Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун кадырман мекендештерим,..

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 29, 2020 02:12

Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун кадырман мекендештерим,..

2 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев

Урматтуу мекендештер,

Сиздерди өлкөбүздүн эң башкы майрамы болгон  – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү  менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү — ар бир кыргызстандын жараны үчүн биримдикти сактаган, ынтымакты бекемдөөнү көздөгөн маанилүү майрам!

Элибиздин эркиндиги, ынтымагы,  саламаттыгы, укуктары жогорку баалуулуктары болуп саналган  көз карандысыз демократиялуу, куттуу өлкөбүздө ар дайым тынчтыктын үнү жаңырып, ар бир үйдө бакыттын нуру жанып турсун!

Ушул майрам аманчылыкты сактаган ачык асмандай болуп,  көп улуттуу элибиз ынтымак-ырашкерликте жашашын каалайм.

 

Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун!

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 29, 2020 02:12

Приемная кампания 2020

Элдик медицина