ЕАЭБ аймагында мигранттарга жеңилдик берилет

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 3, 2015 09:25

ЕАЭБ аймагында мигранттарга жеңилдик берилет

8 3 май, Бишкек. “Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө” келишим күчүнө киргенден кийин Кыргызстан жарандарына ЕАЭБ аймагында бир катар жеңилдиктер берилет”.

 

Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев “Борбор Азиядагы миграция маселелери” аттуу эл аралык конференциянын жүрүшүндө билдирди.

 

Анын маалыматына ылайык, Кыргызстан жарандары эмгек келишимдеринин негизинде патентсиз эле Россия аймагында иштей алышат.

 

Мындан улам 90 күндүк визасыз жүрүү режимини мөөнөтү бүткөндөн кийин Россиядан чыгуунун зарылдыгы жоюлат. Ошондой эле 90 күндүк визасыз жүрүү мөнөтү бүткөндөн кийин Россия аймагынан чыгып кетүү талабы да коюлбайт. “Андан сырткары, кыргыз жарандарынын Россия менен Казакстандын аймагында каттоосуз жүрүү мөөнөтү да кыйла узартылууда”, — дейт ал.

Тышкы иштер министринин орун басары кыргыз жарандары медициналык алгачкы жана тез жардам алуу укуктарына ээ болорун айтты. “Педагогикалык, медициналык, юридикалык, фармацевдик иштерден тышкары учурларда, Кыргызстанда алган билими жөнүндө документтер кошумча жолжоболорсуз эле таанылат. Биздин жарандардын балдары Россия жарандары сыяктуу эле мектепке чейинки жана орто билим берүү мекемелеринде окуу укугуна ээ болот”, — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте “Борбор Азиядагы миграция маселелери” аттуу эл аралык конференция өтүп жатат. Иш-чараны Жогорку Кеңеш менен Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы биргелешип уюштурган.

 

Нурзада Акмат, “Азияпресс”

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 3, 2015 09:25

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина