Фермерлердин жеңилдетилген насыяларды кайтаруусу 99%ды түзөт

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 21, 2017 12:35

Фермерлердин жеңилдетилген насыяларды кайтаруусу 99%ды түзөт

процент 21 апрель, Бишкек. Фермерлердин жеңилдетилген насыяларды кайтаруусу 99%ды түзөрүн. “Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу” жана айыл чарбасын, кайра өндүрүү өнөр-жайын мындан аркы өнүктүрүү чаралары жөнүндө маалымат жыйында “РСК Банк” ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки айыл чарбасын каржылоо боюнча насыяларды кайтарбоо пайызы төмөн.

“Насыя алуу боюнча маселе жок. 250 миң сомго чейинки насыя алууга паспорт, нике тууралуу күбөлүк, айыл чарба жеринин же жаныбарлардын таандыгы тууралуу документ гана керек. 250 миңден жогору ошол эле документтер жана соцфонддун, салык кызматынын карыздары жоктугу тууралуу маалымдамасы зарыл” деп түшүндүрдү ал.

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 21, 2017 12:35

Парламент

Элдик медицина