхый-этнологиялык шарттары ири үч уруунун – кыргыз, кыпчак жана сабирлердин ичинен жападан-жалгыз бирине гана жаңы үч миң жылдыктын алдында кут алып келип, аракет-ийгилигине жакшы ыңгай жана мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди, анткени кыргыздар тагдыр буйруп кайрадан, эгерде б.з.ч. IIк. Енисейдин жогору жагындагы кыргыз бийлигин биринчи кыргыз мамлекети катары карап, ал эми экинчи мамлекет катары  IV – Vкк. Европадагы Гунн каганатын, үчүнчүсү катары – VII – VIIIкк. Алтайдагы гунндардын узакка созулган жортуулунан кайтып келген кыргыз урууларынын бир бөлүгүнөн түзүлүп, Барс-бек башында турган кыргыз мамлекетин, төртүнчүсү катары – IX – Xкк. Борбордук Азиядагы кыргыз улуу державасын, ал эми бешинчиси катарында СССРдин курамындагы (1936 – 1991-жж.) Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасын эсептей келсек, анда алтынчы көз карандысыз (эгемен) кыргыз мамлекетин түзүп олтурат.

… Аттила дүйнөнүн жүз улуу аскер башчыларынын катарына кошулган, ал эми анын римдиктердин, галлоромандардын, франктар менен сарматтардын бириккен аскердик күчтөрү менен болгон Каталаун талаасындагы салгылашуусу дегеле адамзат тушунда болгон жүз улуу салгылаштардын катарына кирген. Англиялык окумуштуу Джон Мэн: “Аттила ушул кезде да …. личностуктун бөтөнчө бир тиби менен ассоциацияланып турат. Анын таасирин практикалык жетишкендиктерден эмес, Аттиланын ысымы эле не деген ой-толгоолорду оболото жаратып жаткандыгынан да издөө керек. Ал тарыхый фактылардын байлам, түйүндөрүн бузуп-жарып, чыныгы легенда катары шартылдап кирип келди” – деп жеткилең түрдө кыскача айтып салган.

Айтылгандай, каршылаштары тарабынан Аттилага теңирден тетири мүнөздөмөлөр берилип, аны таптакыр эле жаналгычтай көрсөтө салган мисалдар да аз эмес, бирок румдук диний кызматкер Корнелий Непота Рум папасы Левге жиберген жашыруун катында Аттилага тетири болсо дагы негиздүүрөөк мүнөздөмө бериптир: “Бу дүйнөдө биз үчүн гунндардан ашкан коркунучтуу душманыбыз жок. …Алар, айрыкча Аттила деген жол башчысы пайда богондон тартып, абдан күчтөнүп кетишти. …Темирден бекем киши. Гунндардын тыңчыкмаларынан бери аны кудайындай сыйлап, жүүнү боштору болсо көзүнө тик багып карай албай калтырап тизе бүгүшөт. …Бийликти жакшы көргөндүктөн, ал бүт дүйнө жүзүн багынтууну көздөйт” – деп какшап жибериптир.

… Кыргыз элинде жападан-жалгыз уламыш айтылып келет, ага ылайык, Аттилахандын сөөгүн анын өзүнүн тарыхый мекени болгон Теңир-Тоого алып кетишет. Бир да элде (түрк элинде) бул өңдүү уламыш же санжыра жок. Бул түшүнүктүү – кыргыз эли душмандары менен карасанагандарга Аттилахандын мүрзөсү тургай, ал жөнүндөгү эскермелердин кымынайынан бери калтыргылары келген эмес…

… Батыш тарапта Улуу талаа баяны да аяктады. Бирок тарыхый булактар, аларга таянуу менен эс-тутум дегенине терең таасир этчү ой-пикирлер абдан көп…

Амангелди БЕКБАЛАЕВ, филология илимдеринин доктору

            Жумакан САРИЕВ, жазуучу, журналист

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 5, 2019 11:42

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина