«Энерго холдинг» кызматкерлерине мыйзамсыз кошумча акы төлөгөн

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 14, 2019 11:41

«Энерго холдинг» кызматкерлерине мыйзамсыз кошумча акы төлөгөн

6 «Улуттук энерго холдинг» кызматкерлерине компьютердин зыяндуулугу үчүн деп мыйзамсыз кошумча 3,7 млн. сом  төлөп берген. Мындай мыйзам бузуу Эсеп палатасынын 2017-жыл үчүн өткөргөн аудиттинин жыйынтыгында аныкталган.

Маалыматка ылайык, оор жумушта иштеген, зыяндуу, опурталдуу жана башка өзгөчө эмгек шарттардагы жумуш үчүн кошумча акы төлөнөт. Бирок компаниянын жетекчилиги жумуш орундарында текшерүү өткөргөн эмес. Ошол себептен жумушчуларга кошумча акча төлөөгө мыйзамдык укук жок болчу.

Эсеп палатасы «Энерго холдингде» аудит учурунда мындан башка да эреже бузууларды аныктаган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 14, 2019 11:41

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина