Элибиздин ынтымагын бириктирген Сары-Өзөн Чүй

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 5, 2019 15:31

Элибиздин ынтымагын бириктирген Сары-Өзөн Чүй

8 Сары-Өзөн Чүйдүн элинин кең пейилдиги менен көп улуттуу элди өз кучагына алып, алар менен бир туугандык алакада жашап жаткандыгы белгилүү. Бир гана башка улут менен аралашып жашоо менен күн кечирбестен өлкөбүздүн алыскы аймактарынан келип отурукташып калган карапайым калкты да  меймандостук менен Сары-Өзөн Чүйгө батырып келет. Чүй облусунан чыккан канчалаган белгилүү инсандарыбыз элибиздин эркин жашоосун, бейкуттукту орнотуп кетишкен. Чүй боорунун элинин ынтымагынын негизинде бир топ коомдор түзүлүп, элдин кызыкчылыгын колдоп, өнүгүүсүнө салым кошуп келишет. Айтылуу “Манас” эпосундагы Бакай атабыздын жолун жолдогон аксакалдарыбыз да жаштарыбызга жол көргөзүп, карылык кеңешин берип ар тараптан колдоп элибиздин ынтымагын бекемдеп келишет. Ушул Чүй боорунун тургундарынан турган Сары-Өзөн Чүй ынтымагы борборунун  кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеде бир топ аткарыла турган иштердин программалары менен таанышышып, жүрөгүндө оту бар, таланттуу, лидер азаматтардын ойлорун угуп, аксакалдарыбыз кеңештерин берип, жаштарыбызга ак баталарын берип узатты. “Арбактар ыраазы болмоюн  тирүүнүн иши оңолбойт” демекчи, Чүй университетинин атын алып жүргөн Чүйдүн тургуну Султан Мамбеткалиевге да багышталып куран окутулуп өз иштерин башташты. Келечекте көптү үмүттөндүргөн Сары-Өзөн Чүй ынтымагы борборунун аткара турган иштери дагы алдыда демекчимин.

Сары-Өзөн Чүй ынтымагы борборунун төрага жана ошондой эле лидерлери менен болгон маегибизди жарыяламакчыбыз.

Ормон Шаршенов,Сары-Өзөн Чүй ынтымагы борборунун төрагасы:

- ОрмонШаршенович, бүгүнкү иш-чара боюнча айта кетсеңиз…

— Бүгүнкү иш-чаранын максаты — эки айлык тыныгуудан кийинки биздин коом өз ишин баштар алдында эл-журтубуздун көйгөйлүү маселесин чечүүдө коомубуздун мүчөлөрү менен биргеликте кеңешмеси болду. Ар жылы  жетишкендиктер менен орчундуу саясый маанилүү маселелердин таасири жөнүндө сүйлөшүү максаты болчу.

- Өлкөбүздүн азыркы абалына кандай баа бересиз?

— Эгемендиктин келишин чейрек кылымдан бери айтып келе жатабыз. Бирок кандай максат бизди эртеңки күнгө алып бара жатат, биз кантип ал күнгө жетишибиз керек, анын социалдык жана саясый багыты коомдук аң-сезимдин калыптандыргандагы бирден бир өзгөчөлүгү, ал мыйзамга баш ийүү.  Коом мыйзамга баш ийүүнү үйрөнмөйүнчө алдыга жылыш өтө опурталдуу экенин биздин экс-президентибиз жана анын тегерегиндеги кайым айтышуулар жалпы өлкөбүздү башкаруу системасына түздөн-түз оор сөздөрдү айтууга алып келди. ЖКнын чыгарган чечими, барып экс-президентибизди камаганы жана башка окуялар барып элдердин ой жүгүртүүсүн абдан чачыратты. Биз бул жерде эмнени билдик, эл башкарган адамдарыбыз баш болуп мыйзамды сыйлабайт экенбиз. Биз мыйзамдын өзүбүзгө керектүү гана жерин окуп, өзүбүзгө керектүү жерин гана туура деп кабыл алат экенбиз. А өзүбүзгө жакпай калса ал туура эмес, мен ойума келгенди жасай берсем болотдеп калабыз.

- Өлкөбүздө мындай иштер болбошу үчүн эмне кылышыбыз керек?

—  Мындай абалда болбошубуз үчүн жаңы түзүлгөн саясый коомду өзүбүзгө чакырып, аларга кандай иштерди кылууга болот, туура келбеген жерлерин оңдоп, улуулук милдетти аткарсак. Жаңы түзүлүп жаткан партиялардын лидерлерине да батабызды бердик. Силердин максат бийликке келиш, а биздин максат элди туруктуулук, мыйзамдуулукка үйрөтүш. Эгерде максатыңар жөн эле бийликти алуу болсо жаңыласыңар, эгерде элибиздин эртеңкисине өз салымыңарды кошуп, элибиздин үмүтүн актайлы деген сунушту айтып келебиз жаштарга.

“Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылында Сары-Өзөн Чүйдө кандай иштер аткарылды?

- Чүйдө социалдык маселелерди аткарыш үчүн Чүй боорундагы талаптуу багыттагы социалдык көйгөйлүү маселелерге жолдун салынышына, мектептердин курулушуна, ооруканалардын тургузулушуна, үзгүлтүксүз электр энергиясынын келиши бюджеттин абалына көз каранды. Эгерде Чүй облусуна бөлүнгөн каражат Кара-Балта менен Бишкектин ортосундагы жолду 4 жылдан бери бүтө албай келе жатса, Сары-Өзөн Чүйдө көйгөйлүү маселелерди бири – жол. Биз эки жылда бүтө турган жолду төрт жылдан бери жасай албай келе жатабыз. Мурунку бийлик кабыл алган программаны кийинки бийлик улантпай, кайра жаңы программаны кабыл алып, улам жаңы багытты айтып иш ордунан жылбай  мамлекеттин өнүгүүсүнө жолтоо болуп жаткандыгы айтпаса да белгилүү.

Жыргалбек Азылов,  Сары-Өзөн Чүй борборунун төрагасы:

- Сары-Өзөн Чүй ынтымагы борборунун максаты, алып бара турган иштери жөнүндө кеп кылсаңыз?

— Сары-Өзөн Чүй ынтымагы коомдук бирикме болчубуз. Ар тараптан биригип ушул коомду түптөгөнбүз. Жалпычүйлүктөрбиригип курултай өткөрүп, ошолжерденменитөрагакылыпшайлаган. Анданкийинбазасыкичинеөзгөрүп, бизЧүйбоорундагыкоомдордубириктирүүгөөттүк. Бизгеэңалгачкыларданболуп Сары-Өзөн казак, Сары-Өзөн дунган коомукелипкошулду. Ананакырындапсолто, моңголдор, сарыбагыш, кайрылмандардынкоомдору кошулду. Азыр элдин ынтымагын ойлоп аксакалдар же аттуу-баштуу адамдар башында турган коомдор бар. Алыс жерде экенине карабай  Москва шаарында “Мекендештер” аттуу коом бар. Ушул коомдор менен сүйлөшүп кандай негизде бириксек болот деген маселени талкуулап чыктык. Жогоруда айтылып кеткен коомдордун көз карашы, максаттары ар башка болгондуктан  ушулардын башын кантип бириктирсек болот деген чечимге келип меморандум системасына өттүк. Алардын системасы боюнча Чүйдө кайсы маселелер, алсак социалдык, кадр, жерди колдонуу маселелерижана ошондой эле Бишкектин тегерегиндеги пайда болуп жаткан шаарчалардын маселелер, жерди трансформациялоо маселеси, бюджеттен бөлүнүп жаткан акчалар кандай бөлүш түрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө Баткен областынын калкынын 15%ы, жана алыскы облустардан келип  Чүйгө отурукташып жатышат. Ошол бюджеттен бөлүнгөн акчалар алыскы облустарга көбүрөөк бөлүнөт да, жылдан жылга ички миграция менен элдин саны көбөйүп жаткан Чүй бооруна мурда канча акча бөлүнүп жүрсө, ошол эле акча которулат.Биздин борбордун негизги максаты – “Бир мамлекет, бир эл деген” ураанды ыйык тутуп, кыргыз жергесиндеги улуттар, уруулар, диндер бөлүнө бербей “бир жеңден кол чыгарып” биримдикте  ынтымакта иштеп келүү.

- Сары-Өзөн Чүй ынтымагы борбору жергебизге келип отурукташып калган элдер менен менен кандай иштерди аткарып келдиңиздер?

— Биздин Тажикстандан келген этникалык кыргыздардын 20 жылдыгын Жайыл районундагы Сосновка айылында өттүк. Бул мааракеге баардык айыл өкмөттөрдү жана башкаларды чакырып белгиледик. Биздин курамыбыздагы казак, дунган коомунун мүчөлөрү менен сүйлөшүү жолу менен ортодон чыгып кеткен  келишпестиктерди ынтымак жолу менен чечүүнү да колго алганбыз. Эгемендүүлүктүн келиши менен бул жердештерибиз да өлкөбүзгө кайтып келди. Айта турган нерсе өкмөт мойнуна алган иштерди аткарды, мекендештерге шарттарды түзүп жайгаштырып, документ менен камсыз кылып берди. А.Акаевдин кыргыз элине кылган эрдиги саясый эрдик десем жаңылышпайм. Ошондуктан коомдордун башын бириктирип, кайсы коомдо эмне маселе бар, аны талкуулап, чечкенге далалаттанабыз.

- Өлкөбүздө болуп жаткан абалга байланыштуу көз карашыңыз?

— Өлкөбүздө негизги абалды жөнгө салууда негизги курал болуп ынтымак болуп эсептелет. Себеби дегенде биз аксакалдар биригип биримдикте болуп, жаштарга үлгү болуп, чектен чыккан бейбаш жаштарыбызды тарбиялап жолго салуу негизги милдетибиз. Негизи эле ортодогу мамилени бузбоо, колдон келсе бир өлкөдө жашап жаткандан кийин кандайдыр бир партиянын же саясатчыны колдоп бөлүнүп-жарынууга жол бербөө. Бийлик, байлык убактылуу нерсе, ал эми элдин ынтымагы, биримдиги ортодогу алака түбөлүктүү, муундан муунга калып уланат.

- Жаштарды колдоп жол көргөзүп келет экенсиздер,келечек жаштардын колунда демекчи дагы жаштарды кандай багытта колдойсуздар?

— Кыргызстандын келечеги үчүн, элдин келечеги үчүн тынымсыз эмгектенүү керек. Иштейбиз депжаштар көп келишет. Бизди колдоп акча бериңиздер жергиликтүү шайлоого баралы деп келишет. Биз район, айылдарга чейин чогулуштарды өткөрүп келгенбиз. Түзүлүп жаткан партиялар бийликке келүү максатын көздөшөт. Шайлоо учурунда добуштарды сатып алуу, шайлоодон өтүп парламентке келгенден кийин жергиликтүү коомдор менен байланышпай деле калышат. Андай болбош керек, биз шайлоого чейин партиялардын жүзүн ачылышыбыз керек. Негизги максаттарыбыздын бири – коомдун өзүн ойготуу, жаштарды ойготуу болуп саналат. Уюшулуп келе жаткан, партияларга катышкан активдүү жигиттер булар келечекти ойлогон инсандар. Ушундай жан дүйнөсү таза, эч нерседен тайманбаган, акылдуу инсандарга жол көргөзүп колдоп, көтөрмөлөшүбүз керек. Эл менен жолукканда айтып келебиз келечекти ойлойлу, жакшылап ойлонуп ар бир ишибизге кадам таштайлы, жеңил ойлуулук менен эч качан иш кылбайлы, жаш муундарыбызды ойлойлу деп келебиз.

- Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө карата каалоо-тилектериңиз…

—  Кыргыз  мамлекети, эли эгемендүү болууга татыктуу деп айта алам. Эгемендүүлүктү оңой жол менен алган жокпуз. Кыргыз эли мамлекет болуп калыптанышы үчүн кыргыздын атуулдары канча кан төктү. Кыргыз журтчулугума бакыт-таалай каалайм, эгемендүүлүгүбүз мындан да бекемделиши керек. Биздин бул эркин эгемендүү мамлекетте жашап жаткандыгыбызга ата-бабаларыбыздын эмгеги зор, алар ушул эркиндик эгемендик үчүн канча күрөшүп келишкен.  Ал эми биз келечекке эмне калтырышыбыз керек, балдарыбыз, неберелерибиздин келечеги үчүн коррупцияны жок кылышыбыз керек. Келечек муундарга бейпил жашоону тартуулашыбыз керек эмеспи, алардын алдында биз жооп берерибизди унутпашыбыз керек. Келе жаткан Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгы мененкыргыз элимди чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Баардыгы аманчылыкта, үй-бүлөлөрү менен бардар жашоодо жашашына тилектешмин!

Сүйүнбай Майлыбаев,Сары-Өзөн Чүй ынтымагы борборунун мурунку төрагасы:

-Сары-Өзөн Чүй ынтымагы коому кайсы жылы түптөлдү эле?

— Бул коом 2011-жылы түптөлгөн. Сары-Өзөн Чүй ынтымагы коомунун жетекчиси Азылов Жыргалбек жетектеп келет. Ал жетектеп келгени аябай чоң иштер болду. Азыркы күндө он алты коом, андан тышкары моңолдор, сарбагыш жана башка уруулар бирикти. Сары-Өзөн Чүйдө “Бир эл – бир мамлекет” деген девиз бар. Биз партияга, улутка, жердешчиликке бөлүнбөйбүз. Сары-Өзөн Казак жана Дунгандар ассоциациясы да келип биз менен биригишти. Бүгүнү күндө аябай чоң коом түзүлүп турат, Сары-Өзөн ынтымагы дегенди 2016-жылы Сары-Өзөн Чүй борбору деп түзгөнбүз. Сары-Өзөн Чүй Акыл ордо деген аксакалдардын курамынан турган бир коомубуз бар. Жаштар канаты жана аялдар канаты бар биздин борбордо. Бизге дагы жүрөгүндө оту бар, эли-жерин сүйгөн патриот жаштардан келип биздин катарга кошулуп жатышат.  Кыргыз мамлекетинин, анын ичинде Сары-Өзөн Чүйдүн кызыкчылыгын коргоо менен өнүгүүгө салым кошкон коом бололу деген максатыбыз бар.

Дагы айта кетчү нерсе, эскилиги жеткен, дубалдары ураган, суусу жок мектептер бар Чүйдө. Анткени болгон акча каражаттарынын 80%-90%ын алыскы райондорго, түштүк тарапка жумшай берип Чүй каралбай калган. Мисалга алсак, Алай районунда  80 млн., Өзгөн районуна 70 млн., Чүй обулусу боюнча 18 млн. бөлүнүптүр. 18 млн. бир мектептин фундаменти. Алыскы аймактагы элдин баары мигрант болуп биз жакка келип 500 орундук мектепке 1000 бала окуп жатат. Чүй боорунда мектептерге бала батпай жаткандыгы баарыбызга эле белгилүү болсо керек. Көп каражат бөлүнгөн аймактарда мектептер бош турат. Ошону менен бала бакча да жетишпей турат. Ушул сыяктуу маселелер боюнча Сары-Өзөн Чүй аксакалдарынын төрагасы президентке кирип чыккан. Кудай буюрса президент коррупциялык иштерден түшкөн акчаны Чүй өрөөнүнө, Бишкектин тегерегиндеги мектептерге жумшайбыз деп жатат.

  • Буга чейин Сары-Өзөн Чүй борборунун мүчөлөрү менен биргеликте кандай маселелер чечилди?
  • Кээ бир айыл өкмөттөрдө болуп жаткан маселелер бар. Чечилбей жүргөн проекттерге, гранттарга жетпей жүргөн маселелер бар, ошолорду жок дегенде биздин борбордун атынан кирип депутаттарга жеткирип келебиз. Быйыл анча-мынча маселелерибиз чечилди. Сары-Өзөн Чүйдө чоң маселе социалдык тармактар өтө эле артта, спорт залы жок эски мектептер Чүйдө гана бар. Бизде алыскы райондорго көп каражат жумшалып, жакын деп бизге көп көңүл бурулбай келгендигин ушундан билсек болот.
  • Жаштар арасынан суурулуп чыккан лидерлерди да колдоп кеп-кеңештерди берип келет экенсиздер. Сиздерден тарбияланып жаткан жаштарга ишеним кандай?
  • Бизде 60-70 жаштагы аксакалдарыбыз бар. Алар иши жогунан же болбосо айла жоктон жүрүшкөн жок. Бул ошол Чүйдөгү кадр маселеси жана башка маселелердин анализдеп көрдүк. Деги эле Чүйдөн чыккан лидерлер аз экендиги өкүндүрөт. Биздин курамыбыздагы жаштарды жакшылап үйрөтүп, тарбияласак биздин жүргүзүп жаткан иштерибизди улантып кетерине ишенип, кылган кызматыбызды тапшырып, өткөрүп берет элек. Ошондо биз кеп-кеңештерибизди берип балдарыбыздын алдында жүрөт элек.

Б.Жусупова

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 5, 2019 15:31

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина