Эхинококкоз деген эмне жана аны кантип алдын алуу керек?

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 23, 2017 13:57

Эхинококкоз деген эмне жана аны кантип алдын алуу керек?

Эхинококкоз 23  октябрь, Бишкек. Дегельминтизациядан (дарылоодон) кийин иттин жана мышыктын организми мите курттардан активдүү арыла баштайт, мында заң менен кошо көптөгөн жумурткалар түшөт. Алар жер бетинде жана чөптөрдө сойлоп, буюмдарга, чөпкө жана жашылчаларга жабышып, сууларды булгайт.

Ошондуктан төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл.

 

  1. Өздүк гигиена эрежелерин сактагыла (колду самын менен болушунча көбүрөөк жуугула) жана балдардын да бул эрежелерди так сактоосун үзгүлтүксүз талап кылгыла.
  2. Союлган малдын чийки органдарын (өпкө, боор) итке бербегиле. Бул өзүңөрдүн эхинококкоз оорусун иттен жугузуп алуу коркунучун туудурат.
  3. Дегельминтизация (дарылоо) учурунда итти 72 саат байлоодо кармагыла.
  4. Ит же мышыктан чыккан заңдарды чогултуп туруп өрттөгүлө жана терең көмүп таштагыла.

 

Эхинококкоз — коркунучтуу дарт

Эхинококкоз оорусу Кыргызстанда абдан кеңири тараган. Жылына бул оору менен ооругандардын саны 800-1000ге чейин жетип, адамдар хирургиялык жол менен дарыланат. Анын ичинен 20%дан ашыгын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Эхинококкоз оорусу адамдарда жана жаныбарларда да кездешүүчү дарт.

 

Эхинококкоз оорусунун жугуу жолдору

Эхинококкоз оорусу адамга ар кандай гигиеналык эрежелерди бузганда жугат. Оорулуу малды сойгон адам, анын боорундагы жана өпкөсүндөгү бүртүкчө, ыйлаакчаларын оңой эле көрө алат. Көпчүлүк учурда мындай органдарды итке ыргытуу менен аларды тамактандырышат. Бул өтө чоң катачылык. Анткени иттин ичегисинде 3-4 айдан кийин жыныстык жактан жетилген курт пайда болот да,  жумурткалыктары иттин заңы менен кошо тышка чыгат, айлана-чөйрөгө жумурткаларын таркатат. Кайрадан адамдын жана малдын эхинококктун жумурткаларын жугузуп алуу коркунучу келип чыгат. Кээ бир учурларда жетилген муунакчалар иттин аналдык тешикчесинен сойлоп чыгып, анын тери жүндөрүн аралап жүрө берет да, көзгө көрүнбөгөн өтө майда жумурткаларын жүндүн арасына чача баштайт.

Адам баласы итти сылап-сыйпоо менен колуна эхинококктун жумурткаларын жугузуп алышы мүмкүн. Эгерде ошол адам колун самындап жуубай тамакка киришсе, мөмө-жемиштерди жуубай жесе жумурткалыктарды жутуп алышы ыктымал. Ашказан согунун таасири менен жумурткачалардын чел кабыгы эрип, андан онкосфера (личинка) бошонуп чыгат. Ал илгичтеринин жардамы менен ичегини тешип кирет да, кан тамыр аркылуу боорго келип токтолот. Эгерде боордо кармалып калбаса өпкөгө, мээге, жүрөккө жана башка органдарга өтүп, ал жерде ыйлакчага айланат.

Ыйлакчанын ичинде майда түйүлдүк башчалары өөрчүй баштайт. Алгач оорулуу адамда анчалык деле тынчсыздануу байкалбайт. Убакыттын өтүшү менен эхиноккок илдетинин көрүнүшү ыйлаакчасынын чоңдугуна жана анын денедеги жайгашкан жерине жараша болот. Эхинококк ыйлаакчалары боордо топтолсо, боордун жабыркоосунун белгилери байкалат. Оорулуунун ишке болгон жөндөмдүүлүгү басаңдайт, алсыроо, баш оору жана тери безеткилери пайда болот. Эхинококктун ыйлаакчаларынын өпкөдө жайгашышы өпкө ткандарынын, тамырларынын, бронхторунун кысылышына алып келет. Көкүрөктө туруктуу кургак жөтөл, кан түкүрүү, ооруксунуулар пайда болот. Эгерде ыйлаакча жарылып кетсе андагы суюктук, бронхаларды толтуруп муунтуу менен катуу жөтөлдү пайда кылат. Андан соң аллергиялык реакция пайда болуу менен пневмония оорусу күчөшү мүмкүн. Эхинококк ыйлаакчасынын өсүшү оорунун күчөшүнө алып келет жана аны операция жолу менен гана алып таштоого мүмкүн. Дарылоонун башка жолу азырынча жок. Бөйрөктүн, баш мээнин жана башка органдардын эхинококкозу сейрегирээк кездешет жана ушул органдардын иштөөсүнүн бузулушуна алып келет.

 

Малга эхинококкоз оорусу кайдан жугат?

Дүйнө жүзү боюнча чөп жечү жаныбарлардын 60ка жакын түрү орто аралык ээлери катары эсептелинет. Биздин республикабызда эхинококктун адамдан башка дагы орто аралык ээлери болуп көбүнчө койлор, уйлар, жылкылар, эчкилер жана чочколор эсептелинет. Аларда да адамдыкы сыяктуу эле эхинококк ыйлаакчалары көбүнчө боорлорунда жана өпкөлөрүндө кездешет. Бул жаныбарлар митенин жумурткалары жемге, чөпкө, сууга аралашып кеткен маалда жутуп алуу менен жугузуп алышат. Ошол себептен ит, мышыктарды ар бир 3 ай сайын же жылына 4 жолу дарылоодон өткөрүү зарыл.

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 23, 2017 13:57

Парламент

Элдик медицина