Финансы министрлиги KFW фондунун каражаттары боюнча аукцион өткөрүүнү пландоодо

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 25, 2020 11:05

Финансы министрлиги KFW фондунун каражаттары боюнча аукцион өткөрүүнү пландоодо


11 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан KFW (Германия) фондунун каражаттары боюнча 1 300,0 млрд сом суммасына аукцион өткөрүү пландалууда.

Иш-чара 2020-жылдын 23-июнуна пландаштырылган, «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасынын алкагында ишке ашырылат.

Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги он коммерциялык банк менен келишим түздү:

  1. «Айыл Банк» ААК
  2. «Бакай Банк» ААК
  3. «Банк Азии» ЖАК
  4. «Банк Компаньон» ЖАК
  5. «Демир Банк» ЖАК
  6. «КБ Кыргызстан» ААК
  7. «Оптима Банк» ААК
  8. «Финка Банк» ЖАК
  9. «Халык Банк» ААК
  10. «РСК Банк» ААК

Аукцион өткөрүлгөн соң жана бардык процедуралар аяктагандан кийин ишкерлерге жеңилдетилген кредит берүү үчүн бюджеттик каражаттарды банктарга берүү пландалууда. Банктардын тизмеси көбөйүшү мүмкүн.

KfW Германия өнүктүрүү банкынын каражаттарынын биринчи траншы айыл чарба чөйрөсүндөгү чакан жана орто бизнести колдоого багытталат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 25, 2020 11:05

Приемная кампания 2020

Элдик медицина