Галлиянын таңы-күнү биздикиндей…

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 8, 2019 10:10

Галлиянын таңы-күнү биздикиндей…

9 Маселени кабыргасынан кое айтсак, “Гунндар” трилогиясынын, дунган элине арналып жазылган тарыхый романдын, башка да илимий-популярдуу китептердин авторуАммиан фон Бек-Амангелди Абдыжапарович Бекбалаев деген эле киши. “Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бизге окшогон бир киши” дегендей,учурунда Баласагын атындагы улуттук университеттин, башка да жогорку окуу жайлардын ректору болуп иштеген, филология илимдеринин доктору, профессор, азыркы тапта германисттиги ашынган, славян университетинин гуманитардык факультетинин барандуу деканы.

… Кыргыз жергесинде тематикага жакындата айтсак, алтын өрөөнүбүздө алптар абдан көп. Жараткан мындайынан айрытпасын…  Анан мындайлардын урук-тээк жагына биздикилер ар дайым өзүлөрүнүн кебете-кешпирлерине жараша анчейин маани этишкени менен, мындан алдыга озунганы —  учу-кыйыры чексиз, тоо-түздөрдү, жумшак жерлерин бекемдеп, керек учурда саксактап турган кыргыздын тоолуу жергесинин тегиздигинин кайсы бир жеринде төрөлүп-өсүп, карылардын тарбия таалимине, тоолуктардын табитине каныгып-каныкпай бийиктеп, элди зоолорго, бала-бакыралардан бери аалам кейиптенте теңештирип, наркысын кайра беркисине жанаштырып, үйгө кимиси келсе да аны-мунусун чачылтмак түгүл төгүп сала ак көңүлдүүлүгү ашынгандар туурасында кеп кылбасаң, анданени айталык…

Кайталоо, баскан-турганга баам салуу адат, болгондо да чоң адеп, ошон үчүн барбыз дегендей. Кайталоо да кымбат. Кыйынмын дегендер көп болгон убак өкүм сүргөнү менен муну да Жараткан кут кылсын деп тим болуу эрежеге айланып барат. Бу да каниеттенүүнүн бир түрү. Арийне, мурдатан ушундайлыгынан күмөнүм көп. Бир жолу абдан жакшы көргөн байкелеримдин бири минтет: “Тиги, береги тууралуу “баланча” деген гезитке катуу жазыптыр бир журналист өзү аны менен күндөп-түндөп кошо жүргөндөй кейипте. Бул албетте жакшы нерсе, эсте кала турган. Бирок биз далай учурда, абдан жакындарыбыздан бери, анан жоготконубузду жап-жарыкта кайсалап таппай калганыбыздай эле адамдын  иши, жумушу, ойлонуусу… тууралуу жазып коюп, каармандын өзү, теги, албет-келбети, жашаган жери, өмүр баянына токтолбой коюп атышпайбы, менин оюмча, жазылманын кичине бир жерине  а кишинин жашоо-турмушу, баскан-турганы, мүнөз-деми тууралуу айтылбаганы чоң кемчилик.  Айтыш керек экен, кийин канчасын таппай калганыбызды эске салсак, кыйын эле кишилердин тиги-бу жактарын биле албай, кыйналганыбызды ойлосок.

Бу көп деле орунду албайт. Толук айткан  адам туурасында сөз башталган соң  жакшыны жакшы деп айтыш парзыбыз. Бүдөмүктү бүдөмүктөнтпөй кеп кылыш да чоң маани ээ…Эрнест Хемингуэйдин сөзү. Ал киши эгерде Рим императору убадасына туруп Аттилага Галлияны тартуулап калса, бул америкалык болсо да Францияны жакшы көрүп, көбүнчө ошол жерде жашаган киши кыргыз жазуучусу болуп калмак экен деген эле ой… А. Фон Бектин  Шекспир жөнүндөайткандарында да асыл тилектер аз эмес.

Кимди айтпайлы, биринчи кезекте өткөндүн нарк-баркы бизге, азыркы муундарга кымбат. Галлия… Азыркы Франция жергесинин табият-жаратылышы кудум биздикине окшош, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүп-өнүгүшү үчүн абдан ыңгайлуу. Муну Аттила атабыз баш болуп,  Төлөк баатыры, кеңешчиси бекем болуп, ушу жер  буюрса кыргыздардыкы болду, жакын арада көчүп келе баштайбыз деп кубанышканы кантип көңүлдү титиретпесин… Ушуларды ийине жеткире, армандата сүрөттөп бере алган так мына ушул Амангелди Бекбалаев эмеспи.

Кишилер бири-бирине окшош эмес. Ойлонгондорунан бери.  Франция тууралуу сөз кылып калган соң  улуу француздардын бири, көбүнчө гениалдуу документалист, далайларды- Дюманыбы, Байрондубу, Гюгонубу, орустун улуу классиги Лев Толстоюнбу, башка да толуп жаткан классиктерди жаза келгенде сөзсүз түрдө ата-тегин, жүрүм-турумун, кийген кийим, топчуларына, урук-тууган, жоро-жолдошторунун ата-тегине, күлкү-кайгысын мындай коелу, кимден туулуп, кимиси тарбиялаганына чейин жазып, улуулардын улуусу, жазуучулардын мандемдүүсү болгондогусун ийне-жибине чейин аңтарып-теңтерип келип баян эткен улуулардын адамдык аброй,  жаштайынан берки түр-сырларын шаңкайта ачып бергени азыркы бизге булардын бардыгы чоң сабак, тарых болуп атпайбы…

Маселен, мен мурдатан эле бир жагынан илимпоз,  экинчи жагынан классик жазуучу катары баалаган Амангелди Бекбалаевди сыртынан жакшы билсем да  ата-тегин, туулуп-өскөн жерин билбеген кез болсо керек. Анданбир жолу “чүйлүксүзбү?”  деп сураганымда, алгач “жок” деп туруп, анан бир азга ойлонуп, “Ооба, чүйлүкмүн” дегени чүйлүктөргө чоң таарынычы бардыгын ичке катпаганы айкын болуп турду, ошол кез кадимкидей көз алдыма тартылып…  Бул туурасында кыскача кеп кылынган, кайталабайын. Чүйдүн мыкты айылдарынын биринен болгонКайырма айылындагы мыкты үй-бүлөлөрдөн чыкканына карабай. Албетте мында адамдык басык, жүгүрүк, мүнөз-өзгөрүмдөрдүн, жаныңдагы эле килейген нерселерди баалап-баалабоочулуктун, буту-колуң бүтүн туруп  буга да алымсынбай бет келди алабармандоонун төөнөгүчү төөнөп койгондугудай таасир эткендердин айрымдарын төмөнкү деңгээлге түшүрүп жиберчү көрүнүштөн алыстабагандык жок эмес.

Ошон үчүн Амангелди Бекбалаев кыргыздардын өткөнүнө күнүгө, далай түндөрдү уйкусуз өткөрө көз жүгүртүп, азыркы таптарда да  кыргыздардын тарыхы тууралуу лекцияларды тынбай окуу менен декандык иштин да аны-мунусу абдан арбын экени белгилүү, далайларга жаңы бир сыймыктуу ойлорду арноо менен тиги-буга кымындай чолосу тийбеген турмушта жашаганы менен улуу киши катары көрөм да, бала-бакырасына, эли-жерине, дачадагы жакшынакай бессейнине, келечектери кең, жаш болсо да өлкөсүнө өз салымдарын кошуп аткан уул-кыздарына  арналып чыккан сүйүүсү оргуп-ташып, бул  тээ өткөндөгү кыргыз-кыпчак жана сабир урууларынын тары-таржымалын баян этүүгө да толкуй-ташый жетип турганы таң калтырбай койбойт.Муну албетте өзүнө гана жарашкан, өзгөчөлүү ал-акыбетине, бүтүндөй Азияга жанашкан, улуттун улуулугунан пайда болуп, өөрчүп-өнүккөн ушундай эле улуулук десек болот го.

“Бактылуусузбу, байке”  деп сурагым келсе да сурабай, ичимден сыймыктана берчүмүн жолукканда барбалаңдап.Жанында отурганда не деген дүйнөлүк классиктердин элеси тартылып, ошолор алдыма келе калышкандай болуп, ошолордун күчү менен сөз арытып, чайыма бал кошулуп берилгендей туюлуп, өзүмдү бактылуунун бактылуусундай туюп, түшүнүксүз да түшүнүк экенин эбактан билгеним менен, жакшы киши жаныңа жанашса, жөн жай эле аны менен баарлаша келгендеги суусап, кургап турган жерди баса калып өпкүлөй жааган жамгыр өңдүү айлана сергектенип.

Иши көптүгүн барган сайын сезем. Унчукпай олтуруп бошогонун күтөм. Далай жогорку жайларынын биринчи, экинчи… даражадагы жетекчилеринен болуп, анан өлкөнүн чоңунабы, башкасынабы, кайсы бир “кыйынга” орун керек болуп калганда жумуштан алынганын күлө кабылдаганына сыймыктанганым ашынып.

Кээ бир кыйраткансыган “тарыхчылар”, “жазуучулардан” да жок эмес, “бул киши тарыхчы болбой туруп, деги эмнени айтыбатат, андай эмес, мындай болгон, муну такташ керек” дегенге чейин барып, өзүлөрү бу жагынан кыйратып коюшкансып  улуу ойлорду жүрөктө алып жүргөн кишини басмырлоого  багытталган аракеттерди көрүп. Бул каратып туруп, же башка себептерденби, муну убакыт өзү айтсын. Бу кишинин чыгармаларын жакшылап, тереңдей окуганда жүрөк сыздата ойлонткон, нарылаган сайын ар-намыс, сыймыкты арттырган, кээ бир жеринен көздүн жашын көлдөткөн, армандуу бир ойлорду жараткан бийик чыгармаларынын терең жана кенендигин түшүнбөгөндөн же түшүнгүсү келбегенден болуп атса керек.

Улутубузга тиешелүү бар нерсенин баарын эске алып, жаңы бир нерсеге бүт жан дили менен умтулганды сыйлап жүрбөсөк өсүп-өнүкпөйбүз го, түшүнбөйбүз да биздин ким экенибизди толугу менен…

Жумакан Сариев

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 8, 2019 10:10

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина