Эки жаш жигит унаа уурдоого шектелип кармалды

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 14:31

Эки жаш жигит унаа уурдоого шектелип кармалды

11 Эки жаш жигит унаа уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан белгилешкендей, 29-июль күнү Октябрь райондук милицияга Б.К. аттуу шаар тургуну кайрылып, 28нен 29-июлга караган түнү болжол менен саат 02:00дө «Кара-Жыгач» тарапта белгисиз бирөөлөр «Фольксваген Гольф-3″ унаасын айдап кеткенин билдирген.

Бул окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 206-берене боюнча каттоого алынган.

Бул ишке шектүү катары 2001-жылы туулган С.Ж. жана Т.С. аттуу балдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 14:31

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина