Эртең укпадым дебе!..

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 29, 2018 10:18

Эртең укпадым дебе!..

9 Таңдан туруп базардан азык-түлүк алып үйгө кайттым. Автобустун ичи өтө толтура болбосо дагы, жетишээрлик. Айдоочунун арткы орундукта отурган 50-60 жаш чамасындагы адамдын (кызуурак) өктөм сүйлөгөн сөзү, көңүлүмдү бурду.

Байкуш гана кыргыз эли, кырылгандан куралган байкуш элим. 27 жылдан бери жеп-жутуп эле келатышат. Байкуш элим чыдап эле келатат. Башка эл болсо кемирилип калмак. Акаев 14 жыл жедиби?-жеди. Анын 14 жылда жегенин эки эселентип, 5 жылда  Бакиев жедиби?-жеди. 2010-жылы Бакиевден калган “Манас”, «Азия Универсал банкы» деген эки банкын баш кылып, башкаларын төш кылып, келген убактылуу бийлик барын алышты. Ал дагы аздык кылып, каскан жерден коррупция, миллиарддаган акчалар чубалып чыгып жатат.

Кыргызстан чындыгында эле Аллах Тааламдын курорту – деп бекер айтылбаган чыгар. Жер байлыктарын чет өлкөлүктөр кемирип жатса, келемиштей болгон бийлик бутактары бир жагынан мамлекеттин капчыгына кол салып жеп жатышат.

Сооронбай Жээнбеков жалгыз эмнесине жетишет. Ой кыргыздар ойгонсоңор боло. Союз тарап, элдин руханий ачкачылыгын мамлекеттин байлыкка алмаштырып алышты. Качан кыргыз башын жерге салган, качан кыргыз өз балдарынын келечегине кол салган, качан кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө кол салган. Президент коррупция менен күрөшүп жатканда, жамырай журт эмнеге колдоо көрсөтпөйт. Кыргыз мамлекети кыргыздарга керек экендигин билесиңерби?

Байыгандар билишпейт окшойт, жыйырма метр ак болотнайга оролуп, 2кв.метр жер гана керек экендигин — ал адамдын көзүнөн аккан жашты көрүп жанына бара албай кечке ойлонуп турдум.

Агабыз өтө курч жана ачуу сөздөрдү ый аралаш айтып жатты. Калган сөзүн кулагым укпай баратты. Бул ачуу чындык, адилет сөздү ким айтса, аны азыркы убакта туура эмес көрүшкөн адамдар четтен чыгат.

  • Бул ким?
  • Болгону, эли – жери үчүн күйүп бышкан патриот адам. Эмнеге ар бирибиз ушул адамдай ойлонбойбуз? Ушул сыяктуу суроолор улам кайталанып, үйгө кантип жеткенимди дагы сезбей калдым.

Чындыгында эле Кыргызстанстан мамлекети сузса түзөнбөгөн, кетсе кетилбеген өлкө  экен го. Тилекке каршы, бардык нерсенин чеги бар го. Мисалы,

  1. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн Чолпон-Атага ат майдан курууда каражаттар максатсыз пайдаланганы аныкталды. Анда курулушка кетчү чыгым башында белгиленген 480 миллион сомдон 1 миллиард 584 миллион сомго чейин көтөрүлүп кеткени белгиленет.
  2. УКМК мэрия тарабынан ар бири 9 миң сомдон сатып алынган көчөттөр боюнча Кылмыш жаза кодексинин үч беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
  3. Тарых музейин реконструкциялоого бюджеттен бөлүнгөн акча чынында кайда кетип, кимдин чөнтөгүнө түшкөнүн териштире баштады.
  4. Финансы полициясы Түндүк бажынын мурунку башчысы Нурбек Айбашевди камакка алып, анын жашаган хан сарайынан 50 миң $ турган 25 алтын саат табылган. Ал кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып 166 миллион сомдон ашык каражатты өзүнө чегерип алган деген күнөө менен кармалган.
  5. Салык төлөөдөн качканы үчүн Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда жез казып жаткан «КазМинералзБозумчак» ишканасынын жетекчиси кармалды. Аны Финпол колго түшүргөндөн кийин гана 55 миллион салыктын баарын төлөгөн.

Жогоруда агабыз айткандай адам баласына мынчалык байлыктын кереги эмне?-деген суроо пайда болот. Ошол байлык тиги дүйнөдө бейишке жол ачып бере алат болду бекен?

Балким адам баласы өзү үчүн ушул арам байлыктын артынан кууп, тозокко орун даярдап жаткандыр. Кандай болгон күндө дагы окурмандарым, ар бир кыргыздын, ар бир Кыргызстандыктын жүрөгүнө патриоттук сезим пайда болуп, байлык, мансапка эмес, бактылуу жашоого үндөйт элем.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 29, 2018 10:18

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина