Фермерлер кышкыга даярдык көрүшүүдө

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 14, 2020 00:25

Фермерлер кышкыга даярдык көрүшүүдө

7 “Жаз жарыш, күз күрөш”, демекчи азыркы тапта Москва районунундагы фермердик чарбалардын кышкыга даярдык көрүү иштери кызуу жүрүп жаткан учур. Москва райондук айыл-чарба башкармалыгынын адиси К. Сманкуловдун айтымында дыйкандар бир гана кышкыга чөп жыйнашпастан, тоюттун ар кандай түрлөрүн да топтошууда. Жылдагыга салыштырмалуу быйыл тоют кадыресе көп топтолгондугун райондук айыл-чарба башкармалыгынан билдиришти. Аталган мекеменин адистеринин айтымында быйылкы сезондо 91 тоннадан ашык тоют топтолуп, 55 тонна чөптүн түгү даярдалган. Мисалы, Петровка айыл өкмтүнө караштуу “Таштан” айыл чарбасында тоют топтоочу атайын комбайны бар. Алар бул маселеге жоопкерчилик менен карашат. Андыктан мал багууга да бул чарбада жакшы шарттар түзүлгөн. “Таштан” айыл чарбасында азыркы учурда 64 баш “Сементал” породасындагы уйларды багышат. Бир күндө 2 тоннага чейин сүт саап алышат. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Себеби, көпчүлүк фермерлер 5 уй багып араң 20-25 литр сүт саап алып жатышат.

— Тоют топтоо жана кышкыга кам көрүү маселеси бир гана быйыл талкууга алынбастан, ар жыл сайын жайыт сезону башталаар менен кабыргасынан коюлуп келет. Ага карабастан Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарбыз толук кандуу колдонулбай калып жатат, — дейт К. Сманкулов. Адистин айтымында район боюнча 27 миң ири бодо мал болсо, анын 8200 баш мал гана жайытка чыккан. Ал эми 52 800 кой-эчкилердин 16 миң баш мал гана жана 5800 жылкынын 2900 гана жайытка жөнүтүлгөн.

Эскерте кетсек мурунку убактан бери Москва району Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттын 32 гектарын ээлеп келет. Андыктан жайыт комитеттери менен биргеликте бул багытта чогуу иш жүрүп жаткандыгы маалым.

К. Сманкуловдун айтымында мурунку жылдарга салыштырмалуу жылдан жылга фермерлер малдарды жайытка көбүрөөк санда чыгарып жатышат. Мисалы, эгерде мурда жалпы фермерлердин 5-10% гана жайытты колдонушса, быйыл бул көрсөткүч 45% чейин көтөрүлгөн. Белгилүү болгондой, жайыттан түкөн мал семиз болуп, кышкы суукка туруктуу болот.

Гульмира Убакеева

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 14, 2020 00:25

Приемная кампания 2020

Элдик медицина