“Фрезениус” компаниясы гемодиализ жабдуулары тапшырды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 9, 2018 01:08

“Фрезениус” компаниясы гемодиализ жабдуулары тапшырды

5 Кыргызстандын жасалма бөйрөк жана неврологиялык бейтаптар бирикмеси Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына беш гемодиализ жабдуусун берди.

Гуманитардык жардам германиялык “Фрезениус” компаниясынан алынган. Каракол шаарындагы бир нече жасалма бөйрөк жабдуусу бузулгандыктан, жабдуулардын үчөө дароо Ысык-Көл аймактык ооруканасына жиберилди.

Азыркы тапта жасалма бөйрөк жабдуусуна кезекке турган бейтаптар жок. Жакын арада жеке менчик – мамлекеттик өнөктүктүн алкагында 280 бейтапты тейлеген гемодиализ борбору курулганы жатат.

Бүгүнкү күндө 600 бейтап бюджеттик негизде, дагы 600 бейтап милдеттүү медициналык фонддун каржылоосу менен гемодиализ кызматын алып жатат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 9, 2018 01:08

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина