Эсеби жок байыган экс-бажычы Айбашевдин үйүнөн 50миң $ сааттар табылды

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 29, 2018 08:52

Эсеби жок байыган экс-бажычы Айбашевдин үйүнөн 50миң $ сааттар табылды

8  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин алкагында 25-майда Борбордук бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Нурбек Айбашевди кармалган. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Бажычыга карата 27-майда Айбашевге Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланалуу) боюнча айып тагылып, Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө аяктаганга чейин камакка алынган.

Маалыматта Айбашев Борбордук бажыны жетектеп турганда «А.» ЖЧКсы менен жең ичинен сүйлөшүп Кытайдан келген товарларга мыйзамсыз бажы каттоолорун жүргүзүүгө жол ачып берген.

«2015-жылы 20-августта аталган ишкана Айбашев жана U.Q.I.T.C.L компаниясы менен Кытайда терини кайрадан иштетип чыгуу, бут кийим, кийим-кече чыгаруу боюнча келишим түзгөн. Бажычынын көмөгү менен бир топ мыйзамсыз иштер жасалып турган», — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада Нурбек Айбашев Борбордук бажыда иштеп турган маалында бажы төлөмдөрүнөн 166 миллион сомдон ашык каражат казынадан кыйгап өтүп, мамлекетке зыян келтирилгени аныкталган.

Эң кызыгы, анын үйүнөн табылган 50 миң АКШ доллорынан турган алтын сааттарда…

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 29, 2018 08:52

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина