Элдин жашоо-турмушун жакшыртуу – эң негизги максат

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 11:12

Элдин жашоо-турмушун жакшыртуу – эң негизги максат

1 Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында мекендештерине жана депутаттарга кайрылып терең мазмундуу сөз сүйлөдү.

Акыркы мезгилде коомубуз ашкере  саясатташып, элдин көңүлүн буруу максатында ар кыл саясый топтордун бир катар аракеттери болуп өттү.

Аларга карата көп улуттуу элибиз кеменгердигин, саясый жетилгендигин дагы бир ирет көрсөттү.

Акылман калкыбыз мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыкты,  коомдун биримдигин башкы дөөлөт катары тандаганын тастыктады.

Чагымчылдыкты кабыл албаган, ынтымакты жогору баалаган, тарых-тамыры терең, рухий көрөңгөсү күчтүү, чыныгы эркиндикти сүйгөн эл экендигин далилдеди, — деди Президент  элге кайрылып.

Андан соң  С.Жээнбеков буларга токтолду.

“Бийлик үчүн элге жаккан, бүтүн коомчулук колдогон иштерди аркалап, журт кызыкчылыгында тынбай аракет кылуу гана мааниге ээ болуп калды.

Биз элге берген убадаларды, шайлоочулар берген наказдарды аткаруунун үстүндө иштеп жатабыз.

Жогорку Кеӊеш, Өкмөт, Сот бийлиги менен бирге алга карай кадамдарды жасадык.

Тышкы саясат багытында маанилүү өзгөрүүлөр болду.

Стратегиялык өнөктөштөр жана коңшу мамлекеттер менен мамилени бекемдөө багытында үзгүлтүксүз иштерди жүргүздүк.

Россия Федерациясы менен жогорку деӊгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мекендештердин бир катар маселелери чечилди.

Жакында эле Владимир Владимирович Путин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келип, абдан жемиштүү сүйлөшүүлөр болду.

Жакынкы коӊшуларыбыз — Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен ишенимдүү кызматташтыгыбыз, мамилебиз жаңы деңгээлге чыкты.

Түркия менен кызматташууда буга чейин топтолуп калган маселелерди эки тарап ачык талкуулап, түшүнүшүү менен чечүүдөбүз.

Жакынкы, чектеш коӊшубуз, ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөшүбүз Кытай Эл Республикасы менен алакабызды жакшыртуу тууралуу Си Цзинпинь мырза менен Пекинде сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм.

Быйыл Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылат. Июнь айында Бишкекте бул уюмдун саммити болот.

Ички саясаттын негизги багыты катары коомдун ынтымагын, элдин биримдигин сактоону көздөдүк.

Ар кандай чагымчыл күчтөрдүн иш–аракеттерине чечкиндүү бөгөт коюп, элдин тынч жашоосун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон иштерди тынымсыз жүргүздүк.

Өлкөдөгү саясый стабилдүүлүк, коомдун биримдиги, улуттар аралык ынтымак – биздин негизги байлыгыбыз.

Ошондуктан коомдун ынтымагын чыӊдоо, коомдук тартипти сактоо маселеси дайыма менин көӊүлүмдүн борборунда болду.

Ички жана чек арадагы коопсуздукту сактоо үчүн чечкиндүү чара колдонуу, мамлекеттин тынчтыгын коргоо — башкы милдетибиз бойдон калды.

Армияны чыӊдоого, чек арабыздын ишенимдүү корголушуна астейдил көӊүл бурдук.

Реформанын негизги багыты – сот, прокуратура жана башка күч органдарындагы иштер мурдагыдай көмүскөдө болбойт.

Тиешелүү жаранга тергөөнүн жүрүшү, сот процессинин этаптары менен таанышуу жеткиликтүү болот.

Сот жана укук коргоо органдарынын ишине видеобайкоо киргизилүүдө, бул алардын ишинин ачыктыгын камсыздайт, — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент экономиканы өнүктүрүү үчүн сырткы жана ички инвесторлор үчүн жагымдуу мыйзам базасы түзүлгөндүгүнө, региондорду өнүктүрүү боюнча иштер быйыл кабыл алынган Жарлыктын алкагында жасалып жаткан.

Кыргыз элинин көөнөрбөс тарыхы, улуу мурасы, көркөм казынасы, өзгөчө маданияты бар.

Эми жалпы адамзат жеткен технологиялык жетишкендиктерди өздөштүрүү зарылдыгы турат.

Ошол эле убакта өз маданиятыбызды, улуттук өзгөчөлүгүбүздүн далили болгон каада-салтыбызды, жаркын пейилибизди сактап калууга умтулушубуз абзел.

Дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук берүү – биздин башкы милдет” деп белгиледи өлкө башчысы.  Ошондой эле президент, башка өлкөлөр жасап жаткан, экономикалык өнүгүүгө пайдубал болчу технологияларды коом турмушуна киргизүүдөн биз артта калуудабыз.

Жаӊы жетишкендиктерди өз турмушубузга активдүү киргизүүгө муктажбыз. Ошондуктан өлкөнү санариптештирүүгө өзгөчө көӊүл буруп жатабыз.

Өлкөнүн бардык региондорунда жаңы технологияларды колдонуп, өнүгүү темпибизге жаңы дем берүү керек. Жалпы коомубузду санарипке өткөрүү – бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө, ведомстволор арасында документ жүгүртүүгө жаӊы технологияларды киргизүү — биздин өнүгүүгө чоӊ себепкер болот.

Адам фактору жоюлат, коррупциялык элементтерди жок кылат.

Бүгүнкү күнү «Түндүк» системасына 47 мамлекеттик орган кошулуп, анын ичинен 16 мамлекеттик орган онлайн маалымат менен алмаша башташты, деп белгиледи.

Элдин жашоо турмушун сезилерлик  жакшыртуу – эӊ негизги максатыбыз жана милдетибиз.

Пландарыбызды ишке ашыруу жолдору, аткаруу мөөнөттөрү Улуттук өнүгүү стратегиясында так аныкталды.

Тиешелүү иштер аткарылып жатат, алардын айрымдарын гана атап кетейин.

Билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагына жана экономикага жаӊы технологияларды тереӊ киргизүү көӊүл борборунда турат.

Бардык мектептер интернет жана компьютердик инфраструктура менен камсыздалат.

Мектепке чейинки билим берүү менен камтуу, билим берүүнүн сапатын көтөрүү, эмгек рыногуна шайкеш кесиптик билим берүү милдеттерин ишке ашырабыз, деди Президент.

Экономика тармагындагы аткарылчу иштер тууралуу да айтып өттү.

Технологиялык модернизациялоо өнөр жай потенциалын арттыруу, агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү, текстиль жана тигүү өнөр жайын колдоо, туризмди өнүктүрүү багыттарында ишке ашырылат.

Ишкерлерге бирдей шарт жана адилет атаандаштыкты камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Эл арасында бизнесмендер арасында дагы деле болсо кээ бир мамлекеттик органдарына карата нааразылык бар. Мамлекеттик органдардын бизнеске мамилеси оңолмоюнча элдин бийликке болгон ишеними болбойт.

Ошондуктан мен дагы бир жолу кайталап айтам,  бизнести негизсиз текшерүү жана алардын ишине кийлигишүү токтош керек, — деди Мамлекет башчы.

Мамлекетти өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу, дүйнөлүк аренада татыктуу орунду ээлөө деген максаттарыбызга жетүү үчүн бийлик бутактарынын бир ыргакта иштөөсү зарыл.

Соттук–укуктук реформаны ишке ашыруу сот бийлигинин негизги милдети.

Өкмөт, укук коргоо органдары, прокуратура бул реформаны жигердүү колдошу керек.

Элдин турмушун жакшыртуу милдеттерин аткаруу үчүн Өкмөттүн тынбаган аракети талап кылынат.

Бул иштин баары Жогорку Кеӊештин колдоосу болбосо ийгиликке жетпейт.

Реформалар ошондой эле жалпы коомдун, саясый партиялардын, жарандык коомдун колдоосуна муктаж.

Асыл максаттарыбызга жетүү үчүн коомдун тынчтыгы, элдин биримдиги керек.

Элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык болсун!

Кыргызстаныбызды Жараткан өзү колдосун!”  деп жыйынтыктады сөзүн Мамлекет башчысы.

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 11:12

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина