Экологиялык жактан таза продукцияларга улуттук бренд иштеп чыгылат

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 15, 2018 12:00

Экологиялык жактан таза продукцияларга улуттук бренд иштеп чыгылат

10 Өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн экспортко багытталган ишканаларды колдоо керек. Ошондой эле экологиялык жактан таза продукцияларга “кыргыз эти” “кыргыз сүтү”, “кыргыз алмасы”, “кыргыз балы”, “кыргыз жаңгагы” сыяктуу улуттук бренддерди эл аралык стандарттарга дал келгендей кылып иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу 13-августта, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин 7-жыйынында билдирди.

Анын айтымында, чет жактарда элчиликтер үчүн экспорттун үлүшү, инвестициялардын тартылышы, туристтерди алып келүүсү сыяктуу критерийлерди киргизүү оң натыйжа берет. Ошону менен бирге мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ведомстволор аралык “Түндүк” электрондук системасы толук кандуу ишке киргизилет. Мында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө адамдык факторлор жокко чыгарылып, коррупциялык тобокелдиктер жоюлат.

«Жарандар менен  мамлекеттик кызматчылардын ортосунда коррупцияга жол берүүчү көрүнүштөрдү жокко чыгаруу керек. Жарандарда толук ишеним жараткан башкаруу системасы киргизилиши зарыл. Бул мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү санариптик платформага толук өткөрүү менен иш жүзүнө ашырылат», – деди Абылгазиев.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 15, 2018 12:00

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина