Эми заманбап пардаларды карнизге илип терезеге кадай бериңиз

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 27, 2018 15:59

Эми заманбап пардаларды карнизге илип терезеге кадай бериңиз

4 Терезе парданы алмаштырууну каалап бирок даяр тигилген пардаларды алууга каражатыңыз жетпей же колуңуздагы материалды тиктире албай жатсаңыз сизге жакшы ыкманы айтып бермекчибиз. Калың материал оңой менен бырышпайт. Андыктан материалды пардага салып бычып алгандан кийин карнизге илине турган баш жагынын ички бетине катуу материал коюп тигип алабыз. Андан кийин ошол материалдын бетине узундугу 5 же10 см келген узундуктагы калың тасманы сүрөттөгүдөй кылып тигип алабыз. Эми карнизге илип терезеге кадай бериңиз. Ал эми парданын байлоосуна болсо кадимки дисктин ортосун оюп алабыз. Сыртын болсо пардага үндөш келген тасма менен кылдат ороп чыгабыз. Керексиз болгон кытай таякчасын да оройбуз. Бул сиздин пардоону жыйнаганда керекке жарайт.

 

Керексиз капкак балага оюнчук

Күндүн ысыгынан улам тынбай бөтөлкөдөгү суу менен ширени иче берип үйгө капкак толуп кеттиби. Аны жөн эле ыргытып ийбей оюнчук жасап көрөлү. Ар түрдүү түстөгү бир топ капкакты чогултуп алабыз. Эми резина менен шибеге алабыз. Баардык капкактарды ортосунан тешип алабыз. Киндердин кутусунун бир учун тешип ага резинаны өткөрөбүз. Андан ары капкактарды түрдөп тизип баштайбыз. Сизге керектүү узундук чыккандан кийин киндердин экинчи кутусун өткөрүп резинаны бекитип алабыз. Бул түстүү жылан оюнчугу сиздин балаңызга бир канча убакыт кызмат кылат.

Ои Собаджи же тез даярдалуучу корей салаты

Бадыраңды туздап же майонез кошуп салат жасоодон тажап, рецеп жаңыртууну каалап турасызбы? Ачууга жакынсызбы? Анда бул кимчи аралашкан бадыраң салатынын рецеби сизге өтө керек экен. Беш-алты бадыраңды таза жууп бир учун кесип кайчылаштырып ортосун сүрөттөгүдөй кылып бөлүп алабыз. Андан кийин жакшылап туздайбыз да 15 мүнөт тыныктырабыз. Андан кийин сабизди сүргүчтөн калың кылып өткөрүп, ага жарым айча болуп  тууралган пиязды кошобуз. Эки тиш сарымсакты майда туурап ачуу кызыл калемпир аралаштырып, баарын кошуп сое соусун кошуп баарын аралаштырабыз. Соуска бир чай кашык шекер, кунжут жана суу кошобуз. Эми бадыраңдардын ичине даяр соусту салып сыртын жакшылап соус менен сүртүп пластмасса идишке салып муздаткычка эки сааттан ашык тыныктырып коебуз.

Тескери өрүлгөн жылан боор чач тарамы

Жайдын ысык аптабында чачты жыйнап түйүп же өрүп жүргөн пайдалуу го. Балким сиз дайыма чач өргөндү жактырасыз. Анда жакындарыңыздын чачын күндө түрдөп өрүп берсеңиз болот. Алгач чачты тарап чачышып чыгарып алабыз. Андан кийин сүрөттөгүдөй кылып сыртка кайрып өрө баштайсыз. Улам өрүлгөн өрүмдөрдү акырын тартып көптүрө бересиз. Чачтын учуна чейин кылдаттык менен өрүп учун ичке билинбеген резина менен бекитип коесуз. Бул чач өрүм суюк чачтуулардын чачын калың жана көркөм кылып көрсөтөт.

Апелсиндүү булочка

Камырын кадимки боорсокко же булочкага жууругандай жууруйсуз. Камыр көөп чыккандан кийин калыңдыгы 3 же 5 см кылып жайып төрт чарчы кылып кесип алабыз. Бурчтарын ичинен тилебиз. Ортосуна апелсиндин кесиндисин коюп кесинди бурчтарды кайрып бекитебиз. Бир аз көптүрүп духовкага салып бышырабыз. Бышкандан кийин шекер пудрасын себелеп коюну унутпайлы. Бул сиздин дасторкондогу өзгөчө булочка болмокчу.

Дамира СААЛИЕВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 27, 2018 15:59

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина